Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:47

Ирандын бир нече шаарында нааразылык акциялары өттү


Иран. Оор жүк ташуучулар. Иллюстрациялык сүрөт.
Иран. Оор жүк ташуучулар. Иллюстрациялык сүрөт.

Иранда карапайым тургундар арасындагы социалдык көйгөйлөргө байланыштуу акцияларына оор жүк ташуучу айдоочулардын дизелдик отун квотасы кыскарганына каршы нааразылыгы кошулганын 2-майда «Фарда» радиосу кабарлады. Айдоочулардын митингдери бир нече шаарда өткөнү, алар чекене соодадагы кара майдын бир айлык нормасы мурда 3000 литр болсо, эми 500 литрге түшкөнүнө нааразылыгын билдиришкени маалымдалды.

Соңку күндөрү Ирандын ар кайсы аймактарында, «Фарда» радиосу кабарлагандай, карапайым элдин жашоо деңгээли төмөндөгөнү, айлык маяна өз убагында төлөнбөй жатканы, өкмөттүн социалдык колдоосу жетишсиз экени айтылган акциялар өттү.

Мунай компаниялары дизел майы боюнча квотаны кыскарткандан кийин иш дээрлик токтоп калганын билдирген айдоочулардын митингдери Тегеран, Керман, Бушир шаарларында, Систан жана Белужистан провинциясынын эки калаасында да уюштурулду.

Квота апрель айында кыскара баштаганы, реалдуу суроо-талап эске алынбай жатканы, мурда оор жүк ташуучу айдоочулар каалаган бекеттен барып май куйдуруп жүргөн болсо, эми айрым гана бекеттерге баруу, алардын иштөө тартибин эске алуу керектиги белгиленди. Муну менен катар дөңкөлөктүн шинасы, кошумча тетиктер да кымбаттаганы тейлөө баасын жогорулатты.

1-май Эл аралык эмгек күнүнө карата Эрак шаарында пенсионерлер пикет өткөргөнү, Шуш шаарында жергиликтүү гезиттин кызматкерлери, Тегеранда «Меллат» банкынын ишине нааразы пенсионерлер, Саламаттык сактоо министрлигинин алдына чогулган диетолог студенттер жана бүтүрүүчүлөр, Керман шаарында көмүр шахтасында иштеген жумушчулар, Бахш районунда жер тилкелери конфискацияланып, жез кени иштетилишине каршы жергиликтүү тургундар, жүзүм өстүргөн инвесторлор прокуратура алдында акция уюштурушканы белгилүү болду.

«Фарданын» маалыматына караганда, 170 муниципалдык кызматкер иштен алынды, айрым активисттер суракка чакырылды, бийлик мындай акциялар «сырттагы күчтөрдүн» шыкагы менен уюштурулганын айтууда.

Иран өзүнүн өзөктүк программасы үчүн АКШнын санкциясына кабылган, ошондуктан бир топ экономикалык чектөөлөр шартында жашайт.

2022-жылы Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен 22 жаштагы студент кыз Махса Амини абакта каза болгон. Полиция ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтып беришкен.

Амининин абактагы өлүмүнөн кийин өлкөнүн бир нече аймагында нааразылык акциялары башталган, жүздөгөн киши кармалып, кеминде 200дөй адам өлүм жазасына тартылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG