Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:22

УКРАИНАЛЫК ШАЙЛООЧУЛАР САЯСАТЧЫЛАРГА БОЛГОН НААРАЗЫЛЫГЫН «ШАЙЛООДОН ЧЫГАРДЫ”


Ырасмий маалыматтар боюнча, Украинадагы парламенттик шайлоого-шайлоочулардын 60 процентке жакыны катышты. Жекшемби күнү парламентке катар Киев шаарынын мэри, Киев шаардыкы кеңешинин мүчөлөрү жана райондук кеңештерге депутаттар шайланды. 45ке жакын партия төрт шайлоого тең катышкандыктан, шайлоо бюллетендери өтө узун болуп, аларды толтурууга орточо 15 мүнөт убакыт кетти жана айрым добушканаларда адамдар узак кезек күтүүгө мажбур болушту.

Александр Ванярухин Киев шаарынын Печерск районундагы номур 9-чу добушкананын башчысы. Ал жергиликтүү шайлоо комиссиясын төртүнчү ирет жетектөөдө. Ванярухиндин айтышынча, бул шайлоо мурдакы шайлоолорго караганда татаал болду:

-Өткөн 2004-жылкы президенттик шайлоодо Ющенко менен Янукович гана талапкер болушкандыктан, бизге бир кыйла жеңил болгон. Анда шайлоо кагаздары жөнөкөй жана кыска болгон. Бүгүн бизде парламент үчүн, Киевдин мэри үчүн, Киев шаардык кеңеши үчүн жана райондук кеңештер үчүн болуп, төрт башка шайлоо барактары бар.

Катерина Балакина-Киев университетинин студенти. Анын сөзүнчө, Саргылтым ынкылаптын лидерлери, азыркы президент Виктор Ющенко менен “Биздин Украина” партиясынын башчысы, экс- премьер Юлия Тимошенко ортосундагы ажырымга эл нааразы болуп, ошон үчүн шайлоого аз келүүдө:

-Өткөн жолкуга караганда, бул ирет элдин шайлоого аз катышып жаткан себеби мындай деп ойлойм. Студенттердин эле эмес, жалпы элдин да пикири ушундай. “Биздин Украинанын” командасы майда топторго бөлүнүп кетти. Эл ичинде да “Саргылтым ынкылап” учурундагыдай биримдик жок. Бир кезде чогуу болгон саясатчылар азыр бирин бири кемсинтип, өз ара жоолашып жатат. Бул өтө чоң өзгөрүү.

Пенсионер Мария Стрельченко ишенген саясатчысы жалгыз президент Виктор Ющенко экенин, бирок анын ысмын тизмеден таппаганын айтат:

-Мен Ющенконун ысмын тапсам, ал үчүн добуш бермекмин. Андыктан бюллетенге эч ким үчүн добуш бербейм деп жазып койдум.

Адвокат Светлана Чикиндюк кызы экөө тең Юлия Тимошенконун “Биздин Украина” партиясы үчүн добуш беришкен:

-Мен Юлия Тимошенконун блогу үчүн добуш бердим. Себеби, Юлия өтө кайраттуу жана интеллигенттүү аял. Ал Украин жарандарын кызыкчылыгын татыктуу жол менен коргой алат.

XS
SM
MD
LG