Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:33

ТОКОН ШАЙЛИЕВА: БИЙЛИКТЕ ЖАЛАҢ «КОЧКОРЛОР» ОТУРГАНЫ ЖАКШЫ ЭМЕС


«Азаттыктын» таңкы уктурууларыны маектеши – аялдар менен жаштардын “Жаңы күч” партиясынын лидери Токон Шайлиева болду.

- Жаңылбасам эмнегедир соңку апрелдеги окуяларда сиздердин партиянын үнү угулган жок. Себеби эмнеде?

- Себеби мен бир аз кырсыктап ооруп калдым, лидер катары үйдө жатып калып көп аралаша албай калдык.

- Саясаттагы азыркы тыныгуу бул күзгө чейинки отурумдук тыныгуу. Дагы бир олку-солкулуктарды реформанын тездетилиши гана алдын алат дегендерге сиз кошуласызбы?

- Ошого да мен ишене албай турам. Анткени чындыгы 24-март 2005-жылы ошол максат менен жасалган болчу да. Ошондон кийин баары жакшы болуш керек эле. Тилекке каршы эч нерсе жок болуп атат.

- Баары жок деп сиз бардык тарапты айтып жатасызбы, экономиканы дагы, саясий жагдайды дагы?

- Бардык тарапты айтып атам. Бизде саясатта турган жигиттерибиз элди ойлогондон кийин элдин, мамлекетибиздин турмушун оңдош керек эле. Мына азыр Орусияда жана башка коңшулаш өлкөлөрдө экономика, саясат жагынан кандай өсүш болуп атат. Бизде бири-бири менен кармашып, бийлик талашып, кыйкырып-өкүрүшүп атышат. Ошондуктан бийликтин баарын аялдарга өткөрүп берсе болот эле. Өткөрүп берсе биздин максат элдин турмушун оңдой турган максат. Мен айтканга акым бар. Анткени мен иштегенден кийин артымда чоң-чоң издер калды. Менин ишимдин барын эл билет. Мына ушундай иштерди жасаш керек эле. Отуруп алышып бири-бирине тыңсынышып эле, кыйкырышып-өкүрүшүп, бири-бирин сатпай, адамкерчилик жок. Билбейм, бири-бири менен чай ичкен кишилер бири-бирин сатышат, бул кандай саясат, кандай мораль мен түшүнбөйм.

- Ушундай көрүнүш кеминде 2010-жылга чейин уланат го, андан кийин жаңы шайлоолор өткөрүлсө бийликтин легитимдүүлүгү бир топ чыңдалса, мына ошондой шарт гана жаңы өнүгүүгө бир негиз түзө алабы? Сиздер да шайлоого барганы жатасыздарбы?

- Эгерде бары жаңыланса парламентке дагы аялдар келиш керек. Бир аял жок. Кыргыздын жакшы сөзү бар «Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт” деген. Кечирип койгула бизде парламентте да, президенттик аппаратта да, өкмөттө да жалаң "кочкорлор". Ушул жакшылыкка алып барабы? Башка мамлекеттерди карагылачы, аялдар президент, коргоо министри, премьер-министр болуп атышат. Ушундай эле чогулуп жакшынакай ынтымакта иштесе болмок. Эгерде жаңы парламенттик, президенттик шайлоолор жүрсө, кайра шайланып бары ишке киришсе, балким жакшы болот.

- Конституциянын жаңы даярдалып жаткан долбоорунда депутаттардын саны көбөйтүлөт экен, партиялык тизме болмокчу. Эгерде ошолор ишке ашса сиз айтып аткандай аялдардын парламентке келишине шарт түзөт го?

- Мен ишенбейм, мен партиялык тизмеге да көп ишенбейм. Ошонун баарын коорупциясы жок жакшы өтөт деп турасызбы? Партиялык тизме деп кайра эле ошол кишилер келе берет. Менин ага көзүм жетип турат. Бирок үмүт кылыш керек. Биз аялдар партиясы 5-6 жыл мурда 15 киши партиялык тизме менен өткөндө эки орун алганбыз. Биздин үмүтүбүз партиялык тизме, ал болбосо бизге орун беришпейт. Түздү түз, жакшыны жакшы, акты ак, караны кара деген киши жок, андай саясат жок. Азыр эмне болуп атат, бирин бири жейм деген заман болуп атат бийликтин артынан. Жер-жерлерде иш жүрүп атабы, жер-жерлерде да бийлик талашмай. Мына менин оюм ушундай.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG