Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:12

ИСПАНИЯДА КУМСАЛАРГА РАСМИЙ БАШ КОШУУГА УРУКСАТ БЕРИЛДИ


Өткөн жумада Испаниянын парламенти бир жыныстагы түгөйлөргө расмий никеге туруу жана бала багып алууга расмий уруксат берди. Рим католик чиркөөсүнүн жана консервативдик депутаттардын каршылыгына карабай, тиешелүү мыйзам көпчүлүк добуш менен кабыл алынды.

Соңку жылдары Европада кумса, башкача айтканда гомосексуалдардын укуктары улам кеңейип баратат. Дания менен Норвегияда алар расмий катталып чогу жашай алышат, Францияда болсо граждандык никеге туруп, башка үй-бүлөлөрдөй эле социалдык камсыздоого ээ болушат. Испанияга чейин Бельгия менен Голландияда бир жыныстагы түгөйлөргө расмий баш кошууга уруксат берилген.

Испан парламентинин чечимин гомосексуалдардын федерациясынын мүчөсү Сильвия Жэйн мындайча комментариялады:

- Биз биригип, гомосексуалдар кадимкидей эле адамдар, биз дагы жалпы укуктарга ээ болушубуз керек деп башкаларга түшүндүрсөк, андан майнап чыкчудай. Мен толкунданып, сөз таба албай жатам.

Жаңы мыйзамга ылайык, бир жыныстагы түгөйлөр пенсия алуу, ажырашуу жана мураскер болууда салттуу үй-бүлөлөрдөн айырмаланбайт. Алар бала багып алуу укугун да алышты. Мындай уруксат Голландиядагы жана АКШнын айрым штаттарындагы гомосексуалдарга гана берилген.

Гомосексуалдардын эларалык ассоциациясынын өкүлү Юрис Лавриковс Испаниянын мыйзамын эң прогрессивдүү деп атады. Анын жолун башка европалык өлкөлөр да жолдойт деген үмүтүн билдирет Лавриковс:

- Испания Рим католик чиркөөсүнүн үрп-адаттары жана эрежелери катуу сакталган өлкө. Жаңы мыйзам башка мамлекеттерге да позитивдүү таасир тийгизбей койбойт. Көпчүлүк убакытта ошол өлкөлөрдө кумсалардын үйлөнүүсүнө каршы болгондор диний аргументти келтиришет эмеспи.

Премьер-министр Хосе Луис Родригес Сапатеронун партиясы иштеп чыккан мыйзам долбоорун консервативдүү Элдик партия менен Каталон регионалисттеринен тышкары бардык саясий күчтөр колдоп чыгышты. Албетте, мыйндай мыйзамдын кабыл алынышына Чиркөө жана үй-бүлө ассоциациясы да каршы болду.

29-июнда Испаниянын Үй-бүлө форуму мыйзамдын кабыл алынышна нааразы болгон 600 миңге жакын киши кол койгон петицияны депутаттарга тапшырышты.
Форумга кошулган бейөкмөт уюмдарынын бирин жетектеген Игнасио Арсуага өкмөттү үй-бүлөнүн жалпы принциптерин жана идеясын бузуп жатат деп күнөөлөдү:

- Бул мыйзамды үй-бүлөгө кол салуу деп эсептейм. Өкмөт салттуу үй-бүлөнүн укуктарын коргогон уюмдардын пикирине кулак салып да койгон жок. Үй-бүлө деген түшүнүктүн мыйзамдык концепциясына доо келтирилди, бир жыныстагы түгөйлөр багып алган балдар да тобокелге туш болушат.

Форум консервативдик депутаттар аркылуу жобонун Конституцияга каршы келген мыйзам деп таанылышы үчүн күрөшкөнү жатышат. Алар бул маселе боюнча рефрендум өткөрүлүшү керек болчу деп санашат.

Ошол эле мезгилде испандардын 66 пайызы гомосексуалдардын расмий баш кошуусун колдошот экен.

Өткөн жумада Канаданын парламенти да ушундай эле либералдуу мыйзамды жактырды. Ал Сенат тарабынан июлдун этегинде бекитилүүгө тийиш. Бирок бул формалдуу гана процедура болуп калмакчы. Ошентип, кумсалардын расмий никеге туруусуна уруксат берген өлкөлөрдүн саны 4кө жетип калмакчы.

XS
SM
MD
LG