Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34

МЕКЕН САКЧЫЛАРЫНЫН МАЙРАМЫ


Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында Мекен коргоочулардын күнү салтанаттуу белгиленди. Анда Кыргызстандын премьер-министри Николай Танаев сөз сүйлөдү. Быйылтан баштап 23-февраль Мекен коргоочулардын күнү катары белгиленет.

23-февралда Бишкектеги Жеңиш аянтында Мекен коргоочулардын күнүнө арналган майрамдык жыйын өттү. Салтанатты Бишкек шаар башчысы Медетбек Керимкулов ачты. Ата мекенди коргоодо курман болгондорду бир мүнөт эскерүүдөн кийин премьер–министр Николай Танаев чогулгандарды майрамы менен куттуктады. Өкмөт башчы майрамдын жаштарды мекенин сүйүүгө жана коргоого, патриоттук духта тарбиялоодо мааниси зор экендигин баса белгиледи.

Согуш ардагерлеринин атынан Советтер Союзунун баатыры генерал-майор Дайыр Асанов сөз сүйлөп, Мекенди коргоо ыйык милдет экендигин айтты.

Кыргызстандын коргоо министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы полковник Мирбек Койлубаевдин айтымында, азыр аскер кызматына баары чакырылбайт. Аскерге чакырылуучу 60-70 миңдей уландар бар. Ошонун ичинен ар жыл сайын 12 миң жигит иргелип тандалып алынат. Былтыр аскердик доктрина кабыл алынган. Анда 2010-жылга чейин Кыргызстанда профессионалдык армия түзүү маселеси каралган. Быйыл АКШнын жардамы менен сержанттар мектеби уюштурулууда. Кыргыз аскерлерине азырынча курал- жарак жетиштүү. Аскерлерде кийинки жылдары жаңылануу, байкалаарлык өзгөрүүлөр болууда.

Кыргыз аскерлери жөнүндө Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ооган согушунун катышуучусу Акбөкөн Таштанбековдун пикири төмөнкүдөй:

- Кыргыз аскерлеринде азыр карапайым калктын арык уулдары кызмат кылууда. Жетекчи кызматкерлердин балдары аскерге чакырылбайт. Совет доорунан калган курал- жарактар эскирип иштен чыгып бүткөн. Жаңысын алууга чама жетпейт. Вертолеттордун көбүн эбак сатып жиберишкен. Кыргыз аскерлерине өкмөт ар тараптан жардам берүүсү керек.

Кыргыз аскерлеринин арасында адистик маселеси чечилүүдө.11 жылдын ичинде 700 кыргыз жигит чет өлкөлөрдөн аскер адистигине ээ болуп келишкен. Кенже офицерлерди даярдоо боюнча Бишкекте Жогорку аскер окуу жайы иштейт.

Баткен окуялары (1999 - 2000) Кыргыз аскерлери үчүн чоң сыноо болду. Кыргызстандык жоокерлер баскынчыларга татыктуу сокку бергени менен чама-чаркы чакталуу экени көрүнүп калды. Мына ошол окуядан кийин Кыргыз аскерлерине көңүл буруу керектиги, материалдык-техникалык базасын чыңдоо зарылчылыгы айкын билинди.

23-февраль мурда Советтик Армиянын жана Аскер деңиз флотунун күнү эле.1918- жылы 23-февралда жаш советтик түзүлүштү германдык баскынчылардан коргоо үчүн ыктыярдуу адамдар Кызыл Армиянын катарына жазылып Мекенди коргоого аттанган. Ошол күндөн баштап СССР тараганга чейин ар жыл сайын 23-февраль салтанаттуу майрамдалып турган.

Кийин мурунку союздук республикалардын көбүндө бул майрам белгиленбей калган. Ошентсе да, аскер кызматкерлери көнгөн адат боюнча бул күнү майрамдык маанайда жүрчү. Атуулдардын Мекенди сүйүүсүн арттыруу жана патриоттук сезимди чыңдоо максатында Кыргыз өкмөтү быйыл 20-январда жаңы токтом кабыл алган. Анда 23-февраль мындан ары Мекен сакчыларынын күнү катары белгиленип аскер бөлүктөрүндө майрамдык салтанаттар өткөрүлөөрү айтылган. Арадан 12 жыл өткөн соң майрам кайрадан расмий белгиленип жатат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG