Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:19

ОШ: 19 ӨЗБЕК КАЧКЫНЫ ҮЧҮНЧҮ ӨЛКӨГӨ ЖӨНӨТҮЛДҮ


Кубанычбек Жолдошев, Ош 21-февраль күнү 19 өзбекстандык качкын Кыргызстандан үчүнчү өлкөлөргө өткөрүлүп берилди. “Адилет” укук коргоо уюмунун жетекчиси Чолпон Жакупованын кабарлашынча буга Кыргызстан ал качкындардын коопсуздугун камсыз кыла албагандыгы себеп болду. Ушул тапта Ош областында дагы 30 расмий катталган өзбек качкындары баш калкалап жүрөт. Албетте, катталбаган качкындардын саны алда канча көп.

Учурда Ош шаарында 2005-жылкы Анжиян окуяларынын айынан баш баанек сурап кайрылып, расмий каттоодон өткөн 33 өзбек жараны калды. Ош шаардык миграция иштери боюнча башкармалыктын башчысы Нурийла Жолдошева качкын макамын сурап баш баанек издегендер азыркы учурга чейин кайрылып жаткандыгына токтолду:

- Бүгүнкү күндө бул жерде 30 качкын бар. Алардын ичинен 10 жаш балдар. График түзүп алып алар менен иштеп атабыз. Качкын деген статус алышы үчүн бир топ процедураларды өткөрүшүбүз керек. Жаңы жылдан баштап бизге дагы 5 киши кайрылды. Алардын ичинен экөө Өзбекстандан, үчөө Ооганстандан.

Аталган башкармалыктын маалыматына караганда, 21-февраль күнү эртең менен “Манас” аба майданынан үчүнчү өлкөгө жөнөтүлгөн 19 өзбек жараны Германияга учуп барып, андан ары өздөрүнүн каалоосу боюнча Финляндияга же Данияга жайгаштырылышы мүмкүн.

Ал эми буга чейин ички иштер органдары тарабынан кармалып, бирок кийин Ош шаардык соту тарабынан акталган өзбек оппозиционери Акрам Юлдашевдин кызы Гүлмира Максүтова болсо 2006-жылы 22-ноябрда Эл аралык мунапыс уюмунун көмөгү менен үчүнчү өлкөгө чыгып кеткен:

- Гүлмира алгач Германияга которулуп, андан ары АКШга кеткен. Анткени ал жакка анын күйөөсү да саясий баш калка издеп барып жайгашкан эле. Гүлмиранын сотто акталышына жана аман-эсен баш калка таап кетишине кыргыз журналисттеринин салымы чоң болду, - дейт эл аралык мунапыс уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Зафар Атажанов.

Эске сала кетүүчү жагдай, Гүлмира Максүтова соттон акталгандан кийин Эл аралык мунапыс уюмунун жардамы аркылуу коопсуз жайга кетүүсүнө “Азаттык” радиосунун кабарчылары көмөктөшкөн.

XS
SM
MD
LG