Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:44

МААЛЫМАТ КАРАЖАТТАРЫНЫН МАСЕЛЕСИ ПАРЛАМЕНТТЕ КАРАЛАТ


Жогорку Кеңештин коргоо, коопсуздук, укук тартиби жана маалымат саясаты комитети өзүнүн кезектеги отурумунда Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын абалына арнап парламенттик угуу өткөрүү чечимин чыгарышты. Демилгенин пайда болушуна «Пирамида» телерадиокомпания жабдыктарынын өрттөлүп кетишине байланыштуу Жогорку Кеңешке жолдонгон кайрылуу себеп болду.

Комитеттин шаршемби күнкү отурумунда башкы прокуратура менен ички иштер министрлигинин жетекчилери «Пирамидага» жасалган караниет иш боюнча кылмыш козголуп, иликтенип жатканын, бирок, мурунку, кийинки иштер боюнча конкреттүү тыянак чыга электигин маалымдашты.

«Пирамида» белгисиз адамдардын чабуулуна март окуясынан кийин экинчи ирет кабылып отурат. Көпчүлүк талдоочулар муну мүлк талаш менен байланыштырууда. Бирок, «Пирамиданын» мүлкүн талашкандар кимдер экенин парламенттик комиссия деле, сот деле аныктап бере элек. Компаниянын адвокаты Валерий Рябичтин айтымында, «Пирамиданын» ортодогу талаш-тартышты аныктоо максатында «Ареопаг-Бишкек» компаниясынын негизинде түзүлгөн «Инвест-медиа» уюмун сотко бергенине эки жыл болду:

- Бул маселелер али сотто карала элек, сот аталган маселеге тиешеси бар адамдарды аныктай элек. Анткен менен 50% үлүш «Инвест медиага» таандык.

«Пирамиданын» президенти Адыл Бийназаров «Инвестмедиа» жалган фирма болушу мүмкүн деп болжойт, бирок, шектүү адамдар «Пирамиданын» жарымын сатууну талап кылып бийликтин атынан келип жатышат дейт:

- Бизди агы да, кызылы да тоноп жатат. Акаевдин тушунда да ар кандай чыгымдарга учураганбыз. 15-20 минутадан өчүрүп салчу. Мадумаров сүйлөдүбү, Үсөнов сүйлөдүбү, дароо өчүрүшөт. Же оппозиция чыгаарын билсе чалышат. Эми тескерисинче ошолор эле кайра өчүрүп жатышат.

Азыркы мамлекеттик катчы, кесиби боюнча журналист Адахан Мадумаров «Пирамиданын» чатагында бийликтин тиешеси бар деген дооматтарды буга чейин бир нече курдай четке кагып, чатакты мүлк ээлеринин өз ара талаш-тартышы менен байланыштырганы бар.

Жогорку Кеңештин коргоо, коопсуздук, укук тартиби жана маалымат саясаты комитетинин мүчөлөрү «Пирамиданын» айланасында улам жаңырып келаткан чатакты мүлк талаш менен эле чектөөгө болбойт, мунун артында саясат турат дешет. Комитет төрага орун басары, кесиби боюнча журналист Каныбек Иманалиевдин оюнда, демократияга, сөз эркиндигине кол салынып жатат:

- «Пирамида» - техниканын эмес, ириде бул Кыргызстандагы сөз эркиндигинин, эркин ой жүгүрткөн адамдардын тагдыры, көз карандысыз саясатчылардын тагдыры. Азыркы бийлик биринчи кезекте «Пирамидага» милдеткер. Алар тескерисинче өз колу менен жок кылып атышат.

Азыркы бийлик басма сөз эркиндигине кысым жасап жатат деген дооматын буга чейин «Пирамидага» байланыштуу тараткан билдирүүсүндө «Атамекен» социалисттик партиясы койгон. Депутат Мелис Эшимкановдун айтымында, Аскар Акаевдин бийлигинен айырмаланып, Курманбек Бакиевдин бийлиги басма сөз эркиндигин он жылдан кийин эмес, дароо эле басмырлоого киришти:

- Бүт бардык жергиликтүү телеканалдар бир кишинин көзүн карап калды. Ошол эле КООРТ, ошол эле НТС, ошол эле «Пирамиданын» бир жылдагы тагдырын көрдүк. Азыр басма сөз деле ошол кейипти кийип калды. Азыр бизди уккан жалгыз Би-Би-Си менен «Азаттык», анча-мынча эшик ачык, башка көз карашка сөз берилген.

Ушундай жагдайлар басма сөз эркиндигин коомчулук менен бирге талдап, расмий бийликке моралдык кысым көрсөтүүнү талап кылып турат, дейт депутат.
Комитет шаршемби күнкү отурумунда парламенттик угуу өткөрүп, анда жеке эле «Пирамида» эмес, жалпы Кыргызстандагы басма сөз эркиндигинин абалын талкуулоо чечимин чыгарды. Ал эми «Пирамида» чатагы сессиянын кароосуна сунушталмай болду.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG