Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:49

БАЛАНЧИНДИН БАЛЕТ ДҮЙНӨСҮ


Бурулкан Турдубек кызы, Прага Балет өнөрүнүн белгилүү устаты Жорж Баланчиндин 100 жылдык мааракеси быйыл АКШда жана Орусияда чоң ызаат менен белгиленип жатат. Жорж Баланчиндин атагын дүйнөгө өзүнүн “Нью-Йорк Сити Балет” труппасы чыгарды. Дүйнөдөгү өзгөчө чыгармачыл өнөрканалардын бири саналган труппа жакында Баланчиндин урматына салабаттуу кече өткөрүп, Кошмо Штаттардын өнөр дүйнөсү Баланчиндин мектебине дагы бир ирет ызат көрсөттү.

Жорж Баланчин 1904-жылы Георгий Мелитонович Баланчивадзе деген ат менен Орусияда композитордун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Петрограддагы хореографиялык окуу жайын бүтүргөн. 20 жаштан ашып-ашпай батышты көздөп кеткен Баланчин өзүнүн таланты менен бүтүндөй Американын өнөр дүйнөсүн багындырды. Аны балет сүйүүчүлөр Америка балетин кайра жаратуучу катары таанышат. Ал эми анын жаңы нукта жараткан жүздөгөн балеттик чыгармалары күнү бүгүнкүдөй жашап келатат.

Балет чебери өмүрүнүн акырына чейин жаңы стилдеги хореографиялык 400дөн ашык бийди иштеп чыккан. “Нью-Йорк Сити Балет” труппасында 1962-70-жылдары бийлеген артист Кен Стеуэл Баланчинди Америка өзгөчө таасирленткен болуу керек деп жоромолдойт:

- Менимче, Американын музыка театры, америкалык индивидуалдуулук аны өзгөчө шыктантса керек. Орусияда калыптанган бий стилинин алкагынан чыккыдай эргитсе керек. Баланчин мырзанын чыгармалары таң каларлыктай тынымсыз өзгөрүп, кубулуп турат.

Бирок Баланчин өзүн чыгаан чебер катары эмес, музыкага кызмат кылган жөнөкөй балетмейстер катары эсептечү. Жан дүйнөнү ыргалткан музыка болбосо сюжетсиз, жаңы стилдеги классикалык чыгармалардын жаралаарынан күмөнсүнчү.

- Мен музыканы окуганды үйрөнүп алган эле жөнөкөй балетмейстермин, - деген ал 1972-жылы телекөрсөтүүлөрдүн биринде сүйлөгөн сөзүндө, - Мен үчүн музыка маанилүү, анткени, биз кабаттарга ошол аркылуу көтөрүлөбүз. Сиздер балет деп атаган бийдин музыкасын жараткандар - Чайковский, Дэлайбс, Ставринский өңдүү эң мыкты композиторлор.

Баланчин өз чыгармачылыгында балеттерден тышкары Голливуд жана Бродвей үчүн музыкалык комедияларды да койгон. 1950-жылдары шаардык балет труппасынын башкы балеринасы болгон Франсия Рассел мынчалык музыка менен жуурулушкан балетти мурда көрбөгөнүн айтып, суктанат.

Шакирттери болсо Баланчинди өтө тыкан, талапты катуу койгон, бирок чеберчиликке убакытты аябай, ташыркабай, ынтаасы менен берилип үйрөткөн, кайталангыс устат катары эскеришет.

Советтик мезгилде Орусиянын балет тармагы Баланчинди көңүлгө алууну ылайык көрчү эмес. Учурда анын 100 жылдыгы Орусиянын атактуу Чоң театрында жана Маринский театрында белгилене баштады. Июнь айында Санкт-Петербургда хореографтын урматына жаңы спектаклдин премьерасы коюлаары күтүлүүдө. Ал эми атактуу “Нью-Йорк Сити Балет” труппасы жыл башынан бери өзүнүн негиздөөчүсүнүн жүз жылдыгын чоң программанын алкагында даңазалап жатат.
XS
SM
MD
LG