Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:07

ФЕЛИКС КУЛОВДУН ЖАЗА МӨӨНӨТҮ АЯКТАДЫ, БИРОК АНЫН ЭРКИНДИККЕ КАЧАН ЧЫГААРЫ АЛИ БЕЛГИСИЗ


Кыяс Молдокасымов, Бишкек 19–июлда өткөн ѳнөктөштүк форумунда «Арнамыс» партиясынын лидери Феликс Куловдун боштондукка чыгышы тууралуу маселе көтөрүлүп, бирок ал жоопсуз калды. Ал эми Ф.Кулов саясый куугунтукта деген көз караш туура эместигин, аны боштондукка чыгаруу өтүнүчү менен кайрылуу келип түшкөн күндө да аны кылмыш иштин негизинде карай турганын ошол эле форумда мамлекет башчысы ачыктаган. Бирок, Феликс Кулов эч качан кечирим сурап кайрылбастыгын айтып келет.

Өнөктөштүк форумунда «Арнамыс» партиясынын лидери Феликс Куловду бошотуу талабын койобуз деген оппозициянын аракетинен эч кандай жыйынтык чыкпаганы коомчулукка маалым. Атүгүл партия төрага орунбасары Эмил Алиевге акыркы сөзүн айттырбай токтоттуруп коюшкан. Ал эми мамлекет башчысы Аскар Акаев Ф.Кулов кылмыш иши үчүн абакта жатканын баса белгилеп, аны саясый көз карашы үчүн куугунтукталууда деген пикирди четке какты.

- Мен президент катары Куловдун кылмыш ишине байланыштуу өтүнүчтү мыйзам чегинде кароого милдеттүүмүн, ар дайым карап келгемин, карай бермекчимин. Бирок, менден Феликс Куловду саясый айыпкер катары кароомду өтүнүп аны бошотуумду же ага карата чараны өзгөртүүнү сурап жатышат. Мен андай иш бизде жок жана болгон эмес деп эсептейм.

Бирок, Феликс Кулов менен жакын санаалаштары анын абакта жатышын кылмыш иш менен эч кандай байланышы жок деп эсептешет. Ошондуктан Феликс Кулов атып салам деген күндө да эч качан кечирим сурабасын, өзүн эч качан күнөөлүү деп эсептебесин ар убак айтып келет.

- Мени атып салам десе да эч качан кечирим сурабашымды айтып койгум келет.

Президенттик админстрациянын коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаков Феликс Куловду саясый айыпкер деп атоого эч кандай негиз жоктугун, аны баягы эле сасык саясатчылар чыгарып келет деген пикирде.

- Баягы эле сасык саясатчылардын чыгарган сөзү, эмне кылабыз? Эч кандай негиз жок, негиз болушу да мүмкүн эмес. Себеби, көзгө көрүнүп турган нерсени кантип танабыз. Сотто деле ошол маселелер көтөрүлбөдүбү, ошонун бары айтылбадыбы. Тээтиги жерде турган «Сейтек» шаарчасын билесиз да. Ошол шаарчага Бишкек шаарынын 15 миллион сому жөн эле кетип калган. Кайткан жок ошол. Ошол эле Чүй областында губернатор болуп турганда берип жиберген 16 миллион сом ушуга чейин кайтарылган жок. Бул эмне, коррупция эмеспи?

Аскар Акаевдин жана Болот Жанузаковдун пикири менен Феликс Кулов макул эмес. Өнөктөштүк форумунда айтылган мамлекет башчысынын пикирине абакта жаткан Феликс Куловдун берген жообун анын орунбасары Эмил Алиев мындай деп билдирет:

- Ага карата Феликс Шаршембаевич мындай жооп берген: «Биздин Кылмыш кодексте саясый кылмыш жок деп жазылган да. Эгер анда саясый кылмыш жазылганда, анда саясый кылмыш менен эле камамак болчу, бийликке каршы сүйлөгөн сөзү үчүн деп».

Эмил Алиев андан ары Жогорку сот жаңыдан гана ишке киришти, Феликс Куловдун ишин мындан ары карайт деген үмүттөбүз деп кошумчалады.

- Жогорку сот мына бүгүнкү күндөн баштап иштеп атат. Арызды карай элек. Жаңыдан гана бөлүштүрүп жатат. Эми мындан ары расмий түрдө кароого өтөт.

Бирок, Куловду бошотуп жиберээрине анын орунбасары Эмил Алиев ишенбей турганын, тескерисинче бул бийликтен үмүттү үзүп коюш керек деген пикирин жашырбайт.

- Менин оюмча Феликс Куловду бошотуп жибирет деп ишенүүгө болбостур. Анткени президенттин айтканын да уктук. Мага жасалып жаткан бийликтин мамилесинен да көрүнүп жатпайбы. Бул бийликтен үмүттү үзүп коюш керек.

Коомчулукта Феликс Куловдун жаза өтөө мөөнөтү бүткөнүнөн улам ал жакынкы күндөрдө боштондукка чыгат деген ишеним пайда болууда. Ф.Кулов өзү да эртеби- кечпи бийликке дурус адамдар келсе мен толук акталам деп эсептейт.

- Бир жылдан кийинби же бир жарым жылдан кийинби жаңы шайлоодон кийин бийликке жаңы адам келет. Мен ошондо толук акталам. Анткени, эртеби же кечпи бийликке дурус адамдар келет.

Феликс Куловдун маселеси жергиликтүү саясатчылар тарабынанбы, болбосо эларалык уюмдарданбы, айтор ар убак көтөрүлүп келгени менен анын эркиндикке качан чыгаары али жабык тема бойдон калып келет. Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына байланыштуу «Мунапыс» мыйзамына ылайык Куловдун боштондукка чыгаары тууралуу сөздөр да айтылып келет. Бирок, ал качан аткарылат, аны эч ким айталбайт. Айтпайт дагы.

XS
SM
MD
LG