Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:11

АКШда УЛУТТУК КООПСУЗДУК БОЮНЧА ЖАҢЫ ОТЧЕТ ЖАРЫЯЛАНДЫ


Нарын АЙЫП, Прага АКШ өкмөтү коопсуздук боюнча кезектеги отчет жарыялап, "ал-Каида" сыяктуу террордук уюмдар толук талкаланып бүтө элек жана алар кеңири кыруучу куралга да ээ болууга умтулуп жатат деп билдирди. Вашингтондун айтымында, андай террордук коркунучка каршы бүткүл калк кеңири аракет көрүүгө тийиш.

"Ички коопсуздук боюнча улуттук стратегия" деп аталган жана 53 барактан турган отчетту АКШнын Ички коопсуздук министрлиги 9-октябрда чыгарды. Отчетту коштоп жазган катында президент Жорж Буш - Америка калкын коргоо максатында ички коопсуздук үчүн бүткүл эл жооптуу болуш керек деп билдирет.

2001-жылдын сентябрында болгон ири террордук аракеттерден кийин АКШ өкмөтү ички коопсуздук боюнча биринчи улуттук стратегияны 2002-жылдын июлунда чыгарган жана андан кийин 2006-жылдын мартында аны жаңыртып, ошол эле 2006-жылдын сентябрында "Терроризмге каршы күрөшүүнүн улуттук стратегиясын" жарыялаган.

Жаңы отчетто - Усама бин Ладен жетектеген "ал-Каида" сыяктуу террордук уюмдар АКШга каршы жаңы террордук чабуулдарды дагы эле даярдап жатат жана андай максат менен кеңири кыруучу куралга ээ болуу аракеттерин улантууда деп айтылат. Ал ишинде "ал-Каида" - Ирак сыяктуу ар башка мамлекеттерде пайда болгон өзүнүн уюмдарына таянууда, бирок АКШнын өзүндө да андай уюмдарды түзүүгө умтулушу мүмкүн.

Ошондуктан АКШнын ичиндеги антитеррордук чаралар дагы кеңейтилип-күчөтүлүүгө тийиш, анткени андай террордук уюмдарга АКШ жарандары дагы кошулуп кетиши мүмкүн. Андай террорчуларды аныктап-табуу иштерине болсо катардагы жарандар дагы тартылып, өз салымын кошкону жакшы.

Вашингтон шаарындагы Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун эксперти Жон Вулфсталдын айтымында, өз алдынча өзөктүк изилдөө жүргүзүүгө "ал-Каида" сыяктуу уюмдардын мүмкүнчүлүгү жок, бирок алар өзөктүк заттарга тымызын ээ болууга аракет көрүшү мүмкүн:

"Бизди тынчсыздандырган нерсе - 'ал-Каида' сыяктуу уюмдар кайсы бир бузуку мамлекеттик спонсорлор же башка бир тымызын булактар аркылуу өзөктүк курал же аны жасоого жетиштүү өзөктүк зат, мисал үчүн, байытылган уран же плутонийге жетиши ыктымал", - дейт Вулфстал.

Андан тышкары, андай террорчулар өзөктүк эмес, башка кеңири кыруучу курал, мисал үчүн, химиялык, биологиялык же ири өлчөмдөгү башка уулуу заттарга ээ болууга аракеттенүүдө. Мисал үчүн, жакында Иранда хлор жүктөлүп бараткан цистерна жарылгандан көптөгөн адам курман болду. Андай аракеттердин негизги максаты адамдардын өлүмү деле эмес, негизги максат - эл арасында коркуу маанайын жааратып, тартипти жок кылуу дейт Вулфстал.

Мындай террордун алдын алуу үчүн эң биринчи кезекте өзөктүк жана башка уулуу заттар катуу көзөмөлдө болуш керек: "Ар бир жок кылынган террорчунун ордуна жаңы бирөө келет. Ошондуктан өзөктүк заттар сакталган жайларды коопсуз кылуу зарыл, алардын террордук уюмдардын колуна тийүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарыш керек", - дейт Вулфстал.

Жалпысынан алганда, пмерикалык эксперттердин пикиринде, президент Буштун өкмөтү чыгарган коопсуздук боюнча жаңы отчет туура багытта жасалган иш.

XS
SM
MD
LG