Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:37

ЖАҢЫ КАЗАК ПРЕМЬЕРИ БОЛУП КАРИМ МАСИМОВ ДАЙЫНДАЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Казакстандын жаңы премьер-министри болуп 10-январда парламент тарабынан Карим Масимов бекитилди. Айрым эксперттер аны - президент Нурсултан Назарбаевдин эки күйөө баласы ортосундагы күрөштө Тимур Кулибаев жеңип чыкканынын белгиси деп чечмелөөдө.

Казак жана орус маалымат каражаттары кабарлаганга караганда, улуту боюнча уйгур Карим Масимов - президент Нурсултан Назарбаевдин экинчи күйөө баласы Тимур Кулибаевдин адамы. Айрым эксперттердин пикиринде, Назарбаев менен теңтуш түркмөн президенти Сапармурад Ниязов 66 жашында күтүүсүздөн дүйнөдөн кайткандан кийин, Назарбаев алдында - эгер кокус бир нерсе болуп кетсе, Казакстанды кимге калтыруу маселеси пайда болду жана ал маселени президент экинчи күйөө баласынын пайдасына чечкен сыяктуу.

"Центразия" интернет-сайтынын баш редактору, өзү Казакстанда туулуп-өскөн Виталий Хлюпиндин айтымында, Тимур Кулибаев менен улуу күйөө бала Рахат Алиев ортосунда көптөн бери күрөш жүрүп келатат жана акыркы жылдарда Алиев менен Дарига Назарбаева утулууда - Кулибаевдин адамдары өлкөнүн негизги өкмөттүк компаниялары менен банктарына ээлик кыла баштады.

Ошол эле Хлюпиндин жазганына караганда, Масимов жаш ишкер болуп жүргөндө Назарбаев ойногон теннис ракеткасын аукциондо көптөгөн акча төлөп сатып алып көзгө көрүнгөн, кийин болсо президентке таза алтындан жасалган шахмат белек кылган. Өкмөттү башкарган учурунда болсо эми ал президенттикке Тимур Кулибаев келишин камсыз кылуу үчүн иштеш керек.

Сегизинчи январда премьер-министр Даниал Ахметовдун күтүүсүздөн кызматтан кетишине орчундуу себеп болгон эмес жана бардык эксперттер - бул өкмөт өтө узакка иштеп калды, өз мүмкүнчүлүктөрүнүн баарын ал пайдаланды жана өлкөнү алдыга жылдыруу үчүн жаңылануу керек болчу деп айтууда. Ахметовдун кабинети чындап эле мурдагы өкмөттөргө караганда анча-мынча узагыраак - үч жылдан ашык иштеди.

Карим Масимов - Казакстандын көз карандысыздык 15 жылындагы сегизинчи премьер. 1989-жылдан 1991-жылга чейин казак өкмөтүн Узакбай Караманов башкарган, аны алмаштырган Сергей Терещенко үч жылга жакын иштеген, анын ордуна 1994-жылы келген Акежан Кажегелдин дагы үч жыл иштеген жана президент менен пикири келишпестен, сүргүнгө кетип, эмгиче чет өлкөдө жашайт.

1997-1999-жылдарда казак премьери болуп Нурлан Балгимбаев эмгектенген, азыр ал бизнесте, аны алмаштырган Касымжомарт Токаев үч жылга жакын иштеди жана азыр тышкы иштер министри, аны 2002-жылы алмаштырган Имангали Тасмагамбетов болсо азыр Алматы шаарынын мэри.

Премьер болуп дайындалгандан кийин, Масимов - президент Назарбаевдин көңүлүн калтырбаган жардамчы бойдон калаары тууралуу билдирди: "Мен бир нерсени айта кетким келет, ал мен үчүн өтө маанилүү. Нурсултан Абишевич, сиз мага ишеним көрсөтүп, бир кезде мени өзүңүзгө жардамчы кылып дайындагансыз. Менин айтайын дегеним - мен азыр дагы, келечекте да такай сиздин чыныгы жардамчыңыз бойдон кала берем", - деди жаңы премьер.

Кырк бир жаштагы Масимов, айрым маалыматтарга караганда, СССР учурунда аскерий чалгындоо кызматынын агенти болгон, англис жана кытай тилдерин билет. Маскөөдөгү Патрис Лумумба университетинде, андан соң Кытайдын Ухань шаарындагы университетте окуган, андан кийин Үрүмчү жана Гоңконг шаарларында иштеген. Кийинки жылдарда Эл банкына жетекчилик кылып, андан соң унаа министри болуп дайындалган, 2003-жылдан 2006-жылга чейин президенттин жардамчысы болгон жана былтыртан бери вице-премьер болчу.

XS
SM
MD
LG