Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:46

ТҮРКМӨНСТАНДА ДИН ТУТУУ ЭРКИНДИГИ ЖОК


21-августта Американын дин тутуу эркиндиги боюнча комиссиясынын делегациясы Түркмөнстандын президенти Курбангулы Бердимухамедов менен жолугушуп, дин маселлерине байланышкан суроолорду талкуулады. Америкалык делегация ошондой эле мечиттер менен диний храмдарды кыдырып, өлкөдөгү диний концессиялардын абалы менен таанышты.

21- августта Түркмөнстандын мамлекеттик телеканалынан көрсөтүлгөн берүүдө президент менен амеркалык делегациянын жолугушуусу чагылдырылып, анда америкалык меймандар президент Курбангулы Бердымухамедовдун жакында 11 түрмө туткунуна мунапыс жарыялаганына ынануусун билдиришкенин маалымдалды. Мунапыс алгандардын катарында 1996-2003- жылдардын аралыгында Түркмөнстандын Муфтийи болуп кызмат кылган, улуту өзбек Насрулла Ибн Ибдулла деген диний аалым да бар. Ибадулла 2003-жылы президент Сапармурад Ниязовдун Рухнаама китебинин үзүндүлөрүн Ыйык Курандын сүрөөлөрү менен бирге мечиттердин дубалына жазууга каршы чыгып, Түркмөнбашынын каарына калган. Муфтий ошондой эле Ниязовду өлтүрүүгө аракеттенген деген кине менен кармалган адамдардын өлүмгө кесилишине каршы чыккан.

Бу күндөрү Түркмөнстандын расмий маалымат каражаттары америкалык делегация тышкы иштер министрлигинде, парламенттин адам укуктары боюнча комитетинде юстиция жана маданият министрлигинде болуп, дин тутуу эркиндигинин абалы менен таанышып чыккандыгын айтып жатышат. Делгация диний храмдарда болуп, өлкөдө ар түрдүү диний концессиялардын бири-бирин түшүнүшүү менен жашап иш жүргүзүп жатканына күбө болушту, деп айтылат гезиттерде.

Бирок Норвегияда жайгашкан, диний маселелерге адистешкен "Форум 18" агенттигинин айтымында, дин тутуу эркиндиги Түркмөнстанда катуу кысмакка дуушар болууда. Агенттиктин кызматкери Феликс Корли Түркмөнстанда диний эркиндик жок, деп эсептейт.

-Өкмөт ислам динин туткандарды ичтен көзөмөлдө кармоодо. Ислам динин тутуу өкмөттүн бир тармагына айланып, мусулман жамааттарынын аракеттерине чектөө коюуда. Башка диндер болсо коопсуздук кызматы жана тартип коргоо органдары тарабынан сырттан көзөмөлдөнөт. Алардын аракетине да катуу чектөө киргизилген ,- дейт Корли.

Баян Жумакадыр кызы, Прага
XS
SM
MD
LG