Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:05

ГУАМ- ПОСТСОВЕТТИК МЕЙКИНДИКТЕ РОССИЯДАН ЭРКИН БОЛГУСУ КЕЛЕТ


Бир нече өлкөнүн башын кошкон регионалдык уюмдар постсоветтик мейкиндикте кеңири жайылган көрүнүш. Алардын бири- ГУАМ демократия жана экономикалык уюмуна мүчө төрт өлкөнүн лидерлери 10- октябрда Бакуда кезектеги жыйынга чогулду. Курамына Грузия, Украина, Азербайжан жана Молдова кирген бул уюм регионду Россиянын саясый жана экономикалык таасиринен эркин кылып, өз үстөмдүгүн орнотууга дилгир.

СССР кыйрагандан көп узабай Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештиги-КМШ түзүлсө, кийинчерээк Жамааттык коопсуздук келишими, Шанхай кызматташуу уюму, Евразия экономикалык кеңешмеси, ГУАМ пайда болду. Тбилисилик серепчи Александр Рондели регионалдык уюмдары максатына карай эки жаатка бөлөт:

-Айрым өлкөлөр Россиянын коркунучуна жана экономикалык кысымына каршы коргонууну көздөйт. Россия же Россияга жакын альянстар Россиянын жетегиндеги постимпериялык мейкиндикти калыбына келтирүү үчүн түзүлгөн.

Рондели айткан модель боюнча ГУАМ биринчи топко кирет. Грузия, Украина, Азербайжан жана Молдованын лидерлери ГУАМ эч бир мамлекеттке каршы багытталбаганын айтышканы менен, алар тышкы саясатта Батышка көбүрөөк ыкташат. ГУАМ соңку кезде Украинаны Польша менен туташтырган боро курууну мерчемдөөдө. Боро курулса, Азербайжан мунайды Россияны кыйгап өтүп, Европага түз сатып калат. Уюмда көп улуттуу тынчтык колун түзүү да планы бар. Бул кол Приднестровьедеги, Түштүк Осетия менен Абхазиядагы Россиянын тынчтык батальонун алмаштырыш керек. Аталган аймактарды азыр москвачыл жикчилер бийлейт.

Россиялык аткаминерлер ГУАМды Москванын региондогу таасирин чектөөнү каалаган АКШ менен Батыш өлкөлөрүнүн колундагы куурчак катары санашат.

- Геосаясый жактан алганда, бирикменин Россияга каршы багытталганы анык. Айрым өлкөлөр ашыкча амбицияга же ички проблемаларга жана ар кандай себептерге байланыштуу Россия менен башка өлкөлөр сыяктуу иштөөнү каалабайт. Батышка бул уюм Россиянын таасирин чектөө жана кубатына толуусуна жол бербөө үчүн керек,-дейт Москвадагы КМШ институтунун директору, Мамдуманын мүчөсү Константин Затулин.

Россия соңку бир жылда карызга шылтап, Украина, Грузия, Молдовага газ бербей, кысмакка да алды. Андан кийин сапатсыз деп, грузин жана молдован шарабын Россияга киргизбей койду. Удаа эле грузиялык эмгек мигранттарын Россиядан жапырт айдап чыкты. Ушундан улам үч өлкө КМШны таштап кетебиз деп коркуткан. Муну кээ бир талдоочулар КМШнын ыдырай баштаганын белгиси катары баалашты. Андай пикирге германиялык серепчи Александр Рар кошулбайт:

- Бир нерсе өзгөрдү. 1990- жылдардын башында постсоветтик өлкөлөр жарды болгондуктан, Батыштын же Азиянын капиталына көзкаранды болду. Бүгүн жагдай такыр башка. Бул өлкөлөрдө экономика болуп көрбөгөндөй өстү. Ошон үчүн алардын ар бири өз кызыкчылыгын көздөп, келечегин өз алдынча курууга аракет кылууда.

Александр Рар- Германиянын тышкы байланыштар кеңешинин КМШ боюнча талдоочусу.

XS
SM
MD
LG