Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:54

АЗАМАТ АЛТАЙ КЫРГЫЗ ДЕП ЖАШАГАН


Былтыр 23- майда «Азаттык» үналгысын негиздеген Азамат Алтай агайыбыз 86 жашка курагында узакка созулган оорудан кийин Нью-Йорк шаарында дүйнөдөн кайткан эле. Ал «Азаттык» үналгысынын башатында турган жана бүткүл өмүрүн Кыргызстандагы жана Борбордук Азиядагы сөз жана басма сөз эркиндигине, жалпы эле аймактагы демократиялык жараянга арнаган.

Азамат Алтай 1953-жылы башкеңсеси Мюнхенде жайгашкан Эркин Европа/Азаттык үналгысынын кыргыз кызматына жумушка кирип, ошол жылдын 18-мартында "Азаттык" радиосунун тунгуч кыргызча берүүсүн обого алып чыккан. Ошондон тартып ал өмүрүнүн 40 жылын Азаттык радиосуна арнаган.
Кыргызча булактарды англисчеге которуп АКШ, Франция жана Германия окумуштууларына кыргыз маданиятын, тарыхын иликтешине өз салымын кошуп келген. Колумбия университетинде иштеп жүрүп окуу жайдын китепканасына жүздөгөн кыргызча китептерди топтогон.

Кудайберген Кожомбердиев Азамат Алтай деп аты-жөнүн 1960-жылы которгон. Азамат деп эл-журтуна берилгендигин, Алтай деп түрк тилдүү калктан экендигин билдирген.

2003-жылы Нью-Йоркто өткөн эл аралык спорт журналисттер ассоциациясынын Конгрессине Кыргызстандан делегат болуп барып, «Азаттык» үналгысынын негиздөөчүсү Азамат Алтайга жолуккан элем. Ошондо «Азаттык» үналгысын кантип уюштурууга катышканы, Борбор Азия жана Кыргызстан жөнүндөгү 6 миңдей китеп жыйнаганы тууралуу жана өзү, оорусу, кыргыздар, учурдагы абал, Аскар Акаевдин Үзөңгү Куушту Кытайга берип жибергени чыккынчылык экенин айтып мындай деген эле.

- АКШнын билермандары радио толкундар чек араны билбейт, аны кармоого мүмкүн эмес дешип, радио түзүүнү колдоого алышкан. “Азаттык” радиосун курганда биз Туркестандын атынан курдук. "Азаттык" радиосунун биринчи директору казак болду. Орунбасары өзбек. Мен болсо спикер элем. Кыргыздардыкы түркмөндөрдүкүнөн бир аз жогору эле.Түркмөндү катчы кылып, төрт киши менен “Азаттыктын” алгачкы берүүлөрүн баштадык. Кандай гана кыйын күндөрдү баштан өткөрсөк да кыргыз деген атты, намысты сактап калдык.
Учурда колум титирейт, паркинсон оорусу менен ооруйм, буту-колум шишип атат, жакшы жүрө албайм. Бул ооруну Түгөлбай агамдан тилеп алгам. Кыргызстанга барганда ал да азыркы мендей болуп колу титиреп турган экен. Ушул сиздин ооруну тең бөлүшөйүн деген элем, өз башыма да ал оору келди.


Өз аты жөнү Кудайберген Кожомбердиев, элге таанылган аты Азамат Алтай чет жерде жүрсө да Кыргызстан жөнүндө маалыматтарды дүйнөлүк маалымат булактары үчүн даярдап жазып бергенин, 1993- жылы Нью-Йоркто жолугуп, чер жазыша маектешкенин Жогорку кеңештин депутаты Мелис Эшимканов айтып мындай деп эскерет:

- Эми Азамат Алтай деген кыргыздын тарыхында кала турган улуу инсаны. Совет доорунун бүт кемчиликтерин ошол киши бетке айтты. Көзүбүздү ачты. Саясатчылар, деле бардык радио уккан элдер жашырынып болсо дагы Азамат Алтайдын үнүн угуп жатканын өз көзүм менен көрүп күбө болгом. Алыста туруп, Акаевдин режимин, Үзөңгүкуушту Кытайга белекке бергенин сындап, элдин, кыргыздын анык чыккынчысы Аскар Акаев деп бетине айтпады беле.

«Азаттык» үналгысынын кыргыз редакциясын уюштурган Азамат Алтайдын эмгеги көзү тирүүсүндө татыктуу баасын албай калганы өкүндүрөт.
Анын ысымын түбөлүккө калтыруу үчүн кыргыз радио журналисттерине Азамат Алтай атындагы сыйлык уюштуруунун зарылдыгын, Бишкектен бир чоң көчөсүнө ысымын берүү керек деген пикирин айтуу менен Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов мындай деп эскерет.

- Мурдакы жылы Азамат Алтай 85 жашка чыгып жаткан жашында кыргыздар эмгегин баалап, биз ал кишиге бир сыйлык, урмат көрсөтүшүбүз керек эле. “Манас” орденине татыктуу эле. Эгерде радиожурналистикасына конкурс уюштуруп, ошол кишинин атындагы бир сыйлыктарды уюштурса эмне үчүн болбосун. Бул кишини кадыр - баркын дале билбей жатабыз.

