Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:52

ӨЗБЕКСТАНДА АНЖИЯН ОКУЯСЫ ТУУРАЛУУ ЭЧ КИМ КЕП КЫЛБАЙБЫ?


Өзбекстанда 2005-жылы 12-13-май күндөрү Анжиянда болгон кандуу калаба тууралу учурда сөз кылышпайт. Окуяда жабырланган адамдарда коркуу сезими күчтүү. Алардын укуктары эл аралык уюмдар аркылуу сырттан корголгону менен Өзбекстанда корголгон жок. Анжиянга жакын турган Жалалабат облусундагы адам укугун коргоочулар ушундай ойлорун билдиришти. Айрым кишилер Анжияндагы окуялар терроризмге, диний экстремизмге каршы жүргүзүлгөнүн айтышып, өзбек бийлигинин эки жыл мурда жасаган иш-аракетин туура деп жатышат.

2005-жылдын 12-13-майда болгон Анжияндагы кандуу кыргында жүздөгөн адамдар окко кабылып, курман болгону маалымат каражаттарынан улам белгилүү. Ал жерде демонстрация өткөргөндөрдүн 541 өкүлү өкмөттүк аскерлердин огунан жарадар болгондору менен кошо түнү менен жөө жаландап качып жүрүп, 14-майда таңга жуук Жалалабат облусунун аймагына өтүп келген. Алар ошол убакта кыргыз бийлигинен артынан куугунтуктап жүргөн өзбек кызматтарынан коргоп калууну, кыргыз жеринен баш калка берүүнү же үчүнчү мамлекетке өткөрүп ийүүнү өтүнүшкөн. БУУнун качкындар боюнча башкы комиссариатынын жардамы менен анжияндык 439 киши июнь айынын этегинде Жалалабаттан Европа өлкөлөрүнө жөнөтүлгөн.

Качкындардын бири, Өзбекстандын аскер бөлүктөрү менен ички иштер кызматтарында дарыгер катары кызмат өтөгөн Тойчубай Хожоназаров “Азаттык” үналгысы аркылуу эл аралык уюмдарды Өзбекстанга таасир этүүгө чакырган. Чет өлкөгө бараткан киши өзбек бийлигине катуу нааразылыгын билдирген:

- Келечектеги чындык менен жакшылыкка умтулган адамдарды кырып ийүү максатында куу саясатын баштады. Аны террорчу, муну фундементалист, тигини вахабий, аркыны хизбут-тахрир, акрамий деп ойлоп-табылбаган аттарды кое баштады. Бу кишини көзөмөлдөй турган эл аралык уюмдар барбы-жокпу, акыры? - деген болчу Тойчубай Хожоназаров.

Анжияндык качкындар менен ал окуяда жабыр тарткандардын укугу Өзбекстандын өзүндө корголгон жок. Жалалабат облусундагы «Справедливость» уюмунун өкүлү Бактыкан Жапарова эки жыл мурда качкындар лагеринде алардын укугун көзөмөлдөп жүргөн. Укук коргоочулар Өзбекстандагы учурдагы кырдаалга да сырттан көз салып турушат.

Бактыкан Жапарованын айтымында Анжиян окуясына саясий баа берилген жок жана качкындар кайда болбосун, өзбек кызматтары аларга кысым көрсөтүүсүн улантууда. Жакында электрондук маалымат каражаттары АКШдан кайтып келген өзбек качкындары Казакстанга качып өтүп, ал жактан баш калка сураганы жай турмуштан айынан эмес:

- Артынан корголгону менен Өзбекстан мамлекети ичинде булар эч кандай коргоо укугуна ээ эмес. Ошондой эле саясий баа, мындайча айтканда сырткы жана тышкы мамлекеттерден берилгени менен Өзбекстандын өзүнүн ичинде баа берилген жок. Чыныдыгында ал окуяга катышкандардын баары аябай чоң басымга дуушар болушкан.

Укук коргоочу Абдиназар Маматисламов буга чейин Анжиянга барып келген. Анын айтымында 2005-жылдагы окуя тууралу Өзбекстандагы карапайым жарандар да, адам укугун коргоочулар да сөз кылгысы келбейт, анткени ар бир адамдын артынан аңдуу коюлган. Өкмөтчүл адамдар өзбек бийлиги ошондо туура иш-жасаганын айтышкан:

- Сырттан барган кишилер менен сүйлөшкөндө алар мүмкүн болушунча бул темага сүйлөбөгөнгө аракет кылып атышат. Сүйлөгөндө деле мамлекеттин багытын туура деп таап атат.

Мурда качкындар жүргөн Сузак районунун өкүлү Узакбай Маматкуловдун баамында өзбек бийлиги терроризмге каршы катуу чара көргөнү туура болду. Антпесе, террорчулук бүтүндөй Борбор Азия аймагына жайылып кетмек:

- Бул Орто Азия боюнча өтө коркунучтуу экени жалпыбызга белгилүү нерсе. Бул саясатты Каримов туура эле кылып атат деп ойлойм. Ушул саясатты Өзбек Республикасынын ичинен жок кылыш керек. Турмуш начар, эл өтө жакыр жашайт деген сөздөр айтылып атат. Эгер жашоосу ушунчалык начарлап кетсе, Өзбекстандын башка жактарынан дагы эл көтөрүлүп, кандайдыр бир нааразылыктар айтылат беле, - деп айтты Узакбай Маматкулов.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG