Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:19

КАРАСУУНУН ИМАМЫ ЖООКЕСЕПТЕРДИН АРАСЫНА КАЙДАН КОШУЛУП КАЛГАН?


Улуттук коопсуздук кызматы кечээ кечинде Ош шаарында жүргүзгөн атайын операциянын натыйжасында куралдуу топту жок кылды. Жок кылынган топтун мүчөлөрү Өзбекстан ислам кыймылына тиешеси бардыгы айтылууда. Операция учурунда каза тапкандардын арасында Карасуу шаарындагы борбордук мечиттин имамы Мухаммадрафык Камалов да бар. Имамдын террорчул топтун мүчөлөрү менен кошо өлтүрүлүшү, дегеле анын бул топко кандайча аралашып калганы коомчулукта ар кыл суроолорду пайда кылууда.

Окуя кандай болгонун Улуттук коопсуздук кызматынын жооптуу өкүлү Нурбек Токбаев мындайча баяндайт:

- Кечээ кечинде Улутук коопсуздук кызматы жүргүзгөн операциянын негизинде Өзбекстан ислам кыймылынын үч адамдан турган тобу жок кылынды. Илкитөө иштеринин жүрүшүндө Ошто 12-майдагы Баткен окуясына тиешеси бар куралчан топтун бар экени белгилүү болгон. Алар автоунаасын токтотууга берген буйрукту аткаруудан баш тартып, каршы ок чыгарышкан. УКК өкүлдөрүнүн жооп огунан автоунаадагы үч атуул тең каза тапкан.

УКК өкүлү мындан сырткары учурда тергөө иштери жүрүп, алардын тарапкерлери изделип жатканын да кошумчалады. Автоунаадан бир автомат, беш граната, диний китепчелер жана ок дарылар алынган.

Операция учурунда каза тапкандардын бири Карасуудагы мечиттин имамы Мухамадрафык Камалов болуп чыгышы коомчулукта ар кыл пикирлерди, таң калууларды пайда кылууда. Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу бул инсанды жакындан таанырын айтып, маселени жеринде иликтээрин билдирди:

- Азыр эле маркумдун сөөгүн ооруканадан алып чыккандар менен сүйлөштүм. Үч ок тийиптир. Эми бул киши өмүр бою дин кызматкери болуп келди. Абройу, кадыр-баркы Кыргызстанда эле эмес, кошуна Өзбекстанда, Тажикстанда чоң эле. А түгүл аны Иранда да жакшы билишчү. Аны атыштын зарылчылыгы бар-жогун эми тергөөчүлөр аныкташы керек. Мен дагы Ошко барып, тиешелүү кишилер, тараптар менен сүйлөшүп маселени жеринде иликтейин деп атам.

Ал эми дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысынын кенешчиси Шамшыбек Закиров каза тапкан имамдын террорчул топко тиешеси бар-жогун тергөө аныктаарын белгилеп, бирок акыркы убакта коомчулукта бул инсандын тегерегинде ар кандай сөздөр көбөйүп кеткенин айтат:

- Өткөн кылымдын 80-жылдарынан имам болуп келген бул кишинин кантип террорчул топко аралашып калганы тууралуу мен азыр эч нерсе айта албайм. Бирок, акыркы учурларда эл арасында ар кандай анча-мынча сөздөр болуп атты, тыйуу салынган диний уюмдарды колдойт дегендей. Бирок конкреттүү айып коюлган эмес.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы бул иш чара Өзбекстандагы кесиптештери менен тыгыз кызматташуунун натыйжасында жүзөгө ашканын белгилөөдө. Эки өлкө жетекчилери өткөн айда Москвада жолугушуп, террорчулукка жана диний экстремизмге каршы биргелешип күрөшүү тууралуу макулдашканы белгилүү. Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу болсо мындай кызматташууга кыжаалат:

- Мен Кыргызстан бара-бара Өзбекстанга окшошуп баратканынан чочулап турам. Бизде канча саясий ишмерлер атылып кетти, эми дин кызматкерлерине өттү. Өзбекстанда да ушундай болгон. Эки өлкө жетекчилери диний экстремизмге жана башка нерселерге чогуу күрөшөбүз деп макулдашып, жакындан кызматташа баштаганы мени кыжаалат кылат. Себеби бул эки өлкө таптакыр эки башка жолдо бараткан мамлекеттер.

Ошентип карасуулук белгилүү имамдын террорчу делген топко кандайча кошулуп калганы, алар менен алака-катышта болгон-болбогону азырынча белгисиз бойдон.

Шайырбек Эркин уулу, Бишкек

XS
SM
MD
LG