Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:36

М. ӨМҮРАКУНОВ: МИГРАНТТАР ДАГЫ ӨЗҮНӨ ЭТИЯТ БОЛУШУ КЕРЕК


Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек Москвада дагы бир кыргыз жараны киши колдуу болду. Бул жаатта кыргыз мигранттарынын укугун талашкан “Замандаш” партиясынын жетекчиси Мухтар Өмүракунов “Азаттык” үналгысына жооп берди.

-Мухтар мырза, “Замандаш” ассоциациясы Орусиядагы кыргыз жарандарынын коопсуздугу боюнча кандай аракеттерди көрүп жатат?

- Биринчиден, биз башынан бери укук коргоо иштерине абдан чоң көңүл буруп келгенбиз. Акыркы болуп жаткан окуялардын элдин баардыгына маалым болуп, өкмөттүн киришип жатканы дагы биздин ассоциациянын лидерлеринин иш-аракеттеринин артынан болду. Ошонун кандайдыр бир ишинин жыйынтыгы деп койсом болот. Биринчиден, бул кырсыктардын кыргыздардын арасында көбөйүшү – биздин мигранттардын Орусиянын борборунда абдан көбөйүп жатканынын бир көрсөткүчү. Экинчиден, биз дайыма айтып келебиз, мигранттар кооптуу жерлерде, түнкүсүн караңгыда кеч калып, көп жүрбөшү керек. Өздөрү дагы алдын-ала кам көрүшү керек.

-Айрым байкоочулардын айтымында, кээ бир сырткы күчтөр Орусия менен Кыргызстан ортосундагы абалды оорлотуу амалын көрүшүүдө. Алардын баамында, кыргыз жарандарына кол салуу атайын уюштурулуп жатат. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?

- Бул бир адамдын версиясы. Бул сөздөргө негиз жок. Сырткы күчтөр эгер жаштар аркылуу кыргыз атуулдарына кол салууну уюштуруп жаткан болсо, бул Орусиянын атайын кызматтарынын начар иштегени деп эсептейм. Бирок бизге маалым болгондой, Орусиянын атайын кызматтары жакшы иштейт. Ошон үчүн бул сөздөрдө эч кандай чындык жок.

-Кечээ Москвада чоң дүкөндөрдүн биринде иштеген 50гө жакын кыргызстандык митингке чыкканы маалым болду. Бул окуянын чоо-жайы боюнча маалыматыңыз барбы?

- Бул боюнча маалыматым бар. Кечээ биздин билдирүүбүз сайтка чыгыш керек эле. Буга чейин ошол соода борборунда биздин мигранттар менен супермаркеттин жетекчилигинин ортосунда нааразычылыктар болуп келген. Анда биздин ассоциациясын мүчөсү Гүлайым эже жетекчилик менен сүйлөшүү жүргүзүп, кайра нормалдуу иштеп калышкан. Мунун себеби айлыгынын аздыгынан жана ошол жердеги молдован улутундагы жетекчилердин биздин мигранттарга кемсинтүү менен мамиле кылганы себеп болгон. Азыр эми кайрадан сүйлөшүүлөр жүрөт. Жыйынтыгын билдиребиз.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG