Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:52

КЫРГЫЗСТАНДЫК ЖУРНАЛИСТ ШВЕЙЦАРИЯГА КАЧУУГА МАЖБУР БОЛДУ


Жаннат Токтосунова, Бишкек 1-октябрда Улуттук телерадиокорпорациянын журналисти Кайрат Биримкулов журналисттик ишмердүүлүгүнөн улам өмүрүнө коркунуч туулуп жаткандыктан, үйбүлөсү менен Швейцарияга кетүүгө мажбур болду. Ушул жылдын март айында куугунтуктоолордон улам журналист Турат Бектенов да өлкөдөн чыгып кеткен. Мындан сырткары журналисттер ур-токмокко алынып, сот жообуна тартылган учурлар көбөйүүдө. Серепчилердин баамында мындай көрүнүштөр улана берсе, Кыргызстанда көз карандысыз журналистиканын келечеги күмөн.

Кайрат Биримкулов Улуттук телеканалда “Коом жана мыйзам” берүүсүнүн алкагында бир катар мамлекеттик мекемелердеги коррупциялык иш-аракеттерди ачыкка чыгарган. Үстүбүздөгү жылдын баш ченинде “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик компаниясындагы абалды иликтеген журналист 26-январда “Кыргыз Транс Контроль” жана жүк ташуучулар ассоциациясы менен бирге маалымат жыйын өткөрүп, ишкананын жетекчиси Нариман Түлеев жең ичинен бизнес жүргүзүп, Кыргызстан үчүн пайдасыз долбоолорду ишке ашырууда деп жар салган. 16-мартта Кайрат Биримкуловго белгисиз экөө кол салып, журналист оор абалда Чүй облусттук ооруканасына жеткирилген. Бул боюнча областтык ички иштер башкармалыгында кылмыш иши козголгон. Журналист мурда да белгисиз бирөөлөр аны коркутуп-үркүткөнүн, кол салууга “Кыргыз темир жол” ишканасындагы абалды иликтегени себеп болгонун маалымдаган. Жай айларында бул боюнча сот иши жүрүп, бирок андан эч тыянак чыккан эмес. Тескерисинче “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы жана анын башчысы журналистке каршы доомат коюп, соттун чечими менен Кайрат Биримкулов ишканага 20 миң сомдук айып төлөгөн.
Мамлекеттик мекемелер ар тараптан колдоо көрсөткөн улуттук телеканалдын журналисти жабыркап жаткандан кийин, жеке телеканалдар же басылмалардын журналисттери үчүн олуттуу эмес жөнөкөй эле иликтөөлөрдү жүргүзүү кооптуу дейт Улуттук телерадиокорпорациянын вице-президенти Бейшенбек Бекешов. Анткен менен анын баамында бул бирин-экин гана учурлар, жалпысынан Кыргызстанда басылмалар жана телеканалдар эркин:

- Маселен, өткөн жылы ноябрь айындагы окуяларда НТС телеканалы айрым адамдарга жалаа жапкан, ушактаган толгон-токой нерселерди көрүүчүлөргө таратты. Аларды бирөө жоопко тарттыбы? Ал тургай эскертүү да берилген жок.

“Фридом Хаус” укук коргоо уюмунун башчысы Улугбек Бабакуловдун айтымында, жыл башынан бери 9 журналист сабалган. Бул боюнча кылмыш иштер аягына чейин иликтенип, сот иши козголмок тургай, тескерисинче журналист жана укук коргоочулардын өзүлөрү сот жообуна тартылып жатат:

- Жалалабадда “Акыйкат” деген укук коргоо уюму бар. Алар милициянын убактылуу кармоочу жайларында кыйноолор болуп жатканын, ал тургай боюнда бар аялдар ур-токмокко алынганы тууралуу маалымат бергени үчүн алардын өзүлөрүнүн үстүнөн кылмыш иши козголуп жатпайбы, жалган доомат келтирген деп.

Мурдагы бийлик президент Акаев баш болуп сот аркылуу журналисттерди жоопкерчиликке тартып, мыйзам аркылуу соз эркинидигин тыйууга аракет кылса, азыркы бийликтин усулдары башка дейт Улугбек Бабакулов:

- Акүйдөгүлөр өзүлөрүн эч нерсе билбегендей кылып көрсөтүшөт. Бирок басым областтык жана райондук деңгээлден көрсөтүлүп жатат. Алар сотко беришет, бирок билим аздыгынан мыйзамдык негизде укук коргоочулар менен тартыша алышпайт. Ошондуктан алар журналисттерге кол салууга барышат.

Улугбек Бабакуловдун айтымында, Акаев доорунда оппозициячыл деп эсептелген журналисттер куугунтукталса, учурда ал кезде өкмөтчүл деп эсептелген журналисттерге кысым күчөдү. Ушундан улам мурда “Пирамида” телеканалдында иштеген Турат Бектенов да өлкөдөн чыгып кеткен:

- “Пирамида” телеканалдында жакшы эле акыркы күнгө чейин иштедим. Бир күнү жетекчи чакырып калды. Кабинетине кирсем президент Курманбек Бакиевдин сүрөтүн илип алыптыр. Ал: “Президент азыр биздин кожоюн. Бул киши менден сенин кетишиңди талап кылып жатат. Мен сага жамандык кылбайт элем, бирок бул киши талап кылып жаткандан кийин мен аткарышым керек. Сен телеканалдан кетишиң керек”,-деди. Мага кетүүгө туура келди. Саясий көз карашым жана позицияма дал келген бир дагы телекомпания калбай калгандыктан, Кыргызстандан кетүүгө мажбур болдум.

Айрым серепчилердин баамында, муну менен журналисттерге кысым көрсөтүү токтоп калбайт. Алдыда жалпы улуттук референдум жана башка чоң саясий окуялар күтүлүүдө. “Медиа өкүл” институтунун башчысы Илим Карыпбековдун айтымында, ал учурда журналисттерге ар түрдүү, анын ичинде мыйзамга каршы аракеттер көрүлүшү мүмкүн:

- Референдумда дагы журналисттерге сөзсүз түрдө басым көрсөтүлөт. Ал тургай бийлик жөн гана административдик ресурсту колдонуу же болбосо телефондук укук пайдалануу менен токтоп калбастан, кол тийгизип, коркутуп-үркүтүүлөргө барышы мүмкүн.
XS
SM
MD
LG