Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:34

УКРАИНА: ЫҢКЫЛАПЧЫЛАРДАН ЫРК КЕТТИ


Украинанын президенти Виктор Ющенко премьер-министр Юлия Тимошенконун кабинетин толук курамы менен кызматтан алды. Жаңы өкмөт куроо милдетин президент Днепропетровск областынын администрация башчысы Юрий Ехануровго тапшырды.

Виктор Ющенко баарыдан мурда өлкө көз көрүнө кедерине кетип баратканын белгиледи. “Менин досторум элдин чоң ишенимине жана кеңири бийлик укуктарына ээ болушкан эле, бирок алар ишенимди актай албады”,- деп айтты Ющенко. Командасынын биримдигин сактап калганы Ющенко үч күн бою тынымсыз масилет өткөрүп, кеңешип-таңашып көргөнүн моюнга алды. “Бийликке көп жаңы адамдар келген эле, бирок бийликтин бейнеси өзгөргөн жок”, деп билдирди украин президенти. Мунун ордуна бийлик институттары арасында тирешүү күч алып кетти. Аларды ынтымакка чакырып, чыр-чатактарды жөнгө салганга убактысынын көбүн коротконун өкүнүү менен белгилеп, Ющенко акыры өкмөттү таратканга аргасыз болгонун ырастады. Юлия Тимошенконун өкмөтүн ал пропагандалык акцияларга ык салып, өздөрүн же өздөрү жетектеген саясий күчтөрдүн кадырын көтөрүү мүдөөсүн башкы орунга коюп алганы үчүн сынга алды.

Кырдаалды комментариялап, профессор Игор Лосев ыңкылаптан кийин ар түрдүү күчтөрдөн капыл-тапыл өкмөт түзүлгөнүн эске салды. Профессордун айтымында, алардын башы баары бир бирикмек эмес, ошондуктан өкмөттө, президенттин жакын чөйрөсүндө олуттуу реформа өткөрүү зарыл болчу.

Евроатлантикалык кызматташтык институтунун эксперти Владимир Хорбач да ушундай ойдо. Бул жаңжалда айыптоочунун озуйпасын оппозиция эмес, администрациянын бир бөлүгү аткарды, дейт ал.

Тимошенко президенттин чечимин комментариялаган жок. Айтымда, ал эртең маалымат жыйынын өткөрүп, “болгон чындыктын баарын элге айтат”.

Ушул эле күнү өлкөнүн коопсуздук кызмат башчысы Александр Турчинов да отставкага кетти. Бийликтин жогорку тепкичтериндеги мартабалуу чиновниктердин коррупциялык иштерин териштирүү ага табышталган эле.

Ыңкылапчылардын саясий кризиси мамлекеттик катчы Александр Зинченконун отставкасынан башталды.Зинченко президенттин тегерегиндеги бир катар кишилерди, анын ичинде Улуттук Коопсуздук кеңешинин катчысы Петр Порошенкону, Ющенконун биринчи жардамчысы Александр Третьяковду жана парламенттеги “Биздин Украина” фракциясынын башчысы Николай Мартыненкону башкы коррупционерлер деп атаган эле. Прошенко да кызматтан баш тартып, Зинченко менен соттошо тургандыгын билдирди. Парламент эрте мененки жыйынында Порошенкону депутаттык иммунитеттен ажыратты. Анын алдында өкмөттүн вице-премьери Николай Томенко да өзүнүн отставкасын жарыялаган эле.

XS
SM
MD
LG