Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:12

ЖАЛГЫЗ КЫРГЫЗСТАН ЖАЛАҢ БАЙЛАРДЫН КУРСАГЫ ҮЧҮН ИШТЕЙБИ?


“Эл куурап атат, бирок Бакиевге Ысык-Көл жээгинен жаңы резиденция керек!” деген тема менен жаңы санын ачкан “Де-факто” гезити, көл жээгинен мөөнөтсүз пайдаланганга 30 гектар жер бөлүнгөнүн, ал жердеги курулушка тендер жарыяланарын, кары-картаңдардын пенсиясына 50 сом кошуп, алдап-соолап аткан кыргыз бийлиги эми президентке жаңы резиденция куруп бергенге шымаланып, Кыргызстан бүгүн жалаң гана атка минерлердин бакубат жашоосу, жеп-ичкен курсагы үчүн иштеп калганын, ушу тапта спикер Адахан Мадумаров да кабинетин, кабылдамасын евроремонт жасатканын, экономика министри Акылбек Жапаров 2600 чиновниктин болгону 32 машинасын кыскартканын бүтүндөй элге жар салганын белгилеп, көлгө курула турган резиденция тууралуу айрым жарандардан ой- пикир сураган.

Азимбек Бекназаров, резиденция куруш азыр Бакиевге ерунда, Көлдөгү “Солнечный” деген пансионаты эле эмне деген жерди ээлеп турат. Аябай байлыгы ашып-ташып, анысын батыралбай жаңы резиденция курайын деп атса керек десе, Топчубек Тургуналиев, президентке резиденция керектир, бирок эл эбегейсиз кыйналып, баа кымбаттап, өлкө алдыга жылбай жатканда бул ашыкча нерсе деген пикирин айтат. Төлөйкан Исмаилова, бул маселе коомдук пикирди эске алуу менен чечилсе болмок десе, Мукар Чолпонбаев, Айылчы Сарыбаев, Кеңешбек Дүйшөбаев, мурдагы мамлекеттик резиденция тургандан кийин, өлкөнүн абалын, элдин абалын эске алып, казынаны ойлонбой жасалчу иштерге чача бербеш керек болучу, “казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса” болуп жатат деп жооп беришти.

Ушул эле гезит өткөн 2007-жылдын 21инен 22-мартка караган таңкы саат 4төрдө, Бишкектин Жибек жолу көчөсүнүн № 100 үйүнүн жанынан Акбар Молдокулов аттуу жигит бир эле эмес, үч машинанын тебелендисинде калганын, ал дароо көз жумганын, сүзгөн машина Жаныш Бакиевдин баласы Салиев Асылбек Жанышбековичке таандык экендигин, маркумдун бир жашар баласы жетим, кош бойлуу жубайы жесир калганын “Жаныш Бакиевдин баласы жоопко тартылабы?” деген теманын алдындагы макаласында жазып чыкты.

Ошондой эле гезиттин жаңы санынан Атамбаевдин Түркияга элчи болуп кеткени жатканын, депутат Алишер Мамасалиевдин “Мадумаров менин оозумду жаба албайт”, Рахат Ачылованын “Саясый интеллигенция коррупцияга, паракордукка былгып калды”, доктор Кубанычбек Апастын “ 15 миллион долларым болсо Бакиевди кулатат элем” деген интервьюларын жана башка баяндамаларды окуса болот.

“Общественный рейтинг” гезити айрым атуулдарга “Мен ишенбейм!” акциясынын катышуучулары мөөнөтсүз шайланган парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы кол топтоону улантууда. Мына ушул сыяктуу акциялар ийгилигин берет деп ойлойсузбу?” деп кайрылганда окутуучу Виктория Шураева, ар бир мамлекет өзү тандап алган жол менен кетет, жасалып аткан акция коомдун биримдигине, туруктуулугуна доо кетирбей турган болушу зарыл, деги эле ар кандай иш-чараларды өткөрүүдөн мурда анын залакасы барбы же жокпу деп ойлонуу керек десе, саясат иликтөө боюнча доктор Кадыр Маликов, бийлик азыр болгон күчү менен бардык тарабын чыңдоогө өттү, демек аталган акция бийликке эч кандай таасир эте албайт, бардык бийлик, бардык жоопкерчилик бир гана адамдын колуна топтолду, ошондуктан бүгүн Кыргызстан авторитардык мамлекетке айланып кетеби деген коркунуч бар, кокус мындан ары карай да тең салмактуулук бузула берсе гитлердик Германия менен Аргентинага айланып калышыбыз ыктымал. Ошондо коом өзүнчө, мамлект өзүнчө жашап калат. Бийликтегилер душман катары сезилип калат деп айтты. Ал эми чекист Алик Орозов, эл бүгүн эчкимге, эч нерсеге ишенбейт, бирок “Мен ишенбейм!” деп көкүрөгүнө плакат илип жүргөндөрдү көргөнүмдө өз нааразылыктарын ачык билдирген адамдар бар экенине сыймыктанам. Коомчулук мындай жашоого болбой турганыдыгын, өзгөрүү зарылдыгын түшүнөт. Президент 2008-жыл кыргыз элинин тарыхындагы бурулуш жыл болорун кайрылуусунда айтты, анын канчалык олуял экендигин көрө жатабыз, деп жооп берди.

“Апта” гезити жаңы келген депутаттар өзүлөрүнө курал алып жүрсө болобу же болбойбу деген мыйзамды талкуулай башташканын, кокус ар бири бирден мылтыкка ээ болсо, ошондо эл коргойбуз деген депутаттардын жанына эр болсоң жолоп көр деп, катуу сууктан Аламүдүн сайы тоздоп, Арашан айлындагы 20дай дачаны суу каптап, тоңуп музга айланып калганын, Баткендин Самаркандек айыл өкмөтү менен Тажикстандын Сурх жамааты чектешкен Акбел аймагында жер талаш чатагы токтобой жатканын, Бишкектин 1-Май райсотунда экс-депутат-ишкер Жыргалбек Сурабалдиевди атып өлтүргөн деген шек менен камалган Эркин Мамбеталиевдин иши каралып жатканын, бул жигит мурдагы премьер-министр А.Атамбаев менен экс-президент А.Акаевдин жан сакчысы болуп иштегендигин, башынан шор арылбаган Мамбеталиевге убагында полковник Чыныбек Алиевди өлтүргөн деген айып тагылып, бирок далилденбей калганын маалымдады.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG