Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:00

ЭКИНЧИ РЫСПАЙ


Азыркы угуучулардын арасына “экинчи Рыспай” деген атка конгон жаш ырчы-аткаруучу, обончу, Республиканын эмгек сиңирген артисти Рыспай Абдыкадыров атындагы сыйлыктын ээси Таалай Иманкулов менен кабарчыбыз Балбай Алагушов баардашкан.

Ыр бар жерде турмуш да, өмүр да, шаттык да, кайгы да, капа да бар. Аларсыз жашоонун өзү да кызыксыз. Кандан, жандан жаралып, миллиондогон жүрөктөрдөн орун тапкан ырларды угуп отуруу кандай рахат! Кандай жыргал! Кандай кубаныч!

Ичимде күйгөн жалын бар,
Издесем түгөл табылар.
А бирок көлгө конбосоң,
Ак куулар сени сагынар.

Тагдырга ар ким кезигет,
Таасири күчтүү сезилет,
Кечикпей ушул турмушта,
Жолуксам деймин тезирээк.

Турмуштун ар кыл даамы бар,
Тузу бар, ширин балы бар.
Айланып көлгө конбосоң,
Ак куулар сени сагынар.

Алманын гүлдүү шагы бар,
Ай тийген түндүн таңы бар,
Акыры көлгө конбосоң,
Ак куулар сени сагынар.

Бул ыр таанымал обончу-ырчы маркум Рыспай Абдыкадыровдун эл акыны Эрнис Турсуновдун сөзүнө чыгарган “Ак куулар сени сагынар” аттуу ыры.

Дүйнөдөгү өлбөс, өчпөс махабаттын жарчысы аталган Рыспай басса-турса да “Жаз өмүрдүн башталышы, күз өмүрдүн аягы. Ар бир жалбырак куурап түшкөн сайын көрөр күнү, ичер суусу бүткөн адамды элестет. Менин обондорум элге жетти бекен? Мен өлгөндөн кийин ырымды ырдай тургандар табылабы?” – деп, тели-теңтуштарынын арасында угармандар менен болгон жолугушууларда көп айтар эле. Мына, Рыспайдын арабыздан түбөлүктүү келбес жайга сапар алганына он төртүнчү жылга аяк басты. Ал эми анын ырлары болсо күндөн-күнгө, жылдан-жылга таланттуу жаштар, аттуу-башттуу шайырлар тарабынан жаңы аваздык көркөм боектордо, жаңы аваздык ыкмаларда ырдалып келүүдө. Ал турсун Рыспайдын кудум өзүндөй аваздык түстө, үндө, ыкмада ырдаган, аткарган жаш ырчылар да чыгууда. Ошондой жаш таланттын бири акталаалык Таалай Иманкулов. Абдыкадыровду тирүү кезинде бир да жолу көрбөгөн. Таалай болгону көрүнүктүү обончу-ырчыны көгүлтүр экрандан ырдагандарын көрүп, анын аткаруусундагы чыгармаларын радиодон уккан. Рыспайдын ырларын ушунчалык сүйүп, ушунчалык куштарланып эмне үчүн ырдап жүргөнүн Таалай өзү мындайча түшүндүрдү:

- Мен Рыспай агайымды тирүү кезинде көргөн жокмун. Мен Акталаанын Куртка айылында чоңойдум. Бир күнү Рыспай агайдын ырдаганын телевизордон көрдүм. Мага ырдаганы, аткаруучулук манерасы, үнү, аккордионду тартканы аябай жагып калды. Ушул агайдай ырчы болсом деп алдыма максат койдум. Ырас, мектепте ырдап жүрчүмүн. Атам болсо анча-мынча аккордиондо ойноочу. Атам айылдан эки аккордион таап келип ырдата баштады. Өзүмдүн Рыспай агайдын ырларына болгон кызыгуумдун аркасында аккордионду бат эле үйрөнүп кеттим. Үйрөнгөндөн кийин Рыспай агайдын ырларынын тасмасын таап алып, магнитофонго коюп алып кошо жарыша ырдап берүүчүмүн. Аккордионду кандай тартса, кандай аваздык чеберчиликте ырдаса ошондой ырдоого аракеттендим. Алгач Рыспай акенин ырларын өзүм окуган мектепте ырдап чыктым. Эл абдан жакшы кабыл алышты. Өзүм да угуучулар кабыл алышкандан кийин ырдаса болот турбайбы деп райондун айылдарында ырдай баштадым. Онунчу классты бүтөөрүм менен Кыргыз Улуттук филармониясынын эки жылдык студиясына тапшырдым. Аны ийгиликтүү бүтүрдүм. Азыр болсо эл артисти Тууганбай Абдиев жетектеген филармониянын “Эл ырчысы Эстебес” тобунда иштеп жатам. Рыспай акем жөнүндө айтсам анын ырлары мага өтө жакын. Айрыкча обондорунун мазмундуулугу, сөздөрүнүн көркөмдүүлүгү, маанилүүлүгү, аткаруучулук чеберчилиги өзгөчө жагат. Бир мисал, Рыспай ырдап жатканда чоң атам: - “Ий, сыздаган байкушум ай” деп өткөрө сүйүү, өзгөчө кумарлануу менен угуучу. Рыспай агайдын бардык ырлары жакшы. Ошолордун ичинен өзгөчө мен жакшы көргөн “Ак кайың” аттуу ыры. Обону Р.Абдыкадыровдуку. Сөзү Сооронбай Жусуевдики.

АК КАЙЫҢ

Көрүнүп көзгө дапдайын,
Көчөдө жалгыз ак кайың.
Жалдырап турат сумсайып
Кар басып бутак шактарын.

Ал элестейт жайдын кечтерин
Атырды гүлдөр сепкенин,
Кыз-жигит келип түбүнө
Кыналып турган кездерин.

Көңүлгө көңүл кезигип
Көңүлдөн көңүл эзилип,
Какканы эки жүрөктүн
Кайыңга турчу сезилип.

Ак карлуу карды жамынып,
Аяздан күчөп камыгып,
Жалдырап турат ак кайың,
Жаз менен жайды сагынып.

Абдыкадыров өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин баш-аягы ар кыл темадагы, түрдүү мазмуундагы, түркүн түстөгү обондук ыргактарга бай 133 ар кандай тагдырды баяндаган обондорду чыгарыптыр. Алардын ар бирин Рыспай кыргыз эли менен түбөлүккө жашагандай устаттыкта аткарып кетсе, Таалай да дал ошондой чеберчиликте ырдоого умтулуп, аракеттенип жатканы өзгөчө кубанычтуу.

ЖОЛУГУПСУЗ МАГА БЕКЕР СИЗ
Сөзү Нурпаис Жаркынбаевдики, обону Р.Абдыкадыровдуку.

Жолугупсуз мага бекер сиз,
Не болду деп чочуп кетерсиз
Бир кездеги ынак жарымдын,
Жай сурашсам, жай сурашсам,
курбусу экенсиз.

Ал жөнүндө кабар бербечи
Анын башка жүрөк теңдеши,
Ал убактар, алтын мүнөттөр,
Мага маалим, мага маалим,
кайра келбеси.

От жакпачы айтып сезимге,
Ансыз деле бары эсимде,
Адресиң кайдан билгиздиң,
Дайын таппай, дайын таппай,
жүргөн кезимде.

Бүтүндөй күлгүндөй өмүрүн, жалындаган жаштык чыгармачылыгын Абдыкадыровдун ырларын ырдоого арнаган Таалай Кыргыз Улуттук филармониясынын алдындагы эки жылдык музыкалык студияны бүтөрү менен филармониянын “Эл ырчысы Эстебес” тобунда иштөөгө калтырылат. Топтун жетекчиси, эл артисти, төкмө акын Тууганбай Абдиев жаш ырчы Таалай жөнүндө мындай дейт:

- Таалай эки жылдан бери мен жетектеген топто иштеп атат. Ал кичинекей кезинен Рыспай деп жашап, Рыспай деп жүрөт экен. Басса-турса да Рыспайдын обондуу ырларынын жыйнагын колунан түшүрбөйт. Менимче азыркы жаштардын Рыспайдай чоң таланттын шыгына таазим этиши, ырларын ырдашы абдан жакшы. Таалай Рыспайдын ырларын өзүндөй аткарсам деп аябай аракет кылат. Келечеги бар жакшы бала. Азыр Кыргыз Улуттук университетинде сырттан окуп жүрөт.

Ооба, “аракет кылсаң берекет” дегендей Таалайдын Р.Абдыкадыровдун ырларын талбай аракеттене ырдап, угуучулардын арасында “экинчи Рыспай” деген атка конуп, кеп боло башташы жаш ырчы үчүн чоң сыймык.
XS
SM
MD
LG