Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:00

Президент ыктыярчылардын сынын укту


Президент Сооронбай Жээнбеков менен ыктыярчылардын жолугушуусу. 21-июль, 2020-жыл.
Президент Сооронбай Жээнбеков менен ыктыярчылардын жолугушуусу. 21-июль, 2020-жыл.

Бийликке сын-доомат күчөп турган маалда президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус шартында иштеп жаткан ыктыярчылар менен жолукту.

Анда демилгелүү топтордун өкүлдөрү пандемия учурунда мамлекеттик мекемелер кетирген кемчиликтер, жеке коргонуу каражаттарынын жетишсиздигин, дары-дармектин тартыштыгын жана жалпы эле коомчулукту нааразы кылып жаткан маселелерди көтөрүштү. Айрым ыктыярчылар бул жолугушууга чакырылып бирок андан баш тартса, кээ бири тизмеге кошулбай калды.

Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууга 12 ыктыярчы катышты. Алардын арасында демилгелүү топторду түзүп, коронавирус илдети менен күрөшүүгө салым кошуп жаткан журналист, ырчы, спортчу, жарандык активист жана ишкерлер бар. 21-июлдагы жыйынга журналисттер катышкан жок. Суроо-жооп форматында өткөн жолугушуу эки жарым саатка созулду.

Маалыматка караганда, жолугушууда саламаттык сактоо системасына тиешелүү бир катар көйгөйлөр көтөрүлдү. Ыктыярчылар дарыгерлердин ишине толук шарт түзүп, аларды керектүү жабдыктар, жеке коргонуу каражаттары менен камсыздоо керектигин айтышты. Медицина кызматкерлеринин айлык маянасын убагында берип, бул тармактагы кемчиликтерди айтып чыккан дарыгерлерди кечирим суратып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) чакыртууну токтотуу талабын коюшту. Жасалма дем алдыруучу аппараттардын (ИВЛ) жетишсиздигин, дары-дармектин тартыштыгын айтышты.

Ыктыярчылар башка да маселелерге кайрылып, сырттан ташылып келип жаткан жардам үчүн бажы жана салык жеңилдиктерин берүү, мамлекеттик аппараттын бюджетин кыскартуу, ыктыярчылар тууралуу мыйзам даярдоо маселелерин көтөрүштү. Ошондой эле банкка карызы бар адамдарга насыя төлөөдө жеңилдик берүү, үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу да сөз болду.

Жолугушууга катышкан активист, алып баруучу Эркин Рыскулбеков президентти "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзамга кол койбоого чакырып, аны ыктыярчылардын баары колдоду.

«Биз барбыз» ыктыярчылар штабынын жетекчиси Урмат Насыкулов жолугушуудан чыккандан кийин «Азаттыкка» комментарий берип жатып өлкөдөгү реалдуу абал мамлекет башчысына толук жетпей жатканын аңдаганын айтып берди:

«Азыркы кырдаал бийлик карантинде убакытты туура эмес пайдаланып, текке кетиргени үчүн болуп жатканы тууралуу маселе көтөрүлдү. Себеби, карантинде бир да оорукана салынган жок, дарыгерлерге коргонуу каражаттары жетиштүү даярдалган жок. Азыр деле дары-дармек, жасалма дем алдыруучу аппараттар (ИВЛ), концентраторлор жетишсиз. Биз жолугушууда бийликтин бул маалыматтардан кабары жок экенин, маалыматтык боштук бар экенин билдик. Көп маалымат туура жетпей жатыптыр. Президент өзү деле мамлекеттик органдар тарабынан балким саботаж болуп, кээ бир нерселер туура эмес жетип жатышы мүмкүн экенин айтты».

Сооронбай Жээнбеков пандемия башталгандан бери карантин убагында карапайым элге тамак-аштан жардам берген, кийин саламаттык сактоо тармагына оорчулук келгенде обсервацияларды ачып, адамдардын үйлөрүн кыдырып элге медициналык жардам көрсөткөн ыктыячылар менен биринчи жолу жолукту.

Журналист, «Элден-элге» жана «Элдик медиктер» кыймылдарынын координатору Тынчтык Алтымышев «президент менен жолуккан демилгелүү топтун өкүлдөрү бийликке кошомат кылбай ачуу чындыкты айттык», - дейт.

«Президент эми өзүнүн ыйгарым укуктарына жараша аракет кылып өкмөттү камчылап, каржы булактарын табыш керек. Өзү деле «баары эле каржыга келип такалууда, экономикабыз да кыйын абалда турат. Ушунан баарын биргелешип чечели» деп айтты. «Электрондук медицинага өтөбүз, Бишкек менен Ошко бирден оорукана салабыз» деди. «Аракет кылам» деген менен биз жолугушуудан чыккандан кийин элдин маанайын көрдүңөр да. Элде ишенич пайда болбой эле тескерисинче «иштин баары ушул бойдон эле калат. Эмне өзгөрмөк эле» деп жазып атышат. Бийликке болгон ишеним кеткени билинип эле турат. «Ырас уккан турбайбы. Силер да айтыптырсыңар. Президентти колдойлу» деген пикир социалдык тармактарда аз».

Президенттин ыктыярчылар менен жолугары 20-июлда белгилүү болгондон кийин социалдык тармактарда мунун айланасында талаш кызыды. Интернет колдонуучуларынын бир тобу бийликке каршылык иретинде ыктыярчыларды жолугушууга барбоого чакырса, экинчи тарабы өлкө башчыга чыныгы абалды айтып, аны чечүү жолдорун сунуштуу керектигин жүйө кылышты.

Маселен, президенттик аппараттан чакыруу алган «Сообща» ыктыярчылар тобунун жетекчиси Айдана Оторбаева жолугушууга баруудан баш тартып, аны бул жыйындан жыйынтык чыкпасы менен түшүндүрдү.

Социалдык тармактын айрым колдонуучулары Кыргызстандагы ооруканаларга борборлоштурулган кычкылтек системасын орнотуп жүргөн ыктыярчы-ишкер Тилек Токтогазиевдин чакырылбай калганына нааразы болушту. Алар муну ишкердин саясий көз карашы менен байланыштырышат. Токтогазиевдин сөзү боюнча, чакыруу келсе, барып президентке антикризистик коомдук кеңеш түзүү сунушун бермек.

Президенттик аппарат жолугушууга чакырылган ыктыярчылардын тизмеси ким тарабынан, кандай түзүлгөнү тууралуу сурообузга жооп бере элек.

Пандемия башталгандан бери президент Жогорку Кеңеште, андан кийин маалыматтык саясат бөлүмү аркылуу элге бир нече жолу видеокайрылуу кылды. "YouTube" порталына илинген видеосу 4000ден ашык дизлайк алып, басма сөз кызматы тасманы өчүрүп, кайра жүктөдү. Муну алар видеонун алдына кастыкты козуткан комментарийлер жазылганы менен түшүндүрүшкөн.

Андан соң 18-июлда КТРКнын «Биринчи радиосуна» маек берди.

Жарандык активист Аманбол Бабакулов өлкө башчынын жана анын аппаратынын акыркы иш-аракеттерине мындай баа берди:

«Президентдин ыктыярчылар менен жолукканы – бул жөн гана ажонун кадыр-баркын көтөрүү жана пиар кылуу үчүн уюштурулган иш. Президент коомдо кадыр-баркын жогорулатып, коомчулуктан пиар издегиси келсе ыктыярчыларды чакырып алып жолукпай алар кандай иштеп жатканын өз көзү менен көрсө жакшы болот эле. Алар машинесине майды кайдан таап куюп жатат, жардамды кайсы жерден алып кайсы жерге жеткирирүүдө деген суроолорго жооп алыш үчүн ыктыярчылардын бир күндүк иши менен таанышып койсо болмок».

Президент кайрылууларында өлкөдөгү абал анын жеке көзөмөлүндө экенин кайталап келет. Социалдык тармактарда болсо өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун отставкасын талап кылган онлайн кол топтоолор болуп жатат.

Саясатчы Бектур Асанов бийликке каршы мындай маанай бул бийликтин жалпы ишине берилген баа экенин, пандемия ага кошул-ташыл болуп жатат деп эсептейт.

«Акыркы эки айда бийликтин кадыр-баркы абдан түшүп кетти. Кыргызстанда бийлик өкмөттө же парламентте эмес. Бийлик иш жүзүндө президентте жана анын аппаратында. Ошондуктан эл парламентти, өкмөттү эмес президент менен аппаратын сындап жатат. Бийлик кадыры кескин түшүп ким гана болбосун социалдык тармактан же башка жерден болобу сындап атат. Ушул учурда президентти жана аппараттынын кадыр-баркын көтөрүү аракети көрүлүүдө. Эгерде бул бийликтин үч жылдагы иши тууралуу айтсам, эл бийликтен алгачкы эки жылда көп үмүт кылды. Өзгөрүүлөр болот деп коом тарабынан чоң колдоо болду. Тилекке каршы, эки жылдан ашык убакытта бийлик экономикада, коомдук чөйрөдө, бир да тармакта реформа кыла алган жок. Бир да прогрессивдүү мыйзам кабыл алына элек. Ошондуктан элдин үмүтү үзүлүп, эпидемия учурунда катуу сындап баштады».

Сооронбай Жээнбеков президент болуп 2017-жылы күзүндө шайланган.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери ондогон демилгелүү топтор коронавирус илдети менен күрөшүүгө салым кошуп жатышат. Алар ооруканаларда орун калбай калганда күндүзгү стационарларды уюштуруп, дарыгерлерди медициналык жабдык, дары-дармек менен камсыз кылууга жардам берип, айрымдары 24 саат бою тез жардамдын кызматын аткарып, абалы оорлошкон бейтаптарды үйүн кыдырып жүрүшөт. Ондогон ыктыярчылар кайрымдуулукка каражат чогултуп, турмушу начар үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратып жатышат.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери бул инфекция 28 251 адамга жукту, алардын 14 776сы айыгып чыкты, 1 079у каза тапты.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG