Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:48

ПРЕМЬЕР-МИНИСТР БАДАВИ: ИСЛАМ АДАМДАРДЫ БИЛИМГЕ ЧАКЫРАТ


Амирбек Усманов, Прага Малайзиянын премьер- министри Абдулла Ахмад Бадавинин баамында, батыш цивилизациясына кирбеген өлкөлөрдүн кайталангыс тарыхы, сал- санаасы жана дини бар. Ошон үчүн алар көпчүлүк учурда Батыштыкынан такыр бөлөк идеяны жана баалуулуктарды сунуш кылат. Мусулмандардын динге болгон мамилеси- мына ушундай уникалдуу мүнөзгө ээ, дейт Бадави мырза “The Financial Times” гезитине чыккан макаласында.

Абдулла Ахмад Бадавинин “The Financial Times” гезити баскан макалада жазышынча, адамдардын исламга тартылуусунун бир жүйөөсү- алар ислам аркылуу дүйнөнү каптап, маданияттар, салт, үрп-адаттар ортосундагы айрымачылыкты жууп бараткан глобализациядан коргонууну каалашат. Мусулмандар үчүн дин эч качан Батыш дүйнөсүндөгүдөй ар бир инсандын купуя иши болгон эмес. Анткени, Мухаммед пайгамбар өзүнө чейинки башка пайгамбарлардан айрымаланып, мамлекет курган жана исламдын негиздерине таянып, мамлекет башкарган. Бул, талиптер Ооганстанда кургандай мамлекетти куруу, экономиканы чануу эмес. Исламды жана мусулман дүйнөсүн зобун- зордук, уруш- согуш, жакырчылык, сабатсыздык, адилетсиздик, ошондой эле бөтөн көзкарашка жана башка диндерге жеккөрүүчүлүк менен мамиле кылуу деп билүү да жаңылыштык, дейт Бадави мырза.

Орто кылымдарда мусулман дүйнөсүндө илим менен маданият өтө мыкты өнүккөн. Ал- Хорезми, ибн Сино, Руми дагы нечендеген улуу ысымдар алгебра, медицина, астрономия, адабият жана башка илимдерде өчпөс из калтырган. Мусулман дүйнөсүндө, Бадави баамдагандай, Куран буйруган илим кадырын жоготкондо, коом да арттка кеткен. Себеби, айрым диниятчылар салт- адатты илимден жогору коюп, исламды жаңы идеяларды жана изденүүнү муунтуу үчүн өтө “кууш мааниде” чечмелеп-тафсирлешкен.

Ислам илимге өзгөчө маани бергенин, Кыргызстан мусулмандарынын мурдакы муфтийи Кимсанбай ажы Абдрахманов да “Азаттыкка” берген маегинде айтып өттү:

-Кураны керимде Алла таала өзү: Илим- бул жарыктык, илимсиздик- бул караңгы түн деп айтат да артынан эле: Илимсиз адам менен илимдүү адам тең болбойт, деп кошумчалайт. Муну менен Алла таала адамдарды илим алууга аракет кыл деп милдеттендирет. Куран өзү да билимге чакырат. Илимдүү болуу керек дегенде- мусулман бир динди эмес, алам баласынын жашоосуна керек болгон бардык илимдерди билиши абзел жана ага умтулуусу шарт.

Кимсанбай ажы Мухаммед алейсалам билим алууга эркек-аялды тегиз чакырганын да кошумчалады:

-Мухаммед пайгамбардын Хадисинде мусулман деп, жалпы мусулманды айтат. Демек, пайгамбар билим алууга бардык аял-эркекти чакырат.

Экономикадагы ийгиликтери үчүн Азиянын жолборсу атыккан Малайзиянын премьер- министри Бадави өз макаласында мусулмандар жумуш да Аллага табынуунун бир жолу экенин, ошондой эле Ислам адамдарды кажыбаган эмгекке үндөгөнүн көбүн эсе унутта калтырышканына да көңүл бурат. Бул жагынан алганда, ислам өлкөлөрү илим- билимге умтулушу, элдин жарымын түзгөн аялдардын билим алуу жана иштөө укугунан ажыратапаш керек. Анткени, билимсиз, дүйнөгө жабык эл өнүкпөйт, алдыңкы илимий- техникалык жетишкендиктерди пайдалана албайт, деп тыянак чыгарат Абдулла Ахмад Бадави.
XS
SM
MD
LG