Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:30

ИРАКТЫК САБИЙ-МАНДЕЙЛЕРДИН ДИНИ


Ирактын сабий-мадей жамааты өлкөдөгү эң чакан, тынч жана башкалардан коомай жашаган эл. Сабейлер өз динин Жер бетиндеги эң байыркы дин деп эсептешет жана өздөрүн Адам атага берилген каттын жолдоочулары деп билишет. Тарсалар ыйык туткан “Тоорат” китебинде Адамды Жер бетиндеги биринчи адам деп жазат.

Өз динин Адам атадан башат алат деп ишенишкен сабий-мандейлер жаратканга байыркы арамей тилининде күнүнө үч ирет жалбарышат:

- Улуу жашоо үчүн, Жалгыздын аты менен жана Жалгыз Өзү дүйнөгө тунук жарык чачат, жан берет, ден соолук берет, тынчтык жана жүрөктүн тынчтыгы жана жарык жарылгандагы кубат менен күнөөлөр кечирилет.

Илимпоздордун айтымында, Иса пайгамбар ушу армий талине жакын тилде сүйлөгөн.

Дүйнөдөгү сабийлердин саны 150 миңден ашпайт. Алардын 75 миң чамалуусу Иракта жашайт. Бир уучка жетпеген сабийлер коңшулаш Иранда да бар.
Атасы жана энеси экөө тең сабий болгон бала гана бу эзелки жамаатка мүчө боло алат.

Ирактык сабийлиредин рухнаий көсөмү Сатар Жабар Хело. Сакалы белине жеткен, аттын жалындай көйкөлгөн чачын далысына таштап койгон Хело кең, көлбүрөгөн узун ак мантия кийип жүрөт.

Сабийлер сыйынчу ибадатканада тарса чиркөөсүдөгүдөй эле крест илинип турат. Айырмасы, сабийлер крести жарымына чейин ак жибек менен жаап коюшат. Анын маанисин Сатар мырза мындайча чечмелейт:

- Бул крест –Дарф - бири-бирине кайчы коюлган зейтун дарагынын эки шагын туюндурган плюс белгиси. Ал Ааламдын төрт тарабын билгизет жана Кудайдын жарыгы крестке жабылган таза жибек кийим аркылуу туюндурулат.

Тынч, башка элге аралашпай коомай жашаган сабийилер Иракта алтын жана күмүш иштеткен чебер зергерлер катары таанымал. Алар Иса пайгамбар өлгөндөн 70 жылдан кийин, Вавилондо 365 сабий диниятчысы өлтүрүлгөн күнү бир ирет чокундурулуп, ошо боюнча динин бекем кармап келет.

Хелонун айтымында, сабийилер өз динин христианчылык, иудаизм жана исламдан байыркы деп ишенишет:

- Биздин динибиз иудаизм, ислам же христианчылыктан эски жана алар менен эч катыштыгы жок. Динибизди биз ыйык китепти муундан муунга колдо жазып мурастап келебиз. Биз китептин биринчи бетинен тартып, акыркы барагына чейин көчүрүп жазып чыккан адам улуу алкыш аларына ишенебиз.

Сатар Жабар Хело: “Алланын жалгыздыгын жана көзгө көрүнбөсүн биз да мусулмандар сыяктуу тааныйбыз. Тарсалар сыңары сыйынуунун купуя күчүнө ишенебиз жана Закария пайгамбарга чексиз маани беребиз”,-деп улантат сөздү.

Тарсалар Закария пайгамбарды Жон Баптист деп аташат. Сабийлер тарсалар сыңары пайгамбарды Алланын уулу деп таанышпайт. Алардын ыйык китеби “Кинзераба” –“Ыйык Дөөлөт” деп аталып, китепте жарык караңгыга же шайтанга каршы күрөшөөрү кеңири сүрөттөлөт. Ошондуктан, алар ак жана башка жеңил түстөрдү алар аздектеп сүйүшөт. Хелонун айтымында:

- Ак кийим жарык дүйнөгө таандык жана периштелердин кийимин кийүү дегенди түшүндүрөт. Биз динаятчылар актан башка өңдөгү кийимди кийбейбиз жана ак кийимчен гана ибадат кылабыз. Бардык өңдөр ак түстөн башталат. Карадан сиз каалаган түстү жасай албайсыз.

Сабийилер “Ыйык Дөөлөт” китебине ант бериши шарт. Аларга адам өлтүрүүгө, жалган сүйлөөгө, никени бузууга, уурулукка жана арак ичүүгө, адам өлгөндө ыйлап узатууга уруксат жок. Сабий-мандейлер жылына бир ирет 36 күн орозо тутушуп, ал күндөрү эт, жумуртка жана балык жешпейт. Жамаат мүчөлөрү кедей-кембагалды динине карап ажыратпай, жардам көрсөтүүсү милдет.

20 жаштагы Уафа Саба сабийилердин өз ара мамилеси жөнүндө:

- Биз баарыбыз агайын-ини, эже-сиңдибиз. Эгер кимдир бирөө жардамга муктаж болсо, биз көмөк көрсөтөбүз. Сен башка адамга жардам берсең, башка күнү ал сага жардам кылат. Биз мандейлер баарыбыз бир үй-бүлө, ага-ини, эже-сиңдибиз. Буерде бул эркек менен тиги аялдын ортосунда айрыма жок.

Бирок сабийилерди радикалдуу мусулман топтору көп жакшы көрүшпөйт деп улантат кеп учугун андан ары Хело:

- Биз Саддам Хусейндин режиминен азап чектик. Бирок бизге ар качан үчүнчү сорт эл катары мамиле жасалганынан биз көп жабыркадык. Буга биз абдан кыжаалатпыз. Сабийилер эмес, биздин тарса агайындарыбыз да кыйналууда. Бул коомдун кемчилиги. Алар бизди мусулман болбогондон кийин кайридин деп эсептешет. Бул аларга каапырларды өлтүрүүгө же тоноого жол берет.

Хелонун сөзүнө караганда, шиит уламалары сабийилерди айыптаган фатва-өкүм да чыгарышкан. “Мусулман диниятчылары даап келишип, биздин ыйык китебибизди окушса, биздин нукура окуунун жолунда экенибизди көрүшмөк”.
XS
SM
MD
LG