Азамат Алтай бүткүл өмүрүн Кыргызстандагы жана Борбордук Азиядагы сөз жана басма сөз эркиндигине, жалпы эле аймактагы демократиялык жараянга арнаган.

Азамат Алтай 1995-жылы 24-августтан 11-сентябрга чейин эгемен Кыргызстанга сый конок катары келип, "Манас" дастанынын мааракесине катышкан. Түгөлбай Сыдыкбеков, Кусейин Карасаев, Жусуп Мамай сыяктуу кыргыз залкарлары менен жолуккан. Кыргыз жергесине келгенде Ысыккөлдүн жээгинде ыйлап турганын, өзү тиккен кош терегин дароо тааныганын Кыргыз эл жазуучусу Казат Акматов эскерет.

Азамат Алтай өзү 1950-жылдардан бери кыргыздын тарыхы, маданияты, адабияты боюнча чогулткан архивинин бир бөлүгүн 1995-жылы Кыргызстандагы Жалалабат университетине тартуулап, кийинчерээк Жалалабат университетинде Азамат Алтайдын бурчу ачылган.

Азамат Алтай 1995-жылдан тарта өмүрүнүн акырына чейин Жалалабат менен Караколдогу университеттердин мыкты окуган студенттерине жеке өзүнүн атынан жыл сайын 500 доллардан сыйлык берип келген.

Азамат Алтай (Кудайберген Кожомбердиев) 1920-жылы 15-сентябрда Ысыккөл облусуна караштуу Тоң районунда Кызылчек айылында туулган. 15 жашында Түп районундагы зооветтехникумда окуп келгенден кийин комсомолдун Тоң райондук комитетинде жаш муундарды тарбиялоо бөлүмүндө иштеп жүрүп, 1940-жылы аскерге кеткен. Улуу Ата мекендик согуш маалында, 1941-жылы Литвада туткунга түшүп, уруш аяктаганга чейин фашисттик концлагерде болгон. 1945-жылы Батыш ынтымагынын аскерлери тарабынан боштондукка чыгарылып, Батыш Европада туруп калган.

Тактап кетүү зарыл болгон жагдай – Кудайберген Кожомбердиев эч качан «Түркстан легионунда» кызмат кылган эмес.

Кудайберген Кожомбердиев 1940-жылдардын аягында Батыш Европада жашап калган Борбор Азиялык бозгундардын «Түрк эли» уюмунун ишмердигине активдүү катышкан. «Түрк эли» уюму Борбор Азиядагы советтик жумурияттардын көз карандысыздыгы, өз келечегин өзү аныктоо укугу, демократиялык болочогу үчүн күрөшүү максатын көздөгөн.

Ал 1950-жылдардан тартып Франция, Германия, Америкада кыргыздардын тарыхын, маданият-салтын изилдеген окумуштууларга жардам көрсөтүп, кыргызча булактарды англисчеге которуп, жалпы Батыштагы Борбордук Азиялык элдерге тийиштүү адабиятты жалпылап, чоң каталог түзүүгө катышкан.
1953-жылы ал башкеңсеси Мүнхенде жайгашкан «Азаттык» үналгысына (азыркы «Эркин Европа-Азаттык» үналгысынын Кыргыз кызматына) ишке кирип, 18-мартта туңгуч кыргызча берүүнү обого чыгарган.

Бир аз убакыттан соң ал Нью-Йоркко кетип, Колумбия университетинин китепканасынын түркология бөлүмүндө иштеп калат. Ошондо да ал «Азаттык» менен тыгыз кызматташкан.
Ошондон тарта 40 жылга чамалаш өмүрү «Азаттыкка» арналды. Кыргыз кызматынын үзгүлтүксүз иштеп турушуна, чет өлкөлөрдө жашап калган кыргыз жаштарын бул кызматка тартууга чоң салым кошту.
Париждеги басылманын өтүнүчү боюнча 1970-жылдары Библияны алгачкылардан болуп «Ыйык инжил китеби» деген аталышта кыргызчага которгон, бул ишке 10 жылдан ашуун эмгеги кеткен.

Совет доорунда «Азаттык» үналгысы (Эркин Европа-Азаттык үналгысынын Кыргыз кызматы) өз берүүлөрү бүт дүйнө жүзүнө тараган кыргыз тилиндеги көзгө басар объективдүү маалымат каражаты болгонун эске алсак, Азамат Алтайдын Кыргыз кызматынын кабарчысы жана директору (1984-1988) катары кошкон салымы залкар баага арзыйт.

Азамат Алтай 1988-жылы пенсияга чыгып, ошондон бери Нью-Йоркто жашап келди. Бишкектеги туугандары дүйшөмбү күнү Азамат Алтайдын жылдыгын өткөрүшүп, замандаштары “Азаттык” үналгысынын кыргыз редакциясынын негиздөөчүсүн эскеришти.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG