Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:52

Астана сапары: кыргыз-казак кызматташтыгы, чек ара жана суу


Садыр Жапаров жана Касым-Жомарт Токаев. Астана. 19-апрель, 2024-жыл.
Садыр Жапаров жана Касым-Жомарт Токаев. Астана. 19-апрель, 2024-жыл.

Президент Садыр Жапаров 19-апрелде Казакстанда расмий сапары менен болду. Анын алкагында “Союздаштык мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө” келишим жана башка бир катар документтерге кол коюлду.

Коңшу өлкөлөр ортосунда маал-маалы менен чек арадан жүк өткөрүү маселеси татаалдашып турат. Кыргызстан менен Казакстандын аймактагы суу-энергетикалык ресурстарды пайдаланышы боюнча да сын-пикирлер арбын.

Президент Садыр Жапаров Астанага расмий сапарында кыргыз-казак мамилесинде саясий карама-каршылыктар жок экенин билдирди:

“Казакстан - биздин эң жакын коңшубуз. Тышкы саясатыбыздагы өзгөчө артыкчылыктуу орунга ээ болгон боордош мамлекет, негизги соода өнөктөштөрүбүздүн бири. Биздин мамлекеттер ортосунда эч кандай саясий жана аймактык карама-каршылык жок деп дайыма айтып келем. Урматтуу Касым-Жомарт Кемел уулу, мамлекет башчынын кызмат ордуна келгенден бери эле мен кыргыз-казак кызматташтыгы болобу, башка эл аралык маселелерде болобу, дайыма сиздин колдооңузга таянып келем. Биз бир тууган мамлекеттердин башчылары катары өз ара ишенимдүү мамилелерди түзө алдык деп ойлойм”.

Ал эми казак президенти Касым-Жомарт Токаев эки өлкөнүн саясий мамилеси чыңдалып, соода-экономикалык алакасы өсүп жатканын белгиледи.

Андан кийин мамлекет башчылар эки өлкөнүн Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин алтынчы жыйынын өткөрүштү.

Делегациялардын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында “Союздаштык мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө” келишимге кол коюлду.

Мындан тышкары, Мамлекеттер аралык кеңештин чечими, “Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” протокол, “Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө” макулдашуу, Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында "Автоунаа өткөрүү пункттарын өнүктүрүү боюнча биргелешкен иш-чаралар планы (Жол картасы)", Кыргызстандын Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиги менен Казакстандын Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министрлиги ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум, ошондой эле Кыргызстандын Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен Казакстандын Өнөр жай жана курулуш министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

Садыр Жапаровдун бул расмий сапары гуманитардык иш-чаралар менен дагы коштолду. Анын алкагында Астананын негизги көчөлөрүнүн биринде “Айкөл Манастын” эстелиги тургузулду. Муну менен катар "Казакстан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын ортосундагы эки жактуу мамилелерди бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" Садыр Жапаров Казакстандын I даражадагы “Достык” ордени менен сыйланды. Казакстандын бир катар коомдук жана чыгармачыл ишмерлерине кыргыз өкмөтүнүн сыйлыктары ыйгарылды.

Чек ара саясий куралбы?

Казакстан Бишкектин соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн арасында Кытай менен Орусиядан кийинки үчүнчү орунда турат. 2023-жылы эки өлкөнүн соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 1 млрд 318 млн доллар болгон. Анын 35% экспорт жана 65% импорттон турат. Эки өлкө ортосундагы соода алаканын негизин азык-түлүк өнүмдөрү, курулуш материалдары, отун жана мунай, жер семирткичтер, металл буюмдар жана баалуу рудалар түзөт.

Ошентсе да, Кыргызстан менен Казакстандын экономикалык алакасында узактан бери чечилбей, барган сайын курчуп келаткан көйгөй бар. Кыргызстандын эл аралык соода алакасында, өзгөчө Евразия экономикалык биримдигинин алкагында эң олуттуу тоскоолдуктардын бири - кыргыз-казак чек арасы.

Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын чакырымдарга созулган узун кезек тыгыны байма-бай болуп турат. Ишкерлер менен эксперттер коомчулугу Казакстан кыргыз товарлары үчүн жасалма тоскоолдуктарды жаратып, саясий кызыкчылыктан улам өз үстөмдүгүн атайын көрсөтүп келет деп эсептешет.

2017-жылы Кыргызстан чек арадагы тоскоолдуктары үчүн казак өкмөтүн Евразиялык сотко берген. Сот четке кагып койгондон кийин, Дүйнөлүк соода уюмунун сотуна кайрылган. Тартылган зыяндын көлөмү 75 млн доллар деп бааланган. Соттук териштирүүлөр эки жыл уланып, соода уюмунда Казакстандын аброюна бир кыйла таасир кылган. Бирок эки өлкөнүн президенттери жолугуп, сүйлөшкөндөн кийин кыргыз тарап белгисиз себептер менен доо арызын кайтарып алган.

Жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары казак чек арасындагы тоскоолдуктар коррупцияга негизделгенин айтышат.

“Бул 2017-жылдан бери келатат. Бул жерде эмне бар? Бул жерде акча бар. Баарыбызга белгилүү. Азыр Казакстан аркылуу 3000-4000 доллар берген машина өтөт, аны бербеген машина өтпөйт. Бул жерде мамлекеттин кызыкчылыгы барбы же Казакстандын өкмөт башчыларындабы - эч ким билбейт. Бирок бул факт. Муну эч ким жоё албайт. Буга биз өзүбүз гана күнөөлүүбүз. 2015-жылы биз Бажы биримдигине киргенде 10-20 доллардан башталган. Азыр ставкалар 4 миң долларга чыкты. 2017-жылдан бери биз салгылашып келатабыз. Машиналарыбыз он күндөп жатат, он күндөп зыян тартабыз. Бирок ушул күнгө чейин бир дагы мамлекеттик орган, бир дагы чиновник жоопко тартылып, ишкерлер тарткан зыяндын орду толтурулган жок”, - деди Айдоочулар ассоциациясынын өкүлү.

Расмий маалыматка ылайык, кыргыз-казак чек арасындагы "Кичи-Капка" жана "Камышановка" өткөрүү пункттарынын ишин жандандыруу боюнча биргелешип иш жүргүзүү жөнүндө макулдашуу жетишилди. Бул иш-чаралар эки тараптуу сооданын жакшырышына жана өткөрүү пункттарындагы көп байкалган тыгындарды жоюуга жардам берери белгиленүүдө.

Марттын ортосунда казак тарап Кыргызстанда сертификацияланган товарларды киргизүүгө өз аймагында тыюу салууну сунуштаган. Тиешелүү министрлик кыргыз жергесиндеги лабораториялар товарларды сыноону жетиштүү деңгээлде өткөрбөй, уруксат кагаздарды да эсепсиз таратып жатканын жүйө келтирген. Кийинчерээк cүйлөшүүлөрдөн соң казак тарап ал токтомду токтоткону маалымдалган. Көп өтпөй кыргыз өкмөтү сегиз сертификаттоо ишканасын ЕАЭБдин шайкештикти баалоо органдарынын бирдиктүү реестринен чыгарган. Мунун максаты шайкештикти баалоо жол-жоболорун бузуу менен же сыноосуз эле сертификаттарды берген көрүнүштөр менен күрөшүү деп түшүндүргөн.

Кыргыз өкмөтү Казакстандын чек арасындагы тоскоолдуктардан качуу үчүн Өзбекстан, Түркмөнстан жана Каспий деңизи аркылуу өткөн “Түштүк коридору” деп аталган каттамды пайдалануу аракетин көрүп келет.

Суу ресурстарын орток пайдаланууда маселе көп

Кыргызстан менен Казакстан суу-энергетикалык тармагында да бир кыйла тыгыз кызматташат. Нарындан чыгып, Орто-Токой суу сактагычы аркылуу чек арадан ары аккан Чүй дарыясынын 48% Казакстанга, 52% Кыргызстанга таандык деп эсептелет. Эки тараптуу келишимдерге ылайык, сугат мезгилинде 80% чейинки бөлүгүн Кыргызстан колдонот. Таластагы Киров суу сактагычынын суусунун 30% кыргыз тарап алса, калганын казак дыйкандары алат. Суусун чогуу пайдаланганы үчүн Орто-Токой жана Киров суу сактагычтарынын техникалык оңдоо иштерине казак бюджетинен да каражат берилип турат.

Нарын дарыясы Өзбекстанга киргенден кийин эки чоң агымга бөлүнүп, бирөө “Достук” каналы аркылуу Казакстандын Мактаарал районуна кетет. Экинчи чоң бөлүгү Тажикстан, Өзбекстан аркылуу Казакстандын Кызыл-Ордо аймагын аралап Арал деңизине барат.

Эсептөөлөр боюнча Кыргызстан өзүнөн чыккан суу ресурстарынын 2% гана пайдаланып, калганы бүт кошуна мамлекеттерге агып кетет. Ал жакта суу сактагычтарды башаламан куруп, дыйканчылыкка буруп кетип жаткандыктан, Арал деңизине чейин жетпей калууда.

Суу-энергетикалык ресурстар боюнча эксперт Эрнест Карыбеков Борбор Азия мамлекеттери суу ресурстарын туура эмес пайдаланып жатканын айтууда:

“Токсонунчу жылдардын башында беш мамлекеттин президенттери беш тараптуу келишимдерге кол коюшчу. Беш жылга, андан кийин дагы беш жылга. Анан жыл сайын казактар, өзбектер менен “сууну бөлөбүз, силерге энергоресурстарды беребиз, көмүр, газ беребиз, силер бизге сууну электр энергия менен чогуу ушунча баада бересиңер, кайсы көлөмдө, кайсы айда, кандай ылдамдык менен агызасыңар” деп макулдашып турчубуз. Андан кийин көп жылдык протоколдор түзүлбөй, Тажикстан дагы, Түркмөнстан дагы мындан чыгып, жылына эки тараптуу эле протоколдорду түзүп калдык. Бирок бул орусча айтканда “бомба замедленнего действия” да. Ушинтип кете берсек, биз суунун тартыштыгына барабыз, анан кийин чатак болот. Ушундай чырлуу жагдайлардын алдын алып, президенттердин деңгээлинде, беш президенттин кимиси болбосун, аксакалы болобу же тыңыраагы болобу, демилге көтөрүп, “айланайын кесиптештер, эң чоң көйгөй ушул, ушуну жөнгө салалы, өзүбүз башкарып, өзүбүз сууну көзөмөлгө алалы” деп өкмөттөрүнө тапшырмаларды берип, иштеп чыгыш керек”.

1997-жылы Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда “Түбөлүк достук” келишими, андан кийин 2003-жылы “Союздаштык мамилелер жөнүндө” келишим түзүлгөн. Эгемендик алган 30 жылдан ашуун мезгилден бери 180ден ашуун мамлекеттер, өкмөттөр жана мекемелер аралык документтерге кол коюлган. Эки өлкө тең Бириккен Улуттар Уюму, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги, Евразия экономикалык биримдиги, Шанхай кызматташтык уюму, Жамааттык коопсуздук келишими уюму жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму өңдүү эл аралык альянстарга мүчө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG