Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:27

Ф.КУЛОВ: БАКИЕВ МЕНИН КАМАЛЫШЫМДЫ КААЛАП ТУРАТ


Бириккен фронттун жана «Реформа» кыймылынын уюштурган минитигисине атайын кызмат тукурук жасады, деп айыптады Феликс Кулов бүгүн маалымат жыйынында. Анын айтымында, бийликтин жоопкерчиликсиз, акылсыз аракеттеринин натыйжасында эл экиге бөлүнүп, улуттун жоголуу коркунучу туулду. «Бул жоопкерчилик Бакиевдин мойнунда»,- деди Кулов. Коомчулукта бириккен фронттун иш аракеттерине нааразы болгондор да бар. Кыргызстан коммунисттик партиясынын лидери Клара Ажыбекова Кулов баштаган "Фронт" менен «Реформа үчүн» кыймылдын мүчөлөрү Акаевдин режимин алып келүүнү көздөп жатат деген пикирде.

19-апрелдеги митингди күч органдарынын таркатышына Кулов юридикалык жана саясий баа берди. Анын айтымында, юридикалык жагынан алганда митингде массалык баш аламандык болгон эмес. Ал эми атайын кызмат тарабынан уюштурулган тынчтык демонстранттарына тукурук жасаган жаштардын чакан тобу түштүк аймагынан атайын алынып келинген.

Саясий жагынан алганда «бийликтин жоопкерчиликсиз, акылсыз аракеттеринин натыйжасында эл экиге бөлүнүп, улуттун жоголуу коркунучу туулду. Буга жоопкерчилик жана күнөө түздөн түз Курманбек Бакиевдин жеке керт башына тиешелүү»,-деди Кулов.

Ал атайын билдирүү жасап митингди жана баш аламандыкты уюштурду делип айып тагылып Улуттук коопсуздук боюнча мамкомитеттин абагында кармалып жаткан Бириккен фронттун штаб башчысы Өмүрбек Субаналиев, «Реформа үчүн» кыймылдын мүчөсү Өмүрбек Абдырахманов, «Канжар» жаштар уюмунун лидери Адилет Айтикеевдин жана митингге байланыштырып шаардагы ички иштер бөлүмдөрүндө кармалгандардын ордуна өзү барып абакка отурарын маалымдады.

"Канчалаган күнөөсүз адамдарды кармагандан көрө, күнөөсүз бир адамды камашсын. Себеби Бакиев эмнени эңсеп жатканы бардыгына маалым. Бакиев менин камалышымды каалап турат. Ошондуктан мен улуттук коопсуздук кызматынын тергөө бөлүмүнүн башчысына телефон чалып, бүгүн мен барайын, мени камагыла калгандарын бошоткула деп айттым. Менин мойнума эмне айыптарды такса тага беришсин. Мен соттон жүз пайыз акталып чыгам деп ишенем.

Кулов белгилегендей укук коргоо органдары бейкүнөө адамдардын тагдыры менен ойнобошу керек. Ал укук коргоо кызматынын өкүлдөрү Бириккен фронттун жана «Ар намыс» партиясынын кеңсэлерине мыйзамсыз тинтүү жүргүзүп, баалуу буюмдарды алып кеткенин айтты.


Экс-пермьер-министр Бириккен фронт 5-майда Байтик айылында элдик жыйын өткөрө тургандыгын билдирди. Жыйынга республиканын бардык аймактарынан аттуу-баштуу беш жүздөн миңге чукул адамдар чакырылып, азыркы кырдаалга өздөрүнүн көз караштарын билдирерин белгиледи. Анын айтымында, бийлик элдин үнүн укпай, системалык өзгөрүүлөргө барбаса күзгө чейин ар кандай саясий иш чаралар өткөрүлө берет. Ал Бакиев башында турган бийлик буга маани бербесе күзүндө өлкөдө саясий кырдаал мындан да оордоп кетерине токтолду.

Бийлик жана бийликке ыктаган коомдук уюмдар Бириккен фронт менен «Реформа үчүн» кыймылдын саясий иш аракеттерин өлкөдө туруксуз абалды жаратууда, деп айыптап келет. Кыргызстан коммунисттер партиясынын лидери Клара Ажыбекованын көз карашында.

Алар Акаевдин режимине «шапка» болуп, азыркы бийликке контрреволюция кылышууда. Коомдогу туруксуздукту ушулар пайда кылышууда.

Клара Ажыбекованын пикиринде Куловду жана «Реформа үчүн» кыймылдын мүчөлөрүн Жаңы жердеги №19 абакка отургузуу керек.

XS
SM
MD
LG