Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:26

КЫТАЙДАГЫ КЫРГЫЗДАРДЫН САНЫ ӨСҮҮДӨ


Азиза Турдуева, Бишкек Кытайдагы кыргыздардын 80 пайзына жакыны Шинжаңдын түштук-батыш аймагындагы Кызыл-Суу кыргыз автономиялуу облусуна караштуу Акчий, Улуучат, Актоо райондорунда жайгашышкан. Алардын бир бөлүгү Иле аймагындагы Кулжа, Текес, Тарбагатайда, ошондой эле Шинжаңдын борбор калаасы Үрүмчүдө да жашашат. Аз сандагы кыргыздар мамлекеттин тундук-чыгыш тарабындагы Хыйлун-Цзянь провинциясынын Фү-йү уездинде да бар.

1949-жылкы статистикалык маалыматтар боюнча Кытайда 66 миң кыргыз жашаса,1970-жылы алардын саны 80 миңге,1990-жылы 140 миңге жеткен. Ал эми акыркы статистикалык маалыматтарга ылайык, 170 миңди түзөт.

Кытай мыйзамдары боюнча өлкөдөгү аз сандуу улуттарга, алардын ичинде кыргыздарга 2-3 гана балалуу болууга уруксат берилген. Бирок, бул мыйзамдар соңку мезгилге өзгөртүлүүдө. Бирок, калк дагы деле мурдагы мыйзамдарды карманууда. Бул жөнүндө Үрүмчү шаарында жашаган улутташыбыз Токтобубү Ысак Кытайдагы кыргыздардын төрөт маселесине байланыштуу мындай дейт:

- Бизде мыйзам боюнча айылдарда жашаган аялдарга 3 балалуу болууга уруксат берилген. Ал шаарда жашагандарга болсо, 2 балалуу болууга уруксат. Бирок, азыр эми бул мыйзамга өзгөртүү киргизилүүдө, башкача айтканда, балдарды багууга мүмкүнчүлүктөр болсо, кобүрөөк деле балалуу болууга жол коюлуп жатат. Бирок, мыйзамды колубузга ала элекпиз азырынча. Эми айылдарда кыргыздар көп эле балалуу болуп атышат. Бирок, үй-бүлөлөр алардын баарын окутуу, жакшы тарбия берүү, бакубат турмушта жашатуу максатын көздөшү керек .

Токтобүбү Ысактын айтымында, учурда Үрүмчү шаарында 2 миңге жакын кыргыз жашайт жана алар негизинен жогорку жана орто кесиптик окуу жайларын бүтүргөн боордоштурубуз. Алар Үрүмчү шаарындагы кыргыз басма сөз каражаттарында, жогорку окуу жайларда, «Манас» жана «Кыргыз эл оозеки адабият» коомунда билим берүү, илим, саламаттык сактоо жана башка тармактарда иштешет.

1960-жылдарга чейин, Кызыл-Суу облусуна караштуу Акчий, Улуучат райондорунун калкынын 98 пайызын кыргыздар түзүп келген. Кийинки он жыдыктарда, өзгөчө 90-жылдардан тарта бул райондордо да ханзулардын саны кескин көбөйө баштаган. Анткени, мамлекеттин түштүк-чыгышындагы өнүккөн провинцияларында калктын санынын ылдамдык менен өсүшунөн улам, өкмөт чет жакалардагы райондорду да кытайлаштыруу саясатын жүргүзүү жөнүндөгү чечимин кабыл алган. Ага карабастан, кыргыздар жашаган райондор бийик тоолуу аймактар болгондуктан, кыргыздар дагы эле алардагы калктын негизги бөлүгүн түзүшөт. Ал эми бул райондордун кээбир айылдарынын тургундарынын дээрлик 90 пайызы –кыргыздар. Мисалга алсак, Акчий районунун Карабулак, Карачий, Акжар, Кулансарак айылдарында, Улуучат районунун Бөрү-Токой, Тоюн, Жыгын, Бостон-Терек айылдарында кыргыздардан башка улуттардын саны 5-6 пайызга гана барабар жана алар негизинен ханзулар менен уйгурлар. Бирок, Кызылсуунун борбору Артыш шаарынын тургундарынын негизги бөлүгүн бугүнкү күндө кытайлар менен уйгурлар түзөт.

XS
SM
MD
LG