Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:27

БУЮРТМА КИШИ ӨЛТҮРҮҮЛӨРДҮН БЕТИ КАЧАН АЧЫЛАТ?


Өткөн аптанын соңунда Россиянын маалымат каражаттарында Чечен Республикасынын коопсуздук кызматтары тарабынан кыргыз парламентинин депутатынын өлүмүнө тиешеси бар делген 37 жаштагы Султан Абалаевдин кармалгандыгы тууралуу маалымат тарады. Мындай маалыматты Чечен Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы тараткан. Кыргызстандын Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Өмүрбек Субаналиев бул маалымат боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

Тараган маалыматка ылайык кармалган адам, 2005-жылдын октябрь айындагы Жогорку Кеңештин депутатына кол салуу окуясына байланыштуу эларалык издөөдө жүргөн. Анда депутат Тынычбек Акматбаев киши колдуу болуп өлгөн эле. Ага чейин депутаттар Жыргалбек Сурабалдиев менен Баяман Эркинбаевдерди белгисиз адамдар өлтүрүп кетишкен. Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Өмүрбек Субаналиевдин айтымында, Чечен Республикасында кармалган адамга жана деги эле депутаттардын өлүмүнө байланыштуу иликтөө иштери улантылып жатат:

- Комментарий бербей эле коёюн. Бир жыйынтык чыгаралы деп атабыз. Ошолордун бардыгын иликтеп атабыз, - дейт Өмүрбек Субаналиев.

Бирок, депутат Кубатбек Байболовдун пикиринде учурда күч органдары кылмыштуулук менен күрөшүп, киши өлтүрүүлөрдүн бетин ачкандын ордуна оппозициялык маанайдагы саясатчылар менен алек болуп калышты:

- Чоң-чоң бейкүнөө өлүмдөр башка жактан эле башы ачылып келип маалым болуп калбаса, биздин укук коргоо органдар тарабынан ачылчудай эмес. Бул милдет эбегейсиз зор мүмкүнчүлүктөрү бар атайын кызматтарга тапшырылган. Бирок, тилекке каршы алар азырынча кылмыштуулук менен күрөшпөй эле, өзгөчө пикири бар оппозициялык маанайдагы саясатчылар менен алек болуп атат.

Депутат Кубанычбек Исабеков да өлтүрүлгөн депутаттардын иши тууралуу Жогорку Кеңештин кечээ күнкү сессиясында президент менен болгон жолугушууда кеп козгоду. Президент Курманбек Бакиев бардык киши өлтүрүүлөр боюнча тиешелүү кызматтар жылдын аягына чейин атайын баяндама жасай турганын билдирди:

- Жылдын аягына чейин атайын кызматтар бардык киши өлтүрүүлөр боюнча отчетун берет. Алар иштеп атат, ошондуктан аягына чыкканга мүмкүнчүлүк берели, иштешсин. Жөн отурушкан жок. Кайсы кылмыштардын бети ачылды, кайсынысы ачылган жок, эмне болду, эмне себептен, бардыгын угабыз.

Ал эми депутат Кубанычбек Исабековдун пикиринде өлтүрүлгөн депутаттар боюнча козголгон кылмыш иштеринин ушул кезге чейин ачылбай келишине күч органдары күнөөлүү:

- Депутаттардын өлүмдөрү боюнча. Мына мамлекеттин коопсуздугун сактай турган өзүнчө бизде кызмат бар, Ички иштер министрлиги бар, Башкы прокуратура бар. Ачылбай атканы булардын түздөн-түз күнөөсү болуп эсептелет, - деди Кубанычбек Исабеков.

Ошентсе да Башкы прокурор Камбаралы Конгантиев, киши өлтүрүүлөр боюнча тергөө иштери жыйынтыкталса бир топ кылмыш иштеринин бети ачылат деген ойдо:

- Киши өлтүрүүлөр боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Кылмышкерлерди Ички иштер министрлиги издеп атат. Мен ойлойм, бир топ иштердин бети ачылат.

Эми, президенттин көрсөтмөсүнө ылайык ушул жылдын соңуна чейин күч органдары бардык киши өлтүрүүлөр боюнча козголгон иштердин жыйынтыгын билдирүүгө милдеттүү. Айрым адистердин баамында анда деле буйуртма киши өлтүрүүлөрдүн аркасында тургандар ачыкка чыгышы күмөн.

Сүрөттө : Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Өмүрбек Субаналиевдин айтымында,буюртма киши өлтүрүү кылмыштарын иликтеп, бир жыйынтык чыгаруу аракети болуп жатат.

XS
SM
MD
LG