Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:45

TI: Дүйнөдө коррупция өстү


"Трансперенси Интернешнлдин" жаңы баяндамасында дүйнө өлкөлөрүнүн 69 пайызынын алган баллы 50дөн ылдый болгон.
"Трансперенси Интернешнлдин" жаңы баяндамасында дүйнө өлкөлөрүнүн 69 пайызынын алган баллы 50дөн ылдый болгон.

"Трансперенси Интернешнл" (Тransparency International) жаңы баяндамасында дүйнө өлкөлөрүндө коррупция мурдагыдан өскөнүн да ачыктады. Аталган эл аралык кыймылдын пикиринде, коррупция жана социалдык теңсиздик бири экинчисин күчтөндүрүп, бул өз кезегинде жарандардын популисттик лидерлерди карай ыкташына салым кошууда. Анткен менен популизм да коррупция дартынын туура дабасы эмес.

"Трансперенси Интернешнл" уюмунун 2016-жылдын жыйынтыгы менен даярдалган жаңы баяндамасында камтылган мамлекеттер саны мурдагыдан сегизге көбөйтүлүп, 176га жеткирилген.

Салтка айлангандай эле коррупцияга каршы бул эл аралык кыймыл иликтөө өткөрүлгөн жана сурамжылоо жүргүзүлгөн өлкөлөрдүн мамлекеттик секторундагы коррупция көрсөткүчтөрүн же алар аташкандай “коррупцияны өздөштүрүү индексин” 0дөн 100 баллга чейинки ченем менен эсептейт.

Мында нөл баллдык көрсөткүч мамлекеттик сектордогу коррупция деңгээли абдан жогору, 100 балл абдан төмөн дегенди туюндурат.

"Трансперенси Интернешнлдин" жаңы баяндамасы ошол 176 өлкөнүн 69% алган баллы 50дөн ылдый болгонун ачыктады.

Уюмдун өкүлү Касей Келсо “Азаттык” радиосу менен маегинде белгилегендей, алар муну дүйнө өлкөлөрүндө коррупциянын күчөшү катары баалашууда:

- "Трансперенси Интернешнл" коррупциянын көлөмү жалпысынан өсүп кеткенин аныктады. Биздин “коррупцияны өздөштүрүү” индексибиз боюнча караганда көп өлкөлөрдүн көрсөткүчү начарлады. Алар, андыктан, бул маселеге жана бийликтин коомдогу бөлүштүрүлүшүнө көңүл буруулары керек. Анткени, биз былтыр “Панама кагаздары” деп аталган документтерден бийлиги жана байлыгы барлар мурдагыдан да күчтөнүп, бийлигин глобалдык каржы системасынын алсыз жактарын экспултациялоо үчүн колдонуп келгенине күбө болбодукпу. Биз быйылкы баяндамабызда көңүл бурган 176 өлкөнүн дээрлик 70%нын мамлекеттик секторундагы коррупция дүйнөдө ал канчалык кеңири жайылганын көргөзүүдө.

"Трансперенси Интернешнл" 2016-жылдын жыйынтыгы менен көрсөткүчтөрү эң начарлаган өлкөлөрдүн катарында Бразилияны, Түркияны, Евробиримдиктин мүчөлөрүнөн Венгрияны атаган.

Уюмдун пикиринде, коррупция жана социалдык теңсиздик бири экинчисин күчтөндүрүп, элдин саясий истеблишменттерден көңүлү кайт болуусун шарттоодо.

Бул ошол эле учурда калың калктын “коррупцияны жана артыкчылыктарды жоюуну” убада кылган популисттик лидерлерди карай ыктоосуна салым кошууда. Бирок мындай тенденция, "Трансперенси Интернешнлдин" эсебинде, тескерисинче көйгөйдү кайра тереңдетет.

"Лидерлери популист же автократ өлкөлөрдөн биз көп учурда демократиянын артка кетүүсүнө, жарандык коомду жазалоо аракеттерине, басма сөз эркиндигин чектөөгө, соттун көз карандысыздыгын алсыратууга күбө болобуз”,- деп айтылат "Трансперенси Интернешнлдин" төрагасы Хосе Угастын билдирүүсүндө.

"Трансперенси Интернешнл" коррупция менен бийликтин жана байлыктын тең бөлүштүрүлбөгөн байланышын үзүүнүн жолун бизнес лидерлер менен эң жогорку мамлекеттик кызматчылар ортосунда “айланып турган эшиктин” жабылуусунан көрөт.

Ал ошондой эле өкмөттөрдү арам акчаны адалдоого жардам берген банктар менен компанияларга көзөмөлдү күчөтүүгө, ошондой эле чыныгы ээлерин жашырган фирмаларды жабуу боюнча чараларды баштоого чакырган:

- "Трансперенси Интернешнл" системалык реформалардын зарылдыгын көрүүдө. Биз учурда көтөрүп жаткан маселелердин бири компаниялардагы анонимдүүлүктү ачуу. Жарандык коомдун өкүлдөрү мунун мамлекеттен акча уурдагандардын изин билгизбей куткарып кеткен унаа катары сыпаттап жатышат. Өкмөттөрдөн көпүрө, жол, аэропорт куруу өңдүү ири мамлекеттик контракттар чыныгы ээси жашырылган жасалма компанияларга берилбөөсү талап кылынуусу керек. Адатта алардын артында президенттин кыздары да туруп калып жатпайбы, - деди “Азаттык” менен маегинде "Трансперенси Интернешлдин" өкүлү Касей Келсо.

Мамлекеттик сектордогу коррупция эң төмөн мамлекеттердин алдыңкы сабында Дания, Жаңы Зеландия, Финляндия, Швеция турат.

Ал эми АКШ 18-орунга коюлган. Тизменин түбүндө - Түндүк Корея, Африка өлкөлөрү.

Эски совет аймагынан эң жакшы көрсөткүч Грузияныкы - 57-орун. Орусия былтыркыдан 12 баскычка төмөндөп, 131- орунга түшкөн. Украина, Казакстан да ушул эле орунда. Орусия быйыл да 29 балл алган, бирок орду төмөндөшүн "Трансперенси Интернешнл" быйылкы баяндамада мамлекеттер саны көбөйгөнү менен түшүндүрдү.

Негизинен бул уюмдун көз карашында, КМШ мамлекеттеринде “саясатчылар, прокурорлор, олигархтар арасында жазасыздык маданияты үстөмдүк кылат”.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG