Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:18

КЫЗЫКТАР ДҮЙНӨСҮНДӨ: 15 МИҢ КОКОСТУ КАЙДАН АЛСА БОЛОТ? ИНДОНЕЗИЯДАГЫ БЕЙИШ...


Гейшалар Кытай бийлигине жакпай калды.

Кытайда «Гейшанын эскерүүлөрү» деген жаңы фильмге тыюу салынды. Себеби Голливуддун жаңы тасмасында япониялык эки аялдын ролунда кытайлык актрисалар тартылган. Сынчылар 1930-жылдары Япония Кытайды оккупациялап, кыргын салганын эске алсак, фильмдин авторлору, жумшак айтканда» туура эмес иш кылышты дешет.
«Оскар» сыйлыгына көргөзүлгөн фильм Артур Голдендин 1998-жылы чыккан романына негизделген. Буга чейин Кытайдын бийликтери «Оскарга» дагы бир талапкер «Өркөч тоонун» көргөзүлүшүнө тыюу салган.
Фильм эки кумса жөнүндө баяндайт, Кытайда болсо гомосексуалдар темасы кеңири талкууланбайт. Кытай ноябрда «Гейшанын эскерүүлөрүн» көргөзүүгө макул болгон, бирок маалымат каражаттарында терс пикирлер айтыла баштагандыктан, алгачкы чечиминен баш тартты.
Бирок, кытайлыктар тасманы таптакыр көрбөй калышат деп ойлобогула. Көчөлөрдө пираттык кассеталар эбак эле сатылууда.

Коррида кандуу аяктады

Мексиканын баш калаасында корриданын малында бир бука көрүүчүлөр отурган трибунага качып чыгып, кеминде эки киши ооруканага жеткирилди.
Салмагы жарым тоннага жеткен Пахарито аттуу бука жыгачтан жасалган тосмону кыйратып, пресса отурган орундарга секирип чыкты. Бир эле заматта ал аренанын эң мыкты орундары жайгашкан жерге жетип, тополоң салды. Ызы-чуу болгон эл туш келди кача баштады. Бир аял тереңдиги 15 сантиметрге жеткен жараат алды. Тореадорлордун бири трибунага чыгып, буканы сайып өлтүрбөсө, коррида эмне менен аяктаар эле элестетүү да кыйын. Шоу жарым саттан кийин улантылды.
Мехикодогу аренага 48 миң көрүүчү батат. Анын 60 жылдык тарыхында жалгыз Пахарито гана тосмолорду буза алды.

Кокос жеткирүү кызматы

Индиянын Орисса штатындагы Маа Тарини ибадатканасы күнүнө 15 миң кокос жаңгагын керектейт. Майрамдарда болсо бул сан 100 миңге чейин жетет.
Индуизмде кокос кеңири колдонот. Ушунча жаңгакты кантип тапса болот? Индустар бул үчүн курьердик кызмат уюштурушту. Жолдордун боюнда кокос үчүн атайын жашиктер турат. Ары бери каттаган айдоочулар жашиктерди чогултуп, ибадатканаларга алып барышат.
«Мен жаңгактарды көрүп туруп албай кетсем, жолдо ар кандай кырсыкка учурашым мүмкүн», - дейт Арун Саху.
Ибадаткананын администратору башка эч жерде мындай кызмат жок деп ырастайт.

Бейиштин сырлары

Бир катар окумуштуулар Индонезияда «жоготулган бейиш» табылганын ырасташууда. Чытырман жунглиде адистер көпөлөктүн 4 жаңы түрүн, баканын 20 түрүн, пальманын кеминде 5 түрүн табышты.
Бул табылга жөнүндө расмий жарыялана элек. Аны башка эксперттер текшерүүдөн өткөрүүгө тийиш. Америкалык, индонезиялык жана австралиялык адистерден турган топ Жаңы Гвинеянын Индонезияга таандык бөлүгүндөгү токойдо изилдөө жүргүзүп келишти. Ал жерлерде бир да жол, цивилизациянын бир да белгиси жок. Атүгүл, жергиликтүү тургундар да ал токойго барып көргөн эмес, - дейт илимпоздордун бири Брюс Билер. Топту коштоп жүргөн жергиликтүү уруунун эки өкүлү ажайып чөлкөмдү көрүп алып, ооздорун ачып калышты.
Окумуштуулар бал жеп жан сактаган түстүү кушту таап алышты. Мындан тышкары алар 19-кылымда эле сүрөттөлгөн Берлепша деген чымчыкты сүрөткө тартып алышты.
«Биз токойдун сырларын үстүртөн гана ача алдык. Ал жерде дагы көптөгөн кызык нерселер бар», - дей Билер.

XS
SM
MD
LG