Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:44

УРАН БОТОБЕКОВ: АБДУЛЛА ГҮЛДҮН ПРЕЗИДЕНТ БОЛУП ШАЙЛАНЫШЫ КҮТҮЛГӨН ЭЛЕ ОКУЯ БОЛЧУ


Зейнеп Мартбек кызы, Бишкек Шейшемби күнү Түркиянын парламенти өлкөнүн президентин шайлады. Бул орунга өлкөнүн тышкы иштер министри, азыр башкарууда турган исламчыл маанайдагы Адилет жана Өнүгүү партиясынын атынан чыгып жаткан Абдулла Гүл шайланды. Абдулла Гүл парламенттеги шайлоонун өткөн жумадагы экинчи айлампасында талап кылынган добуш ала алган эмес. Бүгүн парламентте 339 добушка ээ болуп, Абдулла Гүл өлкөнүн он биринчи президенти болуп калды. Түркияда өткөн шайлоонун тегерегинде саясат таануучу Уран Ботобеков “Азаттыкка” маек куруп берди.

-Уран мырза, бир аз мурда чыккан шайоонун жыйынтыктары боюнча Түркиянын он биринчи президенти болуп Абдулла Гүл шайланды. Бул сиз үчүн күтүлгөн эле окуя болдубу?

-Мен үчүн бул күтүлгөн эле окуя болду. Себеби Түркиянын ички саясатына карап көрсөңүз, азыр бийликте турган “АК” (Адилет жана Өнүгүү) партиясы бар. Ошол партия экинчи жолу бийликке ишенимдүү добуш алып, келип жатат. Билесиздер, Түркияда парламенттик система: алардын президентин парламент шайлайт. Мына ошол парламентте көпчүлүк добушка ээ болгон “АК” партиянын депутаттары өздөрүнүн талапкерин бүгүн ийгиликтүү өткөрүп алды. Ошондуктан муну күтүлгөн окуя болду десек жарашат.

- Эмне себептен парламент Абдулла Гүлдү биринчи дагы, экинчи дагы айлампада шайлаган жок?

-Себеби, мен билгенден президентти биринчи айлампада шайлаш үчүн жаңылбасам 367 депутаттын добуш керек эле. Ал эми “АК” партиянын парламенттеги депутаттардын саны 350. Мына ошондуктан алар биринчи дагы, экинчи дагы айлампада натыйжалуу добуш ала алган жок. Ал эми ал жердеги мыйзамдар боюнча үчүнчү турда 280 добуш алган талапкер президент болуп шайланат.

- Эми сиздин оюңузча Абдулла Гүлдүн тышкы саясаты кандай болот?

-Менимче Абдулла Гүл Түркиянын эң бир абройлуу, интелектуалдуу жаш саясатчыларынын бири. Абдан энергиялуу. Мен Абдулла Гүл менен жекече таанышмын. Мен элчиликте иштеп жүргөндө көп жолу жолугушуп, баарлашып, менде аны жакындан таануу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Абдулла Гүл тышкы иштер министри болуп иштеп турганда Евробиримдик менен Туркиянын байланышы абдан күчөдү. Өзүңүздөр билгендей, Түркия Евробиримдикке кириш үчүн көптөн бери талапкер болуп келе жатат. Мына ошол талапкерлигин ишке ашыруу үчүн кандайдыр бир көзгө көрүнөөрлүк ийгиликтерге жетишти. Ушундан алып караганда, Абдулла Гүл тышкы саясатты жакшы билген эл аралык деңгээлдеги мыкты дипломат катары Түркиянын тышкы саясаты Европа тарапка багыт алат деп ишенем.

- Евробиримдикке багыт ала турган болсо, тышкы саясатында АКШ, Орусия сыяктуу башка державаларга мамилеси кандай болот деп ойлойсуз?

-Билесиздерби, премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган бийликке келгенден кийин Орусия, АКШ менен болгон булардын дипломатиялык мамилелери абдан жакшы деңгээлде өнүгүп жатат. Америка менен болгон булардын байланышы жогорку деңгээлге чыкты. Түркиянын тышкы саясаты абдан көп тараптуу, ошол эле кезде, Түркия өзүнүн улуттук кызыкчылыгын биринчи планга койгон жакшы бир тышкы саясаты бар деп эсептейм. Биз булардан көп нерсени үйрөнсөк болчудай.

- Уран мырза, Ахмед Неждет Сезер президент болуп турган учурда Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы карым-катнаш жакшы деңгээлде болчу деп айта алабыз. Эми Абдулла Гүл президенттикке келиши менен Түркия менен Кыргызстан ортосундагы мамиле кандай болот деп ойлойсуз?

-Абдулла Гүлдүн Борбор Азия мамлекеттерине, түрк тилдүү мамлекеттерине жасаган мамилесин мен жакшы билем. 24-мартта Кыргызстанда бийлик алмашканда дагы, биринчилерден болуп Абдулла Гүл жаңы бийликти куттуктап, колдоо көрсөтө турганын айткан. Ошон үчүн айткым келет, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы маселелер келечекте ыраттуу деңгээлде өнүгүп, мындан дагы жакшы болот деп ойлойм.

- Маегиңиз үчүн рахмат.

XS
SM
MD
LG