Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:18

Жыланга операция жасаган Жаңылбүбү


Жаңылбүбү Маматова.
Жаңылбүбү Маматова.

"Азыркы кыргызстандык" рубрикасынын бул жолку каарманы Жаңылбүбү Маматова учурда Стамбул университетинин докторанты. Ошол эле учурда Түркиядагы Ветеринардык оорукананын биохимиялык лабораториясында эмгектенет. Буга чейин Кыргыз-Түрк "Манас" университетин бүтүрүп, ветврач кесибине ээ болгон.

«Жаныбарлар да ыраазычылыгын билдиришет»

Стамбул өтө эле чоң шаар болгондуктан бул жакта ит-мышыктан башка ар түрдүү жаныбарларды баккандар арбын. Үйүндө тарантул (уулуу жөргөмүш), питон баштаган жыландын ар кандай түрүн, чөнтөк маймылдарын, игуана кармагандар бар.

Мурдагы жылы питонго операция жасадык. Ээси жылан жакшы тамактанбай, заңдай албай кыйналып жатканын айтып берди. Рентгенден, томографиядан өткөрсөк, ичинде бир нерсе бар экен. Бирок эмне экенин биле албай койдук. Операция жасаганда карасак, байпак жутуп алыптыр. Ушундай окуялар дагы болот.

Бизге ошондой эле зоопарктын жаныбарлары да түшүп турат. Буга чейин арстан баштаган жырткычтарды, ламаны дарыладык. Негизи эле жаныбарларды дарылоо өтө оор. Анатомиясын алганда алар бешке бөлүнөт. Мисалы, кан айлануу системасы, тамак сиңирүү органдары бири-бирине окшобойт. Алардын баарын так билишиң керек.

Жаныбарлар кайсы жери ооруп жатканын айта албайт да. Карап жатканда тиштеп алган учурлар абдан көп кездешет. Байкасаңар, көп эле ветврачтардын колунда ар кандай тактар бар.

Ошого карабай жаныбарлар менен иштөө абдан кызыктуу. Аларды дарылап айыктыргандан кийин сүйлөбөсө да ыраазычылыгын билдиргендей сезилет. Аны көз карашынан же башын сылатканынан байкасаң болот. Ошол учурларда кадимкидей ичим жылып, жаныбарлардын баарына жардам бергим келет.

«Деңиз ташбакаларын коргоо долбооруна катыштым»

Үчүнчү курста Анкара университетине которулуп, окууну ошол жактан аяктадым. Ал жерден деңиз ташбакаларын изилдеген мугалимдер, стажерлер менен таанышып калдым.

Кесибим ветврач болсо дагы сабактан деңиз ташбакалары жөнүндө өткөн эмеспиз. Аларды изилдөө үчүн атайын магистратурада окушуң керек.

2018-2019-жылдары деңиз ташбакаларынын жоголуп бараткан түрүн коргоо боюнча атайын долбоордо иштедим. Булардын каретта-каретта (Caretta caretta), трионикс (Trionyx) жана хелониа мидас (Chelonia mydas) деген үч түрү бар. Алардын ичинен каретта-каретта түрү дүйнөдө азайып баратканына байланыштуу кызыл китепке кирген.

Биздин жумуш жыл сайын жайында кызычу. Анткени бул маалда жаныбарлар төлдөйт. Жумуртка таштоо үчүн түнкүсүн жээкке чыгышат. Ошондуктан көбүнчө түндө иштеп жаттык. Аларга чип такчубуз, уялаган жериндеги температураны өлчөп турчубуз. Анткени жумуртканын ичиндеги ташбаканын жынысы ошол температурага жараша өзгөрөт.

Мисалы, 29 градуска чейин температура болсо эркек, 31-32 градуста ургаачы ташбака чыгат. Аны жасалма жол менен өзгөртсөң болот. Эркек көбүрөөк чыксын десең ылдыйлатып койсоң болот. Мындай ыкма менен биз кийинки жылдын статистикасын эсептей алабыз. Ташбака жумуртка таштай турган чуңкурун деңизден 100-150 метр алыс казат. Бирок айрымдары жээктен 5-10 метр жылгандан кийин эле чала-була чуңкур казып, жумуртка таштайт.

Бул жаныбарлар үчүн кооптуу. Анткени катуу толкун болсо чуңкурчуларды жөн эле жууп кетиши мүмкүн. Ошон үчүн жээкке жакын уяларды таап, жумурткаларды коопсуз жерге которобуз. Үстүн темир тор менен жаап, көмөбүз да өзүбүз үчүн спутник аркылуу белги коебуз. Уянын тереңдиги 80-120 сантиметрге жетет. Кээде ошол аймакты жолбун иттер байырлашы мүмкүн. Алар жумуртканын жытын сезип, жеп салган учурлар болот. Кээде адамдар дагы казып алып сатышат. Бул албетте мыйзамсыз.

Ташбакалар жумурткадан бир жарым, эки айда чыгат. Табигый инстинкт менен дароо эле деңизди көздөй жөнөшөт. Сууга жеткиче жолдон ар кандай куштарга жем болушу мүмкүн.

"Деңиз таш бакаларынын табияттагы ролу чоң"

Биз дүйнө жүзүндө аарылар жоголуп кетсе, экосистема жабыркарын айтып жүрөбүз го. Кокус деңиз ташбакалары жоголуп кетсе, океандагы жашоо чынжырчасы бузулушу мүмкүн. Анткени алар кораллдар менен азыктанып, аларды бузуп турушат. Коралл бузулган сайын ордуна жаңысы өсүп чыгып, көбөйөт. Антип жаңырбаса, кораллдар дагы акырындап жок болуп кетиши мүмкүн. Кораллдар жоголсо, алардын арасында жашаган майда балыктар тукум курут болот. Ал эми майда балыктар менен суу жаныбарлары азыктанат.

"Курутту иликтөө боюнча долбоор жаздым"

Учурда Стамбул университетинин, Медицина илимдери институтунда, Тамак-аш гигиенасы жана технологиясы бөлүмүндө докторантурада билим алып жатам.

Бир жарым жылдан бери «TUBITAK» деген долбоордун негизинде тамак-аш, сүт азыктарынан жуккан бактериялык ооруну тез арада аныктай турган тесттин үстүнөн да иштеп жатабыз.

Өзүмдүн окуум Түркияда болсо дагы, Кыргызстанга кандайдыр бир салым кошкум келди. Ошол себептен докторлугумду жактоо үчүн кадимки курут азыгын иликтеп көрүүнү чечтим. Кыргызстандын жети облусунан куруттун түрлөрүн топтодум. Долбоор жазып жөнөттүм, азыр күтүп жатам.

Ар бир облуста жасалган курут ар башка, бири-бирине окшобойт. Кыям, сары май, чөбөгө, чөп-чар кошулган куруттар бар. Ыштап да жүрүшөт. Башка азыкты кошкондо куруттун ичиндеги бактериялык курам өзгөрөт. Курут кээде ар кандай оорулардын жайылышына дагы түрткү болушу мүмкүн. Анткени колун жууп да, жуубай да жасагандар бар.

Жаңылбүбү Маматова менен маектин аудиоверсиясын бул жерден угуңуз:

"Кыргызстанда жаныбарларга аяр мамиле жасашса"

Кыргызстанда тамак-аштын сапаты эл аралык деңгээлге туура келсе жакшы болмок. Ошол стандарттардын жоктугунан көп азыктарыбызды чет мамлекетке экспорттой албай жатабыз.

Ошондой эле мекендештеримдин жаныбарларга болгон мамилесин өзгөрткүм келет.

Бизде айыл жергесинде итти короо кайтартуу үчүн эле багышат. Жыл сайын бийликтин ит атарлары чыгып, жөн эле жаныбарларды туш келди өлтүрүп, таштандыга ыргыткан адатыбыз бар. Ал балдардын, чоңдордун психологиясына кандай таасир этерин эске алышпайт.

Популяцияны же иттерди азайтуунун башка дагы жолу бар. Аларды стерилизация кылып (бычып) койсо болот. Жугуштуу оорулдарды таркатышпасын десек, ит-мышыкты вакцинациядан өткөрүүгө үйрөнүшүбүз керек. Үйдө багылганбы же жапайыбы айтор, бардык жаныбарларга болгон мамиле сөзсүз өзгөрүшү керек. Алардын дагы жашаганга, көбөйгөнгө укугу бар.

Кыргызстандагы жаныбарларга мамиле тууралуу "Азаттык+" командасы тарткан берүү. 26-март, 2021-жыл.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG