Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:16

КЕРРИНИН БУШТАН БИР АЙЫРМАСЫ - СОГУШКА КАТЫШКАНЫ


Бостондо АКШнын Демократиялык партиясынын жалпы улуттук курултайы уланууда. Курултайдын бүгүнкү соңку иш күнүндө сенатор Жон Керри сөз сүйлөйт жана ал Деморократиялык партиядан президенттикке талапкер болуп расмий түрдө бекитилмекчи. Курултайда шаршембиде сөз алган ораторлор сенатор Керри жаш кезинде Вьетнам согушуна катышканына басып жасашып, антитеррордук согуштун шарттарында ал өлкөнү азыркы президент Жорж Бушка караганда мыкты башкараарын белгилешти.

АКШнын Демократиялык партиясы өз талапкери Жон Керринин Вьетнам согушуна катышуусун анын атаандашы, азыркы президент Жорж Буштан негизги артыкчылыктарынын бири катары көргөзүүдө. Мындай маанайдагы сөздөр буга чейин да айтылып келген, бирок курултайдын үчүнчү иш күнү – шаршембиде бул маселе борбордук тепкичке көтөрүлгөнсүдү.

Жон Керри өзү мындан отуз жыл ашуун илгери Американын коомчулугуна Вьетнам согушунун токтошу үчүн күрөшүүчү катары белгилүү болгон эле. Анда аскер- деңиз флоттун лейтенанты Керри Вьетнамдан аскерий сыйлыктар менен бирге көз карашы да өзгөрүп кайткан. Шаршембиде ал өзүнүн кичи мекени, Демпартиянын курултайы өтүп жаткан Бостон шаарына Вьетнам согушунун ардагерлеринин коштоосунда, кайыкта келди. Мунун алдында ал шайлоо кампаниясынын алкагында штаттарды кыдырып жүргөн болчу. Жон Керри менен кошо вице- президенттикке аттанып жаткан сенатор Жон Эдварс курултайда өнөктөшүнүн аскерий өткөнүнө токтолуп мындай деди:

-Адам мекенине өз эрки менен кызмат кылган учурда, өз өмүрүн башкалар менен катар койгон учурда ал - Американын чыныгы баалуулуктарын чагылдырган адам.

Жон Эдварс өз сөзүнүн негизги бөлүгүн тышкы саясаттын маселелерине арнады. Анын айтымында, АКШ Иракта демокаратия курууга милдеткер. Бирок Эдварс президент Буштун администрациясын согуш алдында европалык өнөктөштөр менен ойдогудай кызматташа албаганы үчүн сындады:

-Өнөктөштөрүбүздү чыңдоочу жана жетектөөчү жаңы президент менен биз НАТОнун Иракты коопсуз кылууга жардам берүүсүнө жетише алабыз. Биз Ирактын Сирия жана Иран сыяктуу коңшулары аны демократиялаштыруу жолунда турбашын кепилдей алабыз. Биз Ирактын экономикасына башка өлкөлөрдүн анын ири карыздарын кечүүсүнө жана кайра куруу жараянына катышуусуна жетишүү менен жардам бере алабыз. Биз муну Ирактын эли жана биздин аскерлер үчүн жасоого кудуреттүүбүз жана биз муну ишке ашыруу укугун алабыз.

Президенттикке талапкер Жон Керринин аскерий өткөнү азыркы үчүн пайда экенин өз сөзүндө АКШ армиясындагы чоң кызмат - Штаб башчылардын бириккен комитетинин мурдагы төрагасы, отставкадагы генерал, теги боюнча грузин Жон Шаликашвили да белгиледи. Анын айтымында, Керри президент катарды өнөктөштөрдү cактай алат:

-Террорго каршы согуштагы ийгилик же Ирак менен Ооганстанда тынчтык жана стабилдүүлүк орнотуу өнөктөштөр менен досторду күрөштө, татаал жана узакк созулуучу кайра куруу ишинде өз тарабыбызга тартмайынча болчудай эмес.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG