Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:58

Куюн менен жарышкан учак чыгат


Supersonic азыркы самолеттордон эки эсе ылдам учат. Британия шамалдан энергия өндүрчү желтегирмендердин державасына айланды. Беларустар 500 метрге граната ыргытчу гранатомет чыгарды. Жараатты айыктырчу дары желим.

Стамбулдан Бишкекке үч саатта

Америкалык ишкер Блэк Шол (Blake Scholl) азыркы самолеттордон эки эсе ылдам учуучу авиалайнер курат. Анын Дубайдагы форумда маалымдашынча, Baby Boom деп аталган үндөн тез жүрчү учак 55 орундуу болуп, жүргүнчүлөр учактын оң жана сол жак капталында экиден отурат. Бул жүргүнчүлөргө терезеден Жерди алаканга салгандай көрүп турууга мүмкүнчүлүк берет.

“13 жыл мурда токтогон Concorde менен учкан абдан кымбат болчу жана ар бири 20 миң долларлык 100 орунду толтуруу да оңой эмес эле. Биздин баабыз 1-класс жана бизнес класстын баасындай болот. Биз 2023-жылы алгачкы коммерциялык каттамды учурабыз”, - деди Блэк Шол.

Мурда Amazon компаниясын жетектеген Шол мырза 2023-жылы Baby Boom Supersonic учагы менен Нью-Йорктон Лондонго 3 саат 15 мүнөттө учуп жетерин, максаты - бул багыттагы бир каттамдын баасын 2500 доллар кылуу экенин да билдирди.

Бизнес-класс менен, Б. Шолдун айтышынча, жылына эл аралык каттамдарда 20 миллиондон көп адам учат.

Маалымдалганга караганда, Baby Boom Supersonic саатына 2,2 Max же 2335 км аралыкка учат. 13 жыл мурда учканды токтоткон Concorde авиалайнери 2180 км/ саат ылдамдык менен учуучу жана Нью-Йорктон Лондонго 3,5 саатта жетчү. Алты жылдан кийин (2023-жылы) Baby Boom Supersonic учагы менен Абу Дабиден Сиднейге 8 саатта, Токиодон Сан Франциского 5,5 саатта, Лос-Анжелестен Сиднейге 6 саат 45 мүнөттө жетчү болосуз. Supersonic менен Стамбулдан Бишкекке азыркы алты саат ордуна үч саатта жетмексиз. Бул шаарлар арасындагы аралыкты азыр эң ылдам деген учак менен эки эсе көп убакытта жетесиз.

Бүгүн эл аралык жана жергиликтүү каттамдарды тейлеген учактардын баары 1960-жылкы ылдамдык менен учушат.

Блэк Шол 2014-жылы Денвер шаарында негиздеген Boom компаниясы үндөн тез учуучу учакты куруу үчүн инвесторлордон 41 миллион доллар чогултту. Бүгүнкү күнгө карай 200 миллион долларлык Baby Boom авиалайнерин сатып алганга 25 кардар заказ берген. Кардарлардын ичинде орбитага жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн негизделген Virgin Galactic компаниясынын башчысы Ричард Брэнсон (Richard Branson) да бар. Ал он даана үндөн ылдам тез учуучу авиалайнерди сатып алганга келишим түзгөн. Сэр Брэнсон ар бир жүргүнчүнү Жердин орбитасына саякатка 250 000 долларга учурат.

Baby Boom Supersonic долбооруна капитал салган инвесторлордун арасында 8VC, Caffeinated Capital, Palm Drive Ventures, RRE Ventures жана YC’s Continuity Fund компаниялары бар.

(Булагы: http://www.thenational.ae, http://www.news.com.au, https://techcrunch.com)

Шамалды электр кубатына айланткан деңиз тегирмени

Британия шамалдын энергиясын пайдалануу боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты. Буга Ирландия деңизинин Ливерпуль шаары тараптагы жээгинде шамал менен иштