Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:32

КРЫМ ТАТАРЛАРЫН РЕАБИЛИТАЦИЯЛОО БАШТАЛГАНЫНА 40 ЖЫЛ БОЛДУ


Төрөкул Дооров, Прага 1967-жылдын 5-сентябрында Совет бийлиги Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда айтылуу “натуура иштери” үчүн аймактан кетирилген Крым татарларын актаган чечим чыгарат. Иосиф Сталин тарабынан Крымдан куулган миңдеген татарлар аталган буйруктун негизинде кайра аймакка кайтууга укук алышты. Ошентсе да, арадан 40 жыл өткөнүнө карабай, көптөгөн татарлар дагы эле өз мекенинен алыста калууда же мекенинде түрдүү кемсинтүүлөрдү баштан кечирип келишет.

Крымдын борбору Симферополдогу негизги мечитте Идриз Эфендинин арбагына багыштап, туугандары куран окуп жатышат. Этникалык татар Эфенди өзү жакыр жашаганына карабай, өмүрүнүн акыркы жылдарын тарыхый мекени Крымда өткөргөнүнө бактылуу болуп жүрдү эле. Бирок анын атасы Желал Эфендиге Совет бийликтери Өзбекстандан бүгүн Украинанын бир бөлүгү эсептелген Крымга кайра көчүп келүүгө уруксат бербей коюшкан.

Эфендинин тагдыры жалгыз мисал деп айтууга болбойт. 1944-жылы Совет бийликтери 190 миңдей Крым татарларын Борбор Азия мамлекеттерине, негизинен, Өзбекстанга айдашат. Анткени советтик диктатор Иосиф Сталин Крым татарларын “Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда нацисттик Германия менен кызматташкан” деп айыптап, аларды жазалоо тууралуу чечим чыгарган болчу.

Ошентип, 1944-жылкы депортация Крым татарларынын тарыхындагы эң оор мезгил катары эсте калды. Мекенинен куулгандардын дээрлик жарымысы ошол депортация учурунда же андан кийин эле көз жумган деп айтылып жүрөт. 1967-жылы татарларды буга чейинки айыптоолордон акташ үчүн чыгарылган буйрук деле абалды жакшыртып жибербеген өңдүү.

Советтер Союзу таркап кеткенден кийин, Крым татарларынын парламенти да түзүлөт. Ошол мыйзам чыгаруу бийлигинде төрагага орун-басарлык кылган Рефат Чибаров: “Совет бийлиги Крым татарларын кийин калыбына келтирүүнү чындап деле каалаган деле эмес”, - дейт.

- 60-жылдары көтөрүлө баштаган Крым татарларынын кыймылы, Советтер Союзунун тышкы саясатынын ошол мезгилдеги сырткы аспектилери, Октябрь революциясынын 50 жылдыгына камылгалар, эң башкысы – Крым татарларынын басымы гана Совет бийлигин ошол кезде Крым татарларынын проблемасын чечүүнүн үстүндө иштеп жаткандай түр көрсөтүүгө мажбур кылды, - дейт Чибаров.

Чынында эле, ошол 1967-жылкы буйруктан кийин, Крым татарларын кайра отурукташтырууда бийликтер эч кандай аракеттерди көрүшкөн эмес. Анын ордуна кайра мекенине катууну каалаган татарларды текшерүү күчөтүлдү, кайра келүүнүн эреже-тартиптери татаалдаштырылды. Ушул өңдүү толгон-токой машакаттар 1980-жылдардагы перестройка мезгилине чейин улантылат да, кийин Крым толугу менен Крым татарлары үчүн эшигин ачат.

Анткен менен бүгүнкү орус бийликтери да Крым татарларына далысын тосуп туруп алышканы үчүн айыпка алынып келишет.

Учурда Крымда 300 миңдей татар жашайт жана украин өкмөтү соңку 10 жылдан ашуун мезгилден бери аларга жылына 10 млн.доллардай колдоо көрсөтүп келатат.

XS
SM
MD
LG