Кыргызстанда акыркы жылдары дыйкандар үчүн сугат суусу таңсык болууда. Өткөн жылы Чүй облусунун чарбалары ушул себептен түшүмдүн үчтөн биринен кол жууган. Өлкө бийлиги бир нече жылдан бери атайын бассейндерди куруу жана каналдарды ылайдан тазалоо аркылуу суу тартыштыгы маселесин чечүүнү убада кылып келет.
Алардын ичинен эң көбү эмчек рагына чалдыккандар. Алсак, 2022-жылдын ичинде 684 айымдан бул дарт табылган. Эмне үчүн эмчек рагы көп катталып келет? Бул илдетке чалдыккан айымдар көбүнесе кандай ката кетиришет? Бул чыгарылышта зыяндуу шишик менен кошо тооруган көйгөйлөргө токтолобуз.
Индиялыктар Кыргызстанга медициналык билим алуу үчүн келишет. Кыргызстандагы окуу жайлардагы билим алуунун акысынын салыштырмалуу төмөндүгү аларды кызыктырат. Бишкекте ресторан, мейманкана, спа-салондорун ачып, ишкерлик жүргүзүп, үй-бүлө күтүп, туруктуу жашап калган Индиянын жарандары дагы бар.
Кыргызстанда кумар оюндарына кайрадан уруксат берилгени, анын кесепетин тартып жаткандардын саны кайрадан арбый баштаганын Психикалык ден соолук республикалык борборунан билдиришти.
Кыргызстанда журналисттердин үйлөрүндө жана кеңселеринде тинтүү жүргүзүлүп, жапырт суракка алынышы коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратты. Айрымдар муну “эркин басма сөзгө басым”, кээлери “журналисттерди коркутуу” деп атап жатышат.