Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:55

Жаратмандар паркы: өкмөттүн ишкерлерди таарынткан токтому


Бишкектеги Ololo Planet креатив хабы.
Бишкектеги Ololo Planet креатив хабы.

Экономика жана коммерция министрлиги “Креативдүү индустриялар паркын түзүүнүн айрым маселелери жөнүндө” өкмөттүн токтомуна өзгөртүүлөрдү коомдук талкууга алып чыкты.

Паркты түзүүнү демилгелеген Креативдүү индустриялар ассоциациясы жаңы документ баштапкы максаттан тайганына, өкмөт өз билгениндей өзгөрткөнүнө нааразы болууда. Министрлер кабинети болсо токтомдогу өзгөртүүлөр салык саясатынын кызыкчылыгын көздөйт деп түшүндүрүп жатат.

Жаратмандык үчүн жасалган батыл кадамдар

2019-жылы Креативдүү индустриялар ассоциациясы түзүлүп, чыгармачыл тармакта эмгектенгендердин башын бириктирип, алар үчүн жеңилдетилген бирдиктүү салык режимин киргизүү иштери башталган.

Бул демилгени биринчилерден болуп ишкер Данияр Аманалиев көтөрүп чыккан.

2022-жылдын апрель айында президент Садыр Жапаров "Креативдүү экономиканы өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасын прогрессивдүү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлык чыгарып, август айында “Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө” мыйзамга кол койгон. Креативдүү индустриялар ассоциациясы Кыргызстан мындай мыйзамды кабыл алган дүйнөдөгү алгачкы мамлекет болгонун билдирген.

Мыйзамга ылайык, Креативдүү индустриялар паркында интеллектуалдык эмгек, талант, өнөр жана ушуга окшош чөйрөдө иш алып барган ишкер, жаратмандарга жеңилдиктер каралып, аларды айрым салыктардан жана социалдык төлөмдөрдөн бошотуу мерчемделген.

Ага ылайык, чыгармачыл тармакта эмгектенгендер 10% – пайдага түшкөн салыктан, 12% – кошумча нарк салыгынан жана 2% – сатуудан түшкөн салыктан бошотулуп, анын ордуна бирдиктүү жалгыз гана салык киргизилмек. Ал салык башында 0,5% болуп турса, 2024-жылдан 1%, 2027-жылдан 2% гана болору жана ошол бойдон калары айтылган. Бул боюнча салык мыйзамдарына да өзгөртүүлөр киргизилген.

Ойлогонду ойрон кылган өзгөртүүлөр

Дал ушундай түзүлгөн ыңгайлуу шарттардын фонунда Кыргызстанда Креативдүү индустриялар паркы ишке кирүүгө толук даяр болгон. Буга байланыштуу "Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө" мыйзамды ишке ашыруу максатында Министрлер кабинети 23-июнда атайын токтом кабыл алган. Бирок 11-августта ал токтомго өзгөртүү киргизүү жөнүндө жаңы документ коомдук талкууга чыгарылды.

Баштапкы токтомдо Креативдүү индустриялар паркынын байкоочу кеңешине “каржы жаатында беш жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар аткаруу бийлигинин өкүлү” дайындалары көрсөтүлгөн болчу.

Ал эми сунушталган жаңы токтомдо бул пункт “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын социалдык блокту координациялоочу орун басары” деп өзгөртүлгөн. Ушул эле пунктка “салык салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү” да кошулган.

Ошондой эле, баштапкы токтомдо көрсөтүлгөн “Креативдүү индустриялар Ассоциациясы” деген сөздөр коомдук талкууга чыккан токтомдо “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Креативдүү индустриялар чөйрөсүндөгү” деген сөздөргө алмаштырылган. Токтомдогу дагы бир өзгөртүү байкоочу кеңешке резиденттин ишинин креативдүүлүгүн аныктоого укук берет.

Назгүл Кубакаева
Назгүл Кубакаева

Креативдүү индустриялар ассоциациясынын директору Назгүл Кубакаева мындай өзгөртүүлөрдү “парктын байкоочу кеңешине Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду алып келүү жана Креативдүү индустриялар Ассоциациясын бул иштен четтетүү” аракети катары баалады.

“Бул эмнени түшүндүрөт? Бул Креативдүү индустриялар паркы түзүлгөн алгачкы күндөн тартып эле анын ишмердүүлүгүнө бут тосуу жана аягында “мына, көрдүңөрбү, бул иштебейт” деген жыйынтыкка жеткирүү. 2022-жылдын өткөн Креативдүү индустриялардын күзгү фестивалында Эдил Байсалов бул паркка каршы экенин ачык эле айткан. Идеяга каршы адамдын байкоочу кеңешке кирүүгө аракет кылып жатканын биз “ичине кирип жок кылам” деген белги катары түшүнөбүз”.

Эдил Байсаловдун Креативдүү индустриялардын күзгү фестивалында сүйлөгөн сөзү:

Данияр Аманалиев
Данияр Аманалиев

Ал эми Креативдүү индустриялар паркынын байкоочулар кеңешинин төрагасы, паркты түзүүнү демилгелеген ишкер Данияр Аманалиев өзүнүн Телеграм- каналына “жаңы токтомду иштеп чыгуу иштерине аралаштырышпаганын, бир жума мурун жолугушуу дайындалып, бирок бир саат калганда болбой калганын” жазды. “Токтом бир кишинин кызыкчылыгы үчүн кабыл алынып жатканын” кошумчалаган Аманалиев президент Садыр Жапаровду жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду токтомду коомдук талкуудан алып салууга чакырды.

“Парк коомдук теңсиздикке жол ачат”

Бирок Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өз дарегине айтылган мындай сындарга макул эмес. Анын айтымында, “парк резиденттерине өзүнчө салыктык режим киргизүү коомдук теңсиздикке алып келет”. Ансыз да Кыргызстанда салыктын көрсөткүчү төмөн экенин белгилеген Байсалов парктын ишмердүүлүгү салык төлөө маданиятынын калыптанышына сокку уруп, “саясий кризиске алып келиши ыктымал” дейт.

“Толугу менен эле ак көйнөк кийип иштеген чыгармачыл тармактагыларды салыктан бошотуп жиберүүгө бир да мамлекет макул болбойт. Бул биздеги теңдикти бузуп атпайбы. Көрсө, дыйкан, курулушчу, ишкерлер, соодагерлер, мамлекеттик кызматкерлер, мугалимдер, дарыгерлер салык төлөп, бирок чыгармачыл тармактагылар салыктан бошотулуп калат экен да. Мындай болбойт. Бул мүмкүн эмес”.

Байсалов “креативдүү тармакка көңүл буруу бир гана бул ассоциация түзүлгөндөн кийин башталбаганын, өлкөдө бул тармакта иштеген көп жылдык тарыхы бар башка да чыгармачыл уюмдар бар экенин, ушул тапта маданият тармагына ансыз да каражат бөлүнүп, колдоо болуп жатканын” кошумчалады. Байкоочу кеңешке кирүү аракети жөнүндө “Азаттыктын” суроосуна ал мындай жооп кылды:

“Айрымдар бул социалдык чөйрөгө карабайт деп айтып жатат. Жок. Маданият, маалымат, жаштар - бардык ушул чөйрөлөр түздөн түз менин карамагымда. Чыгармачыл ишкерлердин милдети бизде. Ошондуктан, албетте, биз аны көзөмөлгө алышыбыз керек”, - деди Байсалов.

“Ишкерлер көмүскөдөн чыкмак”

Деген менен, экономист Искендер Шаршеев Креативдүү индустриялар паркы түзүлсө, алдыңкы беш-алты жылда көмүскөдө иштеген ишкерлердин ачыкка чыгышына жол ачылмак дейт. Адис “бийлик парктын келечектеги жемишине маани берип, анын түзүлүшүнө тоскоолдук жаратпаганы туура болмок” деген пикирде.

Искендер Шаршеев
Искендер Шаршеев

“Креативдүү индустриялар паркы көмүскөдө иштеп аткан ишкерлерди аз салык менен шыктандырып отуруп акырындык менен мамлекеттин көзөмөлүнө алып келмек. Парктын мүчөлөрү кийин расмий салык төлөөгө өтүп кетмек. Муну токтотуу, токтомду өзгөртүү аракеттерин бүгүнкү кырдаалды сактоо катары бааласа болот”.

“Креативдүү экономика” түшүнүгүн BusinessWeek журналы 2000-жылы киргизген. Бул адамдын акылы, өнөрүнүн арты менен пайда болгон товарларды, кызматтарды камтыган экономиканын бир тармагы.

Өнүккөн өлкөлөрдө креативдүү индустриялар өлкөнүн ички дүң продукциясынын 8-12 пайызын түзөт. Кыргызстанда бул көрсөткүч 1% тегерегинде. Ачык булактарда ушул эле тармактын коңшу Казакстандын экономикасына тийгизген пайдасы 2,7% экени айтылат.

Борбор Азия мамлекеттеринин креативдүү ишкерлери түзгөн Creative Central Asia Network (CCAN) уюму Борбор Азия өлкөлөрүнүн рыногунда чоң үлүшкө ээ беш негизги креативдүү тармакты изилдеп чыккан. Ага мода жана дизайн, заманбап искусство, телерадио жана санарип маданият, жарнама, шоу жана массалык иш-чаралар кирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG