Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:30

Жакыпов: Көмүрдүн баасы бир аптада арзандайт


Кыргызстанда көмүр тартыштыгы байкалып, анын баасы кымбаттап кетти. Буга Кара-Кече кениндеги көмүрдү казуу кечигип башталганы себеп болду. Учурда Кара-Кечеде абал кандай жана көмүр кризиси качан жоюлат.

"Кыргыз көмүр" ишканасынын директору Мирлан Жакыпов "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

- Мирлан мырза, акыркы күндөрү Кыргызстанда, айрыкча Бишкек, Нарын аймактарында көмүрдүн жетишсиздиги байкалууда. Муну Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров моюнуна алып, эки жума аралыгында бул маселени чечүүгө тапшырма берди. Эмне себептен Кара-Кечеде көмүр кеч казылды?

- "Кыргыз көмүргө" менин келгениме бир жарым ай болду да. Биздин маалымат боюнча жай бою жаан жаап, көмүрдүн катмарын ачуу иштери токтоп калган. Андан тышкары, бизде кадрдык алмаштыруу болуп, август айында көп инженерлер кетип калыптыр. Ошонун негизинде август-сентябрь айларында бюджеттик мекемелер менен калк көмүр ала баштады. Август-сентябрь айында 50% алып койду. Быйыл ошол көмүрдүн катмарын сентябрда келип ачып, октябрдан баштап көмүр бере баштадык. Азыр калкка да, бюджеттик мекемелерге да бере баштадык. Көмүрдү эки ай кечигип каздык.

Кара-Кечеден көмүр тартып бараткан машинелер. Нарын облусу.
Кара-Кечеден көмүр тартып бараткан машинелер. Нарын облусу.

Ошол себептен мамлекеттик мекемелер да, жөнөкөй керектөөчүлөргө да бир учурда көмүр сатып алууга туура келди. Бишкектеги ортомчулар кенден көмүрдү элге жеткирип берет. Ошолордун баары көмүрдүн баасын жасалма көтөрүп, 6000 сомго чейин жеткизип, ортодон 3700 сом пайда көрүп атат.

Кара-Кечеден чыккан көмүр баасы тоннасына 1330 сом. Бүгүнкү күндө күйүүчү май баасын, дөңгөлөктү күндө алмаштырганын кошсо да Кара-Кечеден ташылган көмүрдүн бир тоннасынын баасы 1200 сом болот. Калган чыгымдары менен 2500 сомдой болот. Ортодон өздөрү да пайда көрүшү керек. Мурдагы жылдары үстүнө миң сом кошуп, пайда көрүшчү. Ошону менен ашып кетсе бир тонна көмүрдүн баасы 3500 сом болчу.

Кечээ күнү бизде Министрлер кабинетинин төрагасы чоң жыйын өткөрүп, көмүр маселесине да токтоду. Ошонун негизинде көмүрдүн баасын турукташтыруу боюнча атайын буйрук чыгып атат. Бүгүнкү күндө Бишкек мэриясына тапшырма берилди. Мобилдүү топтор түзүлүп жатат.

- Ал мобилдүү топтор кандай иштеп, көмүрдүн баасын кантип түшүргөнү жатат?

- Мобилдүү топко Салык кызматынын, Монополияга каршы агенттиктин, ИИМдин, айыл өкмөттөрдүн, акимчиликтердин өкүлдөрү кошулат. Алар "Дордойдун" тегерегинде 4500 сомдон өйдө сатып аткан кызыл кулактарды, ортомчуларды кармайт, бааны турукташтырат.

- Азыркы кырдаалда жоопкерчиликти кимдир бирөө алыш керекпи?

- Эми бул жерде коррупциялык элементтер болгон деп, мурунку жетекчиге иш козголуп атат. Анын ордуна мени коюп жатышпайбы.

- Кара-Кече азыр толук кандуу иштеп жатабы?

- Кара-Кечеде бир жарым айда 250 миң тонна көмүр жүктөдүк. Андан тышкары 170 миң тонна көмүр катмарын ачып атабыз. Кара-Кеченин көмүрү түндүк аймакты кыштан чыгарууга жетет. Күнү-түнү иштеп атат. Көмүрдүн баасына байланыштуу абал бир жуманын ичинде турукташат деп ойлойм. Мобилдүү топтор жол жээгинде сатып аткандарды кетирип, бааны түшүрсө эле ажиотаж болбой калат.

Күнүнө Кара-Кечеден 500гө жакын унаага көмүр жүктөлүп жатат. Орто эсеп менен 25 тонна көмүр алып чыгууда. Бул Бишкекке эле келбейт, Ысык-Көл, Талас, Нарын, Чүй облустарына да кетип жатат. Бүгүнкү күндө орто эсеп менен бюджеттик мекемелер менен жарандардын 50% көмүр алыптыр. Дагы 50% бар да. Кээ бирөөнүн кампасына, бюджеттик мекемелерге ушул көмүр кетип турат.

- Нарындагы Турук кенинде дагы дал ушундай эле башаламандык өкүм сүрүп, көмүр казылбай жатканы айтылууда.

- Турук кенинде менчик ишканалар эле иштейт. "Кыргыз көмүрдүн" аларга карата чара колдонгонго укугу жок экен. Аларга эч нерсе дей албайт экенбиз. Булар да казуу ишин кеч баштап, жайында дээрлик жумуш жүрбөптүр. Ошону менен азыр эптеп-септеп берип атышат.

- Мындан сырткары Кара-Кечеде буга чейин деле айтылып келген криминалдык топтордун, кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүнүн таасири болгону үчүн башаламандык өкүм сүрүп жатканы айтылып келген. УКМК мунун айынан өзүнүн атайын багыттагы "Альфа" тобунун аскерлерин да жөнөткөн эле. Бүгүнкү күндө Кара-Кечедеги криминалдын таасири канчалык?

- Кара-Кече азыр туруктуу штаттык режимде эле иштеп атат. "Альфа" жардам берип атат. Коопсуздук кызматкерлерибиз бар. Ошолор менен кошулуп жүрүп кызматын кылып атат. Мурда тентек балдар келип, кезекти бузуп, башка автоунааны киргизип кетишчү экен. Анын баары токтоду. Бул мамлекеттик ишкана. Азыр тартип менен акчасын төгүп, алып кетип жатышат. Мыйзамсыз көрүнүштөр жок.

- Мен кайрадан төмөнкү суроону бергим келип жатат, бул кырдаал үчүн ким жоопкерчиликти моюнуна алат? Сиз өзүңүздүн жоопкерчилигиңизди мамлекеттик ишкананын жетекчиси катары сезип жатасызбы?

- Өлкө башчыбыз жумушка бир ай мурун жөнөтүп жатканда "Тажрыйбаңыз бар экен ошол жаатта, быйыл элибизди ушинтип алып чыкпасак болбойт" деп айтты. Мен аны билип туруп ушул жумушка келдим да. Бүгүнкү күндө жок жерден көмүр чыгарып берип атабыз. Жоопкерчилик баарыбызда. Азыр президент, Министрлер кабинетинин төрагасы тапшырманы берип, абалды турукташтуруу үчүн иштеп жатабыз.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG