Кыргызстанда ТикТок социалдык түйүнүнө тыюу салынгандан көп өтпөй эле АКШда бул тиркемеге каршы мыйзам кабыл алынды. Казакстан соңку учурда калктын калың катмары колдонгон платформаны чектөө планы бардыгын билдирди. Ал эми Евробиримдик ТикТоктун үстүнөн иликтөө баштады.
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда "Манас" айтуу иш-чарасы учурунда окуучуларды портер коюп кетти. Жабыкаган 30 баланын көбү ооруканага түштү. Грузияда миңдеген киши митингте чыгып жатат. Бириккен дүйнөлүк күрөш уюму Айсулуу Тыныбекованы апрель айынын мыктысы деп тапты.
Грузин парламенти “чет элдик агент” тууралуу мыйзам долбоорун 1-майда экинчи окууда кабыл алды. Оппозиция жана жарандык коом мыйзамга каршылыгын билдирип, эки күндөн бери Тблисиде митингге миңдеген адам чогулуп жатат.
Баш каалаанын башчысы Айбек Жунушалиев 16-апрелде Ататүрк паркынан жеке жактарга жер берген мэриянын буга чейинки 124 токтому жокко чыгарылганын билдирген. Ушул тапта сейил бакта мыйзамсыз курулган 198 объект бар деп эсептелген. Мурда курулушка бөлүнгөн 43 гектар жер кантип кайра шаарга кайтарылат?
Кыргызстандын Пробациялык көзөмөл департаменти "Украинадагы согушка катышкан" деген айып менен соттолуп, кийин пробация аркылуу бошотулган Аскар Кубанычбек уулунун Орусияга кантип чыгып кеткени боюнча түшүндүрмө бере элек.
ХАМАС радикал уюму Газадагы ок атышууну убактылуу токтотуу тууралуу сунушту карай баштады. Ал арада Израил армиясы Газа тилкесине сокку урууну улантууда. Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовду мандаттан ажыраткан чечимди Жогорку сот күчүндө калтырды.
Үч округда парламент депутатын шайлоого байланыштуу оозеки жана жазуу түрүндө жалпысынан 50гө жакын кайрылуу түшкөнү расмий маалымдалды. Анын ичинде добуш сатып алуу боюнча чара көрүү суранычы камтылган кайрылуулар да бар.
Украинанын Куралдуу күчтөрү фронтто кырдаал курчуганын, украин аскерлери айрым конуштардан артка чегингенин билдирди. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаров өзүн айыптуу деп тапкан райондук соттун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна даттанарын айтты.
28-апрелде Баткен, Ош жана Кара-Суу округдарында Жогорку Кеңештин депутатыгына шайлоо өтүп, добуш бергендердин активдүүлүгү төмөн болду. Бул жолку кайра шайлоо парламенттеги эл өкүлдөрү мандаттан баш тарткандан кийин өттү. Бийликтин башкы сынчысы саналган Адахан Мадумаров мандатынан ажырады.
Орус армиясы Донецк облусунда Новобахмутовка деген айылды өз көзөмөлүнө алганы кабарланды. Биринчи күнгө караган түнү Донецк, Харьков, Сумы жана Запорожье облустарына жасалган минометтук чабуулдардан кеминде жети киши жараат алганы кабарланды.
“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку мейманы Кыргыз Республикасынын эл артисти, кинорежиссер Артыкбай Сүйүндүков болду.
Кыргызстандын үч аймагында – Ош, Баткен, Кара-Суу бир мандаттуу округдарында парламентке кезексиз шайлоо башталды. Бул үч округдан шайланып келген мурдагы депутаттар өз ыктыяры менен мандатын тапшырышкан.
Дагы жүктөңүз