Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:28

САНДАГАН АДАМДАР АКТООНУ ДАГЫ ЭЛЕ КҮТҮП ЖАТЫШАТ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Мындан туура 17 жыл мурда Советтер союзунун президенти Михаил Горбачев сталиндик репрессиядан жабыр тарткандарды актоо тууралуу жардыкка кол койгон. 1937-38 жылдарда айрыкча күч алган репрессия көптөгөн жарандардын эсинде «Чоң террор» жылдары катары калды.

«Чоң террордон» Советтер союузунун бир да шаар-кыштагы, республикасы менен облусу калас болбогон чыгаар. Репрессиядан улутуна, кылган кесибине жана өң-түсүнө карабай баардык элдердин өкүлдөрү жабыркашкан. Алардын бири Молдавиянын белгилүү жазуучусу Владимир Беслеага. 1937-жылы алты жашар бала болгон Беслеага анын туулуп өскөн айылында ошол кезде түпөйүл маанай өкүм сүрүп, эл санааркоо менен күн кечиргенин мындайча сүрөттөйт:

- Ал мезгилде биздин айылда адамдарды ар түнү кара машине алып кетчү. Эртең менен кишилер бири-биринен: өткөн түнү кара карга кимди алып кетиптир, деп сурашчу. "Кара карга" деп каргашалуу кара машинени айтышчу.

Ал жылдарда Молдованча жазууга жана окууга тыюу салынып, эне тилде окуткан мектептер менен окуу жайлар жабылып калган. Бирок ошого карабастан болочок жазуучунун энеси ага молдован тилинде жазганды жана окуганды жашыруун үйрөткөн. Складдан уурдап алган китеп боюнча окуган жазуучу ошол кездеги бирөөлөр угуп-көрүп койбосун деген коркуу сезими аны көп жылдар бою коштоп жүргөнүн айтат:

- Адамдар бири- биринен өйдө жактагыларга бирдеме деп айтып барабы деп күмөн санап турушчу. Коркуу сезими биздин каныбызга сиңип калган.

Сталиндик режим билим-илимдүү, айланада болуп жаткан окуяларга өз алдынча баа берүүгө кудурети жеткен адамдарды айрыкча катуу көзөмөлгө алып, куугунтуктачу. Муну 1992-жылы Кыргызстандын Аламүдүн районунун Чоңташ айылынын чет жакасында жашыруун кабырдын табылганы эле тастыктап турат. Анда чогуусу менен көмүлгөн 137 кишинин бардыгы ошол кездеги кыргыз интеллигенциясынын көрүнүктүү адамдары болушкан. 2000-жылдын 14- июлунда ал жерде мемориалдык эстелик ачылып, репрессиядан каза тапкан кыргыз уулдарынын ысымдары таш бетине чегилип, маркумдардын жанынан табылган буюм-тайымдары менен кийимдери музейде орун алды. Кыргыздын белгилүү жазуучусу Мар Байжиев сталиндик репрессия жылдарын мындайча эскерет.

- Жанагы анча-мынча бирдемени түшүнгөндөрдүн баарын камап-кырып, жок кылышкан. Ата бейитте кандай сонун жигиттерибиз жатат. Албетте кыйын доор болгон. Аталарыбыз түрмөдө жатса, бизди "Сталин жашасын !" - деп кыйкырткан, ал кезде пропаганда күчтүү болгон. Менин атамдын сөөгү Карагандынын түрмөсүндө калган, ошол жерге барып келбедимби,- дейт жазуучу.

Ал эми белорус акыны Тодар Клашторныйдын кызы Мая Клашторная репрессиядан ата-энесинин экөө тең жабыркаганын баяндайт. Ал атасы түрмөгө камалып, энеси тергөө камагында отурган маалда жарык дүйнөгө келгенин, атасы көп өтпөй 10 жыл лагерге "кат алышуу укугусуз" кесилгенин, иш жүзүндө болсо бул өлүмгө кесүү болгондугун баяндайт. "Эл душманынын" үйбүлөсү катары кызы апасы менен кошо түрмө жазасын өтөгөн. Режимдин террорунан жабыркаган Клашторная азыр репрессия курмандыктарынын укуктарын коргойт.
Репрессиядан жабыркаган адамдардын ичинде мекендешибиз, парламенттин депутаты, ишкер Роман Шиндин да үйбүлөсү бар. 1937-жылы анын ата-энеси 170 миң этник корей менен бирге Ыраакы Чыгыштан Борбор Азияга күч менен депортацияланган.

- Корейлерди мал ташыган вагондорго салып, Казакстан менен Өзбекстанга айдашкан, алардын арасында ата-энем да бар эле. Репрессияга дуушар болгон сандаган корейлерди актаганы үчүн өкмөткө ыраазыбыз, бирок көптөгөн адамдар акталбастан көзү өтүп кетти,- дейт мыйзамгер Роман Шин.

Репрессия учурунда жабыркаган миңдеген адамдар актоону дагы эле күтүп жатышат.

XS
SM
MD
LG