Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:46

MADE IN CHINA ЖЕ "САК БОЛ-САПАТСЫЗ!"


Кытай экономикасынын дүркүрөп өнүгүүсү менен башкаруу системасынын экономиканы тескөөгө алы келе албай баратат. Саясий бийлик кылуу негизги приоритети болгон Кытай компартиясы индустриалдык мамлекетте зарыл болуучу көптөгөн көзөмөлдөө институттарын түзүүгө жана башкарууга жетише албай жатат.

Кытай экономикасынын дүркүрөп-өсүшү менен өлкөдө чыгарылган товарлардын зыяндуулугу жөнүндөгү тынчсыздануулар күч алып баратат. Кытайда чыгарылган продукциянын ден соолук үчүн зыяндуу болгонуна байланыштуу бир катар мамлекеттерде наркы миллиондогон доллар менен өлчөнгөн товарлар сатыктан алынып таштап, өндүрүүчүлөргө кайтарылды. Ойунчуктардан баштап кийимдерге чейинки кеңири ассортименттеги товарлар өндүрүш жана дизайн каталары, бойоктор менен айрым бөлүктөрдүн ден соолук үчүн зыяндуулугуна байланыштуу "пайдаланууга жараксыз" деп табылды. Өлкөнүн абройуна шек келтирген мындай көрүнүштүн төркүнүн өлкө өндүрүш проблемаларын аврал менен чечип көнгөндүгү, экологиялык жана керектөөчүлөрдүн кызыкчылыгын коргоочу мекемелердин калыптанбаганы, бир партиялуу система буга жол бербегендиги менен түшүндүрсө болот. Британиянын Оксфорд университетинин адиси Рина Миттер Кытайдын мамлекетик көзөмөл органдары ишканалар үчүн өндүрүш стандарттарын иштеп чыгууга аракеттенип жатканын бирок ал стандарттарды провинциядагы ишканадарда киргизүү машакатуу иш экенин белгилейт:

-Кытайда товарлардын сапаттык стандарттарын иштеп чыгуучу органдар бар, бирок ошол стандарттарды төмөнкү баскычтагы ишканага жеткирүү кыйын болууда. Анткени бюрократия ал эрежелерди киргизүү зарыл деп сезбейт же ан үчүн каражат таппайт ,- дейт Миттер.

Өнөр жайы өнүккөн өлкөлөрдө начар продукция чыгарган компаниялар бу жөнүндө керектөөчүлөр кабардар болуп, продукциясы өтпөй калганда эле кыйрап калат. Ал эми керектөөчүлөрдүн саламаттыгына коркунуч жаралган учурда ишканалардын өздөрү коопсуздук стандарттарын иштеп чыгат же болбосо өкмөт бул ишке өзү кийлигишет.

Кытайда болсо ички рынокту жөнгө сала турган коомдук механизмдер өнүгө элек, товарлардын ортоңку класс сыяктуу таасирдүү керектөөчүсү да ойдогудай калыптана элек. Экспортко багытталган өндүрүштө болсо эл аралык дистрибютерлер менен керектөөчүлөр өздөрү коңгуроо какмайынча компаниялар камаарабайт.

Кытайда чыгарылган товарлардын сапатынын начарлашына коррупциянын гүлдөп- өсүшү да кошул-ташыл болуп жатат.

-Пара жеген жергиликтүү чиновниктер өндүрүш лицензияларын сапатка ылайык келбеген товарларды чыгарууга деле бере берет-, дейт британиялык эксперт Миттер.

Өткөн жайда Кытайда компаниялардан 850 миллион доллар пара алып, стандартка төп келбеген дарыларды чыгарууга урусаат берген ири мамлекеттик чиновник өлүм жазасына кесилди. Маалыматтар боюнча, жасалма дарыларды жеген кишилердин 10 чактысы каза болгон.

Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG