Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:45

БАЯМАН ЭРКИНБАЕВДИ ӨЛТҮРГӨН АДАМДЫН АТЫ-ЖӨНҮ ТАКТАЛДЫ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Жогорку Кеңештин 10-октябрдагы отурумунда депутат Баяман Эркинбаевдин өлүмү тууралуу тергөө ишинин жүрүшү жөнүндө Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Таштемир Айтбаев, баш прокурордун милдетин аткаруучу Бусурманкул Табалдиев маалымат беришти. Алардын маалыматы жабык эшик алдында угулду. Ошондой эле бул күнкү жыйында Каракече көмүр кениндеги кырдаалды бир аптанын ичинде жөнгө салууну аткаруу бийлигине тапшыруу боюнча токтом кабыл алынды.

Эртең мененки саат тогуздан тарта депутаттар адаттагыдай эле жарым саат бою түрдүү маселелер боюнча сөз сүйлөштү. Ушул эле күнү депутат Камбараалы Конгантиев борбордук трибунага чыгып билдирүү жасады. Ал соңку мезгилдери өлкөдө кылмыштуулук өсүп, өз алдынча жер участокторун, мамлекеттик жана жеке менчиктерди ээлеп алуу уланып жаткандыгын айтып, Кыргызстанда бир жыл бою атуулдардын жогорудагыдай аракеттерине тыюу салуу боюнча мораторий киргизүүнү сунуштады:

- Өлкөдөгү кайсыл бир учурда болсо да жарылып, жаман натыйжаларды алып келе турган коомдук-саясий оор абалды эске алып, ар тараптуу тынчтыкты камсыз кылуу үчүн өлкөдө митинг, жөө жүрүш жана башка ацияларды өткөрүүгө жана парламентти таратуу, соттордун имараттарын элеп алуу сыяктуу аракеттерге бир жылга мораторий жарыялоону сунуштайм.

Мындай сунушту айрым депутаттар колдошсо, айрымдары Баш мыйзамга каршы келээрин айтып, колдошкон жок.

- Бул Баш мыйзамга түздөн-түз карама-каршы келет. Ошондуктан биз кандайдыр бир токтом кабыл аларда Конституциянын негизинде иштесек, - деди Жогорку Кеңештин төргасынын орун басары Болот Шерниязов.

Андан соң депутаттар жакын арада карала турган маселердин тартибин такташып, өлкөдөгү соңку мезгилдери орун алган оор кылмыштуулуктар жана депутат Баяман Эркинбаевдин өлүмү боюнча Улуттук коопсуздук кызмат төрагасы Таштемир Айтбаев, Баш прокурор милдетин аткаруучу Бусурманкул Табалдиев маалымат беришти. Алардын маалыматы жабык эшик алдында угулду. Ага журналисттер катыштырылган жок. Таштемир Айтбаевдин журналистерге берген маалыматы боюнча, атайын кызматтардын өкүлдөрү тарабынан Баяман Эркинбаевдин өлүмү боюнча төрт адам камакка алынды, учурда тергөө жүрүүдө. Ал эми Жогорку Кеңештин Коргонуу жана коопсуздук комитетинин башчысы Тынычбек Акматбаевдин “Азаттыктын” кабарчысына берген маалыматы боюнча Эркинбаевди өлтүргөн адамдын аты жөнү такталды жана ал учурда чет өлкөдө качып жүргөндүгү аныкталды:

- Аны өлтүргөн адам кармалбаптыр. Ал башка мамлекетте жүрөт экен. Анын аты жөнү такталыптыр. Кылмышка катышы бар делинген төрт адам кармалыптыр.

Ушул эле күнү депутаттар Каракечедеги соңку кырдаалды талкуулашты. Көмүр кениндеги абал боюнча депутаттарга ички иштер министринин биринчи орун басары Шеркозу Мырзакаримов маалымат берди. Ал Каракечени басып алгандарды уюштурган делинген Нурлан Мотуевдин жасаган ишинде кылмыштын белгиси жок болгондуктан ага каршы кылмыш иши козголо электигин билдирди. Министр орун басарынын мындай жообу депутаттарды канааттандырган жок. Депутат Кубатбек Байболов, Темир Сариев жана башка депутаттар Каракече боюнча өз убагында чара көрбөгөндүгү үчүн Шеркозу Мырзакаримовдун өзүнө каршы кылмыш ишин козгоону баш прокурордон өтүнүштү.

Ушул эле күнү бул маселе боюнча токтом кабыл алынды. Токтомго ылайык, өкмөт башчы жана бардык күч министрлерине Каракечедеги кырдаалды бир аптанын ичинде жөнгө салуу тапшырылды. Ошондой эле аталган токтомдо көмүр кениндеги абал боюнча убагында чара көрбөгөндүгү үчүн ички иштер министринин биринчи орун басары Шеркозу Мырзакаримов жана «Кыргыз көмүр» ишканасынын башчысы Пайзулла Рахмановго тишелүү чара көрүү сунушу айтылды.

XS
SM
MD
LG