Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:35

Бишкек: Маңзатка каршы күрөшпү же коркутуубу?


Дем алыш күндөрү Бишкектеги бир катар барларга милиция кызматкерлери кирип келип, маңзат издеген.
Дем алыш күндөрү Бишкектеги бир катар барларга милиция кызматкерлери кирип келип, маңзат издеген.

Түнкү саат бир. Көчөдө чылым чегип отурган бишкектик бармен шаардын чок ортосундагы ал такай келген жайга куралчан милиция кызматкерлери тинтүү үчүн басып киргенин түшүндү.

"Биз бир маалда тапырап кирип келаткан 10 чакты кишинин добушун уктук. Алардын бири бизди кармап, колубузду желкебизге койгула деп буйрук берди", - деди атын атагысы келбеген рейддин күбөлөрүнүн бири.

"Айлан бар" - Бишкектеги искусство жана музыка сүйүүчүлөр чогулган жер. Эки жыл мурун ачылган бул жайдын буга чейин милиция менен эч кандай чатагы болгон эмес. Бирок өткөн дем алышта Бишкек шаардык милициясы бул аймакта баңгизатка каршы рейд жүргүзгөн.

Бишкек шаардык милициясы 16-апрелдеги рейд тууралуу тарткан билдирүүдө "Айлан барда" "маңзат колдонгон" деген шек менен кармалган үч адамдын анализинен "мыйзамсыз заттар аныкталганы" айтылат.

Бишкек милициясынын рейди
Бишкек милициясынын рейди

"Белгилей кетсек, мындай иш-чаралар тынымсыз жүргүзүлүп турат", - деп билдирди шаардык милиция.

Соңку жылдары өзгөчө бир креативдүүлүгү менен айырмаланган Бишкектеги маданияттын мындай агымына милициянын жогорудагы билдирүүсү кооптуу туюлат.

Бирок бул соңку маалда толеранттуулук жокко эседей сезилген бүгүнкү Кыргызстанда кадимкидей көрүнүш болуп калгандай.

Колго жасалган түтүк

Бишкектин милициясы өткөн дем алыш күндөрү жүргүзүлгөн атайын иш-чаралардын жыйынтыгы "жупунудай" көрүнөт.

Милиция "маңзат оролгон даяр тамеки, маңзат майдалоочу аппарат, колго жасалган бонг (ред. маңзат же тамеки чегүү үчүн колго жасалган желим түтүк) жана "күчтүү маңзат" табылганын билдирди.

"Айландагы" рейд маалында тартылган видеолордо бул "чоң бир олжодой" көрсөтүлүп, күч кызматкерлери имаратты тинтип жатканы, жерде көмкөрөсүнөн жаткан кишилер байкалат.

Бир маалда камера Lyrica деген жазуусу бар бир дарыга барып кадалат. Эпилепсиясы барлар колдонгон Pfizer компаниясынын бул дарысы башка өлкөлөрдөгүдөй эле Кыргызстанда да бир топ суроо жараткан. Бирок бул дарыны Кыргызстандын дарыканаларынан атайын догдурдун көрсөтмөсү менен мыйзамдуу эле сатып алса болот.

Милициянын рейди учурунда табылган дары
Милициянын рейди учурунда табылган дары

Милициянын 15-апрелдеги дагы бир маалыматында Бишкектин башка жеринде жүргүзүлгөн рейдде "мефедрон деп болжолдонгон, химиялык жыты бар, ак порошок зат салынган сыдырмалуу эки баштык" табылганы кабарланат.

Билдирүүдө клубдун жетекчилигинин бир мүчөсү жана бир кардардын канынан баңгизат аныкталганы айтылганы менен кандай зат, кайсыл жерде анализ жасалганы жазылган эмес.

Барда иштегендер милициянын рейддери катаал болгонун айтышат.

Алардын бири "Азаттык" радиосуна берген комментарийинде офицерлердин орой мамилесин, коркутуп-үркүткөнүн жана үрөй учурган жүрүм-турумдарын айтып берди.

"Алардын көбү кадыресе эле көрүндү, бирок арасында абдан агрессивдүү үч эркек бар эле. Алар бизге кыйкырып, алтургай кол көтөргөнгө чейин жетти. Досторубуздун бирин бутка уруп, ал дагы эле аксап жүрөт. Дагы бир кардарды курсакка тебишти. Орусча билбеген бир чет элдикке кыйкырышты. Мен аларга анын түшүнбөгөнүн айтсам да кыйкыра беришти", - деди кызматкер.

"Полиция тинтүү маалында эркектер менен аялдарды бөлүп, эркектерди тыкыр текшеришти", - деп кошумчалады иштегендердин бири. "Алар аялдарга сабырдуу мамиле жасап, "эмнеге мындай кооптуу жерге келдиңер?" деп сурашты. Аялдар коопсуз жер деп келишкенин айтышты. Бир милиционер атүгүл бир аялга тийише баштады".

"Азаттык" бул дооматтар боюнча Бишкек шаардык милициясына кайрылды, бирок материал жарыяланган учурда жооп келген эмес.

Жалпысынан эки булактын маалыматы боюнча "Айландан" 10 адам текшерүүдөн өтүү үчүн Бишкек шаардык милиция бөлүмүнө жеткирилген. Бар жабылган.

"14-апрелден бери бизге милиция эч нерсе айта элек", - деди бардын кызматкери.

Милиция жана коопсуз жайлар

Бишкек Борбор Азияда байманасы ташыган шаар болбогону менен ар түрдүү оюн-зоок мданияты жайылган болчу.

Мисалы, Кыргызстандын борборунда чөлкөмдө биринчи жолу сыраны колго жасап саткан паб ачылган. Аял ишкерлер негиздеген бул жай бара-бара жергиликтүү жана чет элдиктердин сүйүктүү жерине айланган.

Акыркы убакта Бишкекте аниме жана косплей маданияты өнүгүп, фестивалдарда жапон стилиндеги кооз костюмдарды кийген жаштарды көрүүгө болот.

"Айлан" негизделгенден бери чыгармачыл адамдар жана маданият сүйүүчүлөрү үчүн "коопсуз жер" деп саналганын айткан кызматкер бардын коопсуздук кызматы келгендерди текшерип, бейбаштарды киргизбей турганын баса белгилейт.

"Айланда" апрелде аниме кино айы жарыяланып, стол теннисинен беттештер жана акысыз искусство сабактары өткөрүлүп турган. Милиция текшерип келген түнү электрондук бий кечеси өтүп жаткан.

"Рейдден кийин айрым уюштуруучулар бизде иш-чараларды өткөрүүдөн чочулап жатканын айтышты", - деди бардын кызматкери.

"Айлан" бардын эшигине милиция мөөр басып койгон.
"Айлан" бардын эшигине милиция мөөр басып койгон.

Бул президент Садыр Жапаровдун жана анын таасирдүү үзөңгүлөшү Камчыбек Ташиевдин барган сайын катаалдашып бараткан режимин ойлондурбашы мүмкүн. Анткени алардын популизминин өзөгү анимеге эмес, кыргыздын салттуу баалуулуктарына негизделген.

Ушул айда Орусиядагы "чет өлкөлүк агент" мыйзамынын көчүрмөсү деп сыпатталган, бейөкмөт уюмдарынын ишин чектеген мыйзам күчүнө кирди. Муну сынчылар коңшу өлкөлөрдүн терең авторитаризмине шайкеш келет деп эсептешет.

Ошол эле учурда Ташиевдин баңгизаттарына карата өтө терс көз карашы жалпыга маалым.

Бул тууралуу эки жыл мурун, белгилүү журналист Болот Темировду Бишкектеги анын басылмасынын кеңсесин тинтүү учурунда куралчан милиция кызматерлери кармагандан кийин белгилүү болгон.

Анда Темиров Live жаңы журналисттик иликтөөсүн жарыялап, Ташиевдердин үй-бүлөсү мамлекеттик күйүүчү май заводунун ишмердүүлүгүндө канчалык таасирдүү экени айтылат.

Темировго адегенде "маңзат сактаган" деген айып тагылган, бирок кийинчерээк бул айыпты Бишкектин жергиликтүү соту алып салган.

Кийин башка айыптар менен соттолгон журналист "маңзатты аны каралоо үчүн чөнтөгүнө салып коюшканын" айткан. Наркологиялык экспертиза анын таза экенин көрсөткөн.

Бирок жемкорлукту ашкерелеп ырдаган дагы бир активист, акын Болот Назаров маңзатка байланыштуу кармалып, милиция анын баңгизат колдонгону аныкталганын билдирген.

Камакка алуулар боюнча алгачкы нааразылык акциялары учурунда таасирдүү Ташиев Назаровдун колго жасалган түтүк (бонг) менен тамеки чегип жатканы ачыкка чыгып кеткен кадрларга таянып, Назаровду "күнөөлүү" деп ырастаган.

Ташиев маалымат жыйынында дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун кара куурай чеккен өспүрүмдөр жакшы билген, орусча "бульбулятор" деген колго жасалга түтүккө ашыкча маани берип, андай аспап "оор маңзат чегүү үчүн колдонуларын" айткан.

"Бул таза маңзат эмес, химиялык дарыга айланат. "Бульбулятор" болсо анын эффективдүүлүгүн жогорулатат", - деп түшүндүргөн ал.

XS
SM
MD
LG