Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:37

ДЕПУТАТ ТЫНЫЧБЕК АКМАТБАЕВ ТҮРМӨДӨ АТЫП ӨЛТҮРҮЛДҮ


Канат Субакожоев, Бишкек Жогорку Кеңешти депутаты Тынычбек Акматбаев бейшембиде Бишкектин жака белиндеги Молдовановка айылындагы түзөтүү колониясына барган учурда түрмөдөгүлөрдүн кол салуусуна кабылып каза тапты. Аны менен кошо дагы үч киши өлтүрүлгөн. Окуянын чоо-жайы иликтенүүдөүндө.

Новопокровка айылында жайгашкан №3-түрмөдө кызматкерлер менен соттолгон адамдардын ортосунда өз ара пикир келишпестиктер чыкканы белгилүү. Жогорку Кенештин депутаты, парламенттин мыйзамдуулук жана тартип коргоо комитетинин төрөгасы Тынычбек Акматбаев баштаган топ бейшембиде андагы кырдаал менен таанышуу максатында барган. Бул топ андан ары түрмөлөрдүн абалын көрүү максатында Молдовановка айлында жайгашкан №31-түзөтүү колониясына сапар улайт.

Абакта жаткандар менен сүйлөшүү учурунда белгисиз себептерден эки ортодо чыр чыгып, ок атышуу болуп кетет. Натыйжада андан депутатТынычбек Акматбаев жана анын жанындагы үч киши каза тапкан. Аталган топ менен кошо жүргөн Жаза өтөө башкармалыгынын жетекчиси Ихматулла Полотов да абактагылар тарабынан барымтага алынып, оор жаракат алган. Ок атуу биринчи ким тараптан чыкканы азырынча белгисиз. Учурда окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.

Бул окуядан соң түрмөгө ички иштер министрлигинин атайын даярдалган бөлүгүнүн кызматкерлери, аскерлер, эки БТР жеткирилди. Бир аз убакыттан соң, өкмөт башчысы Феликс Кулов барып сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин гана каза болгондордун сөөгү сыртка чыгарылган. Ал эми оор жараат алган Икматулла Полотов барымтадан бошотулуп, Бишкек шаарындагы №2 бейтапкананын реанимация бөлүмүнө жеткирилген. Буларада айрым маалымат каражаттары анын жолдо ооруканага жетпей эле каза болгону тууралуу маалыматты таратышты. Бирок түн ичинде биз аталган оорукана менен байланышканыбызда нөөмөттө турган дарыгерлер мындай маалыматы төгүндөп, анын оор абалда ооруканада жатканын маалымдашты.

Учурда Молдовановка айлында жайгашкан №1 жана №27-түрмөлөрдө сакчылар колониянын ичинен чыгып, сырттан гана кайтарууга алышууда.

XS
SM
MD
LG