Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:09

БҮГҮН - ДҮЙНӨЛҮК СУУ КҮНҮ


Жер бетиндеги тиричиликтин баары суу менен байланышкан. Адамдын өзү суунун туундусу, биздин денебиздин сексен пайызы суудан турат. Жер бетинин үчтөн эки бөлүгүн суу каптап жатат. Бирок мындан дүйнөлүк суу кору түгөнгүс деген тыянак чыгарганга болбойт, дешет ЮНЕСКОнун адистери. Бүгүн (22-мартта) бул уюмдун жетекчилиги алдында бүткүл дүйнөдө суу күнү белгиленет. Быйылкы иш чаралар “Суу жана маданият” урааны астында өткөрүлөт. Бүгүн Мексикада суу ресурстар проблемасына арналган бүткүл дүйнөлүк жыйын аяктайт.

Азыр дүйнөдө бир миллиарддан ашуун киши тамчы сууга зар болуп, тартыштык абалда жашайт.

Эгер өкмөттөр бул чөйрөдөгү саясатын өзгөртпөсө, адистердин эсебинде, 20 жылдан соң жер калкынын тең жарымы суунун каркап каатчылыгына кабылат. Мунун айынан социалдык-саясий жана экономикалык чөйрөдөгү кырдаал кыйындайт.

Ансыз деле акыркы жылдары көп кайталана баштаган табыгый кырсыктар менен социалдык аламааттардын баарын илимпоздор суунун тартыштыгы же сууга жасаган кесирлик мамиле менен байланыштырып жатышат. Алардын баарын айтып олтурбай, бир гана дарыялардын абалына токтолуп көрөлү.

Жер каймактаган атам замандардан бери дарыялар менен өстөндөр деңизге же көлгө келип куйчу. Эми болсо Азияда Сарыдарыя (Хуанхэ), Амударыя менен Сырдарыя, Жакынкы Чыгышта Евфрат жана Тигр дарыясы, атүгүл Америкадагы Рио-Гранде дарыясы табигый куймасына жетпей эле какшып калууда.

Британиядагы Оксфорд университетине караштуу экология жана гидрология борборунун башкы адиси, доктор Гвен Рис минтип отурса, адамзат жакынкы он жылдыктарда эле бүткүл өстөндөр менен дарыялардын түбүнө жетип тынат деп кооптонот.

Анын айтымында,Сарыдарыя ушу тапта эле деңизге куйбай калды. Буга дарыянын жогорку алабында суунун муктаждыгы болуп көрбөгөндөй өсүп жатканы себепкер. Дарыянын суусу эгин-тегин өстүргөнгө, өнөржайга, ичкенге керектелет. Мындай керектөө канчалык өссө, өстөндөрдүн какшып калуу мүмкүнчүлүгү да ошончолук өсөт.

Бул ойду бышыктап, британдык экинчи бир профессор Дэвид Коллинз Борбордук Азиядагы абалга токтолду. Амударыя менен Сырдарыядан Арал деңизине куйган суунун көлөмү кескин азайды, деп ал кейиди.

Адистердин айтымында, буга суунун башы тартылганы же табыгый себептер эмес, өңчөй сугат (ирригациялык) иштердеги ысырапчылыктар, айрыкча пахта сугатындагы чарбасыздык алып келди.

Бириккен Улуттар Уюмунун суу тармагын өнүктүрүү программасы жакында жарыялаган баяндамада соңку кырк жылда эле Аралга куйган суу 75 пайызга азайганы айтылат.

Докладда түбү какшып, куму сапырылып, экиге бөлүнүп калган Арал деңизинин оор акыбалы адамзатты алдыда күтүп жаткан экологиялык алааматтын биринчи жана кайгылуу аяны экени эскертилет.

(Cүрөттө: Токтогул суу-электр бекети).

XS
SM
MD
LG