Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:05

ИСХАК МАСАЛИЕВ: КЫРГЫЗ ЖЕРИНДЕ БӨТӨН ӨЛКӨНҮН АСКЕР БАЗАСЫ ТУРГАНЫ ОПУРТАЛДУУ


«Азаттыктын» таңкы уктурууларынын маектеши Исхак Масалиев болду.

- Манас аскер базасын өлкөдө калтыруу, же чыгарып кетүү маселесин Жогорку Кеңештин беш комитети жакын арада караары күтүлүүдө. Бул маселенин дал азыр кабыргасынан коюлуп жатканына эмне себеп болууда?

- Эң негизги себеп акыркы болгон окуя болуп атат. Биздин жараныбыз Иванов деген кишини АКШнын аскери өлтүрүп коюп, анан жоопкерчиликтен чыгып кеткени болуп атат. Бул тышкы себеп. А эми ички себеп ушул жерде Иран, Иракка АКШ ар түрдүү операция даярдап атпайбы, ошонун жыйынтыгы кандай болот деген себеп болуп атат. Ошондуктан эртең 23-майда беш комитеттин кошмо жыйыны болот ушул маселе боюнча.

- Аскерий база боюнча кандай чечимге келет деп ойлойсуз парламент?

- Мен аны билбейм. Бир топ депутаттар айтып атат, келишимдерди жокко чыгарышыбыз керек деп. Бир тобу айтып атат жок бул биздин мамлекетибизге каражат алып келип атат, ошону пайдаланышыбыз керек деп. Үчүнчүлөрүнүн так позициясы далилденген жок. Эртең көрүнөт го.

- Сиздин оюңузча, Кыргызстандын кызыкчылыгына кайсы чечим туш келет деп ойлойсуз?

- Мен 2001-жылы эле карышылыгымды билдиргем. Аскерлер биздин мамлекетке келбеши керек. Себеби эмне болсо дагы биздин борборубуздан башка мамлекетке бомба алып барып таштаган күчтөр биздин мамлекетибиз үчүн коркунуч болуп атат. Экинчиден, жаш аскерлер толук иммунитет менен каалаган нерсени кылып жүрүшөт. Ошондуктан мен каршымын, кетиш керек деп атам.

- Парламент эгерде Кыргызстандан Американын аскер базасын чыгаруу чечимине келип калса, Кыргызстандын эртеңки тышкы саясатына зыяны, кесепети тийет деп ойлобойсузбу?

- Балким болот. Аны жок деп айта албайм. Мисалы АКШнын өзүнчө геосаясаты болуп кызыкчылыгы бар. Биз башка мамлекеттин кызыкчылыгын камсыз кылганга жаралган жокпуз да, ошондуктан өзүбүздүн келечегибизди ойлошубуз керек. Бирок түшүнбөстүк болот. Ансыз деле акыркы жылдары эки мамлекеттин ортосунда өтө эле жылуу мамиле эмес. Дагы бир себеп бар, ал эмне себеп түшүнүктүү болуп атат.

- Өз кезегинде америкалык авиабазаны Канттагы орусиялык күчтөр топтолгон авиабаза салмактап жатат деген ойлор айтылган. Эгерде америкалык база чыгарылса тең салмактуулук жоголот деген коркунуч бар да. Сиздин оюңуз бул тууралу?

- Кыргызстан сыноо полигону эмес да. Эмне болсо дагы Кыргызстан эгемендүү мамлекет. Ошондуктан бул жерден Ганси авиабаза кеткенден кийин албетте экинчи маселе туулат. Жеке менин пикирим эч кандай аскер базанын кереги жок.

- АКШнын аскерий базасын Кыргызстадан чыгаруу боюнча координациялык кеңеш кечээ жакында түзүлдү. Бул уюм америкалык базаны чыгаруу талабы менен АКШнын Кыргызстандагы элчилиги жана Манас аба базасынын алдында пикет уюштурмай болду. Ал эми ушул күндөрү болсо Кыргызстанда жамааттык коопсуздук келишим уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа бийик деңгээлде сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жүрөт. Бул эки окуянын кандай байланышы бар деп ойлойсуз?

- Биринчиден, координациялык кыймылга Орусиянын жооптуу кызматкерлеринин тиешеси жок. Бул кыймылга негиздөөчү жана активдүү катышкандар бул Кыргызстан коммунисттер партиясынын мүчөлөрү болуп атат. Биздин тапшырмабыз менен изилдеп чыгып, анан ушундай кыймыл түзгөн. Бул жерде менин так маалыматым бар, Бордюжа бул ишке аралашкан жок. Бул илгертен бери эле биздин партиябыздын программасында ачык жазылган, эч кандай аскерий күчтөр биздин мамлекетте болбош керек деп.

- Жакында биздин өлкөдө Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтөт, ошол саммитке чейин америкалык аскер база калабы, же калбайбы деген маселе чечилеби?

- Жок, андай коюлбайт. Эгерде депутаттар жакын арада келишимдерди демонтация кылып туруп, талапты койгон күндө деле келишимдин негизинде 6 айдан кем эмес аралыкта алар кетиш керек.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG