Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:07

Ысык-Көл: аквапарктагы үрөй учурган кырсык


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы эс алуу жайында катталган адам өлүмүнө байланыштуу эки кылмыш иши козголду. 27-июлда пансионаттын аквапаркына суу толтурууга ылайыкташкан түтүк 18 жаштагы баланы соруп кеткен.

Күбөлөрдүн айтымында, кырсыкка кабылган бала көлгө кесиптештери менен эс алуу үчүн Бишкектен келген. Бул окуя көл жээгиндеги оюн-зоок жайларынын коопсуздугу тууралуу маселени күн тартибине чыгарды.

27-июлда “Дельфин де Люкс” эс алуу борборунун көл жээгинде жайгашкан аквапаркына суу толтуруп жаткан учурда диаметри 50 сантиметрлик түтүк ошол учурда көлгө түшүп жаткан 18 жаштагы жигитти соруп кеткен.

"Түтүк бар экен, бир баланы соруп кетти жаңы эле. Ал атайы аквапаркка суу сордуруп турат экен көлдөн. Азыр ӨКМдин кызматкерлери келди. Көлгө эс алганы келгендер абайлап түшүңүздөр".

Жергиликтүү бийлик, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү куткаруучулары биригип, баланын сөөгүн 50 метр тереңдиктен 4 сааттан кийин алып чыккан. Бул окуя коомчулуктун нааразылыгын туудуруп, ошол жердеги элди да бушайман кылганын окуяны өз көзү менен көргөн дагы бир күбө айтты.

"Бир кезде эле ызы-чуу болуп калышты, Барсак трубага бала кирип кетиптир. Кыйкырып эле калышты. ӨКМдин өкүлдөрү келди, эл чогулду, чыгара албай аябай кыйналып жатышканын көрдүк. ӨКМдин деле кыйраткан жабдыктары жок экен. Улам бир инструментти бирөөлөргө телефон чалып, сурап алып келип жатышты. Ошону менен 4 сааттан ашканда араң чыгарышты. Баланын жаны чыгып кетиптир. Эмнеге ошол түтүктү жаап койбойт деп эле ызы-чуу болуп аттык", - деп айтып берди окуянын күбөсү.

Аквапаркта болгон окуя көл жээгиндеги оюн-зоок жайларынын коопсуздугу тууралуу маселени кайрадан козгоду. Аквапарк “Дельфин де Люкс” эс алуу борборунун жетекчиси, “Текебаев и Ко” ишканасынын башчысы Айдар Текебаевге таандык экенин райондук акимчиликтен билдиришти.

Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадылов аквапарктагы коопсуздук эрежелери 2019-жылдан бери текшерилбей келгенин кошумчалады. Анын айтымында, окуя болгондон кийин аквапарктын жетекчилиги аттракциондун ишин токтотуудан баш тарткан.

"Кыргыз Республикасынын кылмыш кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүмүнүн негизинде териштирүү иштери башталды. Азыр биз архитектура, экологиялык жана техникалык коопсуздук кызматынын өкүлдөрү, укук коргоо органдары болуп окуя болгон жерге бардык. Себеби, ал жерде бир гана аквапарк турбайт, анда “Американские горки”, “Чертово колесо” деген көңүл ачуучу, оюн-зоок аттракциондору бар. Барып, техникалык коопсуздук чаралары толук каралып бүтмөйүнчө аквапаркты жабып туруу өтүнүчүн келтирдик. Мыйзам боюнча андан башка чараларды көрө албайт экенбиз. Бирок биздин суранычыбызга аквапарктын жетекчилиги аны жаба албай турганын айтты. Аквапарк жайгашкан Бостери айыл аймагынын депутаттары жабылсын деген чечим чыгаруу үчүн кезексиз сессия өткөрүп, бизге кат жолдой турган болду. Анын негизинде биз дагы бир ирет прокуратурага кайрылып, мыйзамдын негизинде бул маселени карап берүүсүн сураналы деп турабыз", - деди Калыбек Жумадылов.

Окуя Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүндө каттоого алынып, 135 жана 282-беренелер менен сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Азыркы тапта соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Аквапаркттын жетекчиси Айдар Текебаев менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Ал окуядан каза болгон баланы акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышуу үчүн Бишкекке кеткени айтылды. Ал арада журналист Семетей Аманбеков Айдар Текебаев тууралуу кыскача иликтөө жасап, ал адам ким экенин жазып чыкты.

"Айдар Текебаев “Дельфин де Люкс” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы жетекчиси экен. Андан тышкары ушул эле “Дельфин де Люкс” деген аталыштагы эс алуу борборунун жетекчиси. Ал борбор турган жерге жакын көл жээктин жанындагы аквапарк, “Чертого колесо”, “Американские горки” сыяктуу оюн-зоок жерлеринин баары ошол кишиге таандык экенин биздин жеке булактар билдирди. Негизи аквапарк боюнча, андагы коопсуздук эрежелери сакталбагандыгы тууралуу Айдар Текебаевге айтылган экен. Бирок буга көңүл бурган эмес. Бизди таң калтырганы, экотехинспекция ошол жерде көйгөйлөр бар экенин билбей калганын бизге билдирди. Бирок Кыргызстан боюнча бул жалгыз аквапарк болгондон кийин кандайча билбей калат?".

Сакталбаган эрежелер

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү өкүлчүлүгүнүн адиси Тилек Сеитов жыл башынан бери Ысык-Көл районунда алты адам сууга чөккөнүн айтып, анын экөө коопсуздук чараларын сактабаганын кошумчалады.

"Биздин райондо жыл башынан бери алты адам көлгө чөгүп каза болду. Экөө жүрүп бараткан скутерден секирип каза болгон. Негизи эле бул маселе азыр абдан курч турат. Себеби, банан, скутер, парашют, катамаран иштеткендердин көбү коопсуздук чараларын карабайт".

Көл жээгинде жайкы эс алуу мезгилинде көңүл ачуучу бир канча оюн-зоок суу техникалары жана аттракциондор иштейт. 2019-жылга чейин райондук тиешелүү кызматтар суу жээгинде элге кызмат көрсөткөн техникаларды текшерүү жүрүп келгенин, акыркы 2 жылдан бери алардын абалы, техникалык коопсуздук талаптарына жооп берээри каралбай калганын акимияттан билдиришти. Себеби, өкмөттүн токтому менен жеке ишкерлерди текшерүүгө, алардан талап кылууга тыюу салган чечим чыккан.

Аквапарктын суу түтүгүнө кирип каза болгон 18 жаштагы бала Бишкектеги кафелердин биринде официант болуп иштеп жүргөн. Ысык-Көлгө чогуу иштеген кесиптештери менен келип, “Дельфин де Люкс” борборунда эс алып жаткан.

Окуя Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүндө каттоого алынып, 135 жана 282-беренелердин негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Райондук прокуратура дагы 282-берене менен иш козгоп, териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

Ысык-Көл районунун аймагында 111 пансионат, 4 санаторий, 364 чакан мейманкана, 8 эс алуу борбору жана 11 балдар лагери жайгашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG