Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:01

ЖККУ ич ара каршылыктарды жөнгө салгысы келет


ЖККУнун баш катчысы Станислав Зась Армения-Азербайжан чек арасында, 10-август, 2021-жыл.
ЖККУнун баш катчысы Станислав Зась Армения-Азербайжан чек арасында, 10-август, 2021-жыл.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун баш катчысы Станислав Зась 19-декабрда Москвадагы маалымат жыйынында уюм жакынкы келечекте ич ара келишпестиктерди жөнгө салууну көздөрүн жарыялады. Ал узап бараткан жыл уюмга мүчө мамлекеттер үчүн оор болгонун айтып, буга Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы куралдуу жаңжалды да мисал келтирди.

Быйыл ЖККУга мүчө мамлекеттердин арасынан Кыргызстан менен Тажикстандын, Армения менен Азербайжандын чек арасында кан төгүлгөн куралдуу кагылыштар болуп, ошондон кийин уюмдун ишине карата сын-дооматтар күчөгөн.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун баш катчысы Станислав Зась 19-декабрдагы соңку маалымат жыйынында, быйылкы жыл уюмдун өзү жана мүчө өлкөлөр үчүн оор болгонун айтты. Ал буга мисал катары жыл башында Казакстанда болгон кандуу Январь окуясын, февраль айынын этегинде Орусиянын Украинанын аймагында баштаган "атайын операциясын", сентябрда Армения менен Азербайжандын ортосундагы кан төгүлгөн окуяларды жана Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы куралдуу кагылышууну белгиледи.

"Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууну да эстейли. Анда ондогон адамдын өмүрү кыйылып, ондогон киши жарадар болуп, жүздөгөн кишилер качкынга айланды. 2022-жылдын алгачкы күндөрүнөн баштап баары абдан оор болду. Уюмга мүчөлүк кылган бардык мамлекеттер үчүн оңой болгон жок. Биздин алдыбызда кырдаалды баалоого жаңыча мамиле кылууну жана тийиштүү чечимдерди тез арада кабыл алууну талап кылган олуттуу милдеттер турат. ЖККУ жакынкы келечекте катышуучулардын ортосундагы карама-каршылыктарды жөнгө салууга жетишүүнү көздөйт".

Бул Станислав Застын Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун баш катчысы катары акыркы маалымат жыйыны. Анын милдетин 2023-жылдын 1-январынан тарта казакстандык Имангали Тасмагамбетов аткарат. Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Орусия, Армения жана Беларус мүчө.

ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн чатагы

Жогоруда баш катчы белгилеген окуялар уюмдун ичиндеги нааразылыктарга себеп болду. Кыргызстан менен Тажикстандын жана Армения менен Азербайжандын чек арасындагы куралдуу кагылыштардан кийин уюмга карата катуу сын-дооматтар айтылган.

Былтыр апрелде, ал эми быйыл сентябрда кыргыз-тажик чек арасында ондогон адамдын өмүрүн алган куралдуу кагылыш болду. Бул эгемен Кыргызстандын тарыхындагы чек арада катталган эң чоң куралдуу кагылыш болуп калды. Ушундан көп өтпөй расмий Бишкек Тажикстанда өткөн ЖККУнун аскердик машыгууларына катышкан эмес. Уюмдун аскердик машыгууларын өз аймагында өткөрүүдөн баш тарткан.

Басма сөз жыйынында Зась биргелешкен машыгуу Кыргызстандын өтүнүчү менен жылдырылганын, алдыда аны өткөрүү планы бар экенин айтты.

Сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан кийин Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) бейпилдик күчтөрүн коюу сунушу да болгон. Бирок айрым эксперттер ЖККУнун бейпилдик күчтөрүн аймакка жайгаштыруу опурталдуу экенин, Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселесин чечүүдө бейтарап күчтөрдүн арачылыгына муктаж болуп турганын айтышкан. Уюмдун ичинде мындай маселе ачык талкууланган эмес.

Ал эми ЖККУнун жыйындарында кыргыз-тажик мамилеси боюнча бир нече жолу сөз болду. Маселен, 23-ноябрда уюмдун Ереванда өткөн жыйында Кыргызстан менен Тажикстан чек арасындагы кырдаал тууралуу сөз козголду. Уюмдун баш катчысы Станислав Зась ЖККУ Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасындагы кырдаалды турукташтырууга көмөк көрсөткөнгө даяр экенин айткан.

"Борбор Азия аймагында кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды турукташтырууга өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Эгер Тажикстан менен Кыргызстан зарыл десе, ЖККУнун эки мамлекетине өз максатына жетүүгө жардам берүү үчүн керектүү ресурстары жана тажрыйбасы жетиштүү деп эсептейбиз".

Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүүдө ЖККУнун көмөгү пайдасыз деген пикирде.

"Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун негизги милдети - ушул өңдүү чыр-чатактар чыкканда тынчтыкты камсыздап берүү. Алар биздин өлкөнүн ички маселелерине кийлигише албайт жана кийлигишкен күндө да жыйынтык болбойт. Биздин мүчөлүктөн да чыгып кетүүбүз туура эмес, себеби тышкы душмандар кол салган учурда көмөкчү катары келе турган жалгыз эле ушу ЖККУ бар".

Айжигитовдун айтымында, 1992-жылдары кол коюлган чек ара келишими так жазылган документтерге таянуу менен ишти илгерилетип алууга болот. Ал муну кыргыз-тажик чек арасына байланышкан жалгыз легитимдүү документ деп эсептейт.

"Союз ыдырап, КМШ түзүлүп аткан мезгилде чек ара боюнча документтерде так жазылган. Анда союз бузулган мезгилде административдик чек ара кандай болсо ошону эл аралык чек ара деп таануу керектиги айтылган. Андан башка шахмат тартибинде жайгашып калган жерлерде "атайын чек ара режимин" колдонуп, талаш болуп аткан суу, жол маселелерин эки тараптын кызыкчылыктарын эске алуу менен чечсе болот. Улам "сууну, жолду жабабыз" деген менен маселеден кутулбайбыз".

Кыргыз-тажик чек арасын тынч жол менен чечүү маселеси октябрдагы Астанадагы саммитте да көтөрүлгөн. Анда Орусия ортомчу болууну сунуш кылып, Москвада Советтер Союзунан бери сакталып турган архивдик документтерди берерин орус президенти Владимир Путин билдирген.

Ошондой эле октябрда Астана шаарында Кыргызстандын, Орусиянын, Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров, Владимир Путин жана Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу өткөн. Анда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал жабык талкууланган.

Чек ара тактоодогу жылыш

1-6-декабрда Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөрүнүн топографиялык жумушчу топтору чек арада дагы 17 чакырымдан ашык тилкени аныктоону макулдашты. Эки өлкө мунаса тапкан жерлердин көбү Баткендин Лейлек районуна туура келет.

Азыркы тапта кайра калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп аткан Баткен облусунда элдин көбү үйлөрүнө кайта элек, алар дагы деле туугандары, жакындарыныкында убактылуу жашоого аргасыз.

Президент Садыр Жапаров өзү да чек ара маселесин чечүү жакын арада жыйынтыкталарын айткан.

Баткен районундагы Ак-Сай айылынын тургуну Заирбек Кадыров элдин айылды таштап кетүү ою жок экенин айтты. Заирбек чек ара маселесин чечүүдө жылыштарды байкап атканын, бирок жергиликтүүлөрдө коңшу өлкөгө коридор берип калышы мүмкүн деген коркунуч бар экенин жашырган жок.

"Жакында эле 17 чакырым чек ара тилкеси такталды деп угуп, ага кубанып калдык. Такталбаган дагы канча чакырым жер бар, анын ичинде эл жашаган айыл-кыштактар аз эмес. Президенттин "чечебиз, чечилет" деп айткан сөздөрүнө ишенгиң келет дечи, ага үмүт да чоң, бирок реалдуулукка караганда бул өтө опурталдуу жана талылуу маселедей туюлат. Азыр элде коридор берилип кетпесе экен деген коркунуч бар. Ворух менен Кожалыны бириктирип койбосо экен, эгер биригип кетсе, биздин эл бул жерде жашай алабы деген суроо жаралат. Буларда ансыз деле бир эмес, эки жол бар, үчүнчү жолду Капчыгай тараптан алууну максат кылууда, биз мында даана анклав болуп калышыбыз ыктымал. Себеби буга чейин өйдө жактан берели деген жолду алышкан жок, ылдыйдан да албай коюшту эле. Эми президенттен үмүт кылып турабыз".

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 972 чакырым. Анын 682 чакырымы такталып, талаштуу делген 290 чакырымы калды.

Армениядагы ЖККУга нааразы маанай

ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин 23-ноябрдагы Еревандагы саммитинде Армениянын премьер-министри Никол Пашинян аскердик түзүмдүн ишмердүүлүгүн сынга алган.

Пашинян аталган уюмду Азербайжандын Арменияга каршы аракеттерине саясий баа берүүгө, бул маселеде өнөктөштүк көрсөтүүгө чакырган. Ал ошол эле маалда ЖККУдан аскердик жардам сурабай турганын белгилеген.

Соңку маалымат жыйынында Зась ЖККУнун Армениянын чек арасына байкоочулар миссиясын жөнөтүү сунушу күчүндө экенин белгиледи. Анын айтымында, бул миссиянын негизги максаты - кырдаалды изилдөө, Жамааттык коопсуздук кеңешине тиешелүү сунуштарды ыкчам даярдоо.

Быйыл күзүндө Ереванда Армениянын ЖККУдан чыгышын талап кылган бир катар митингдер өткөн. Буга Тоолуу Карабактагы куралдуу кагылыштар себеп болгон. Уюмга нааразы болгондор жетиштүү жардам көрсөтүлбөгөнүн жүйө тартат.

ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн арасында Тоолуу Карабак маселесинде эске ала турган дагы бир жагдай бар. Бул уюмга мүчө болгон Кыргызстан, Казакстан сыяктуу өлкөлөр Карабак маселесинде жаатташкан экинчи тарап болгон Азербайжан менен Түрк мамлекеттер уюмунда өнөктөш. Ноябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун саммитинде Азербайжан жана Түркия Тоолуу Карабак маселесин көтөргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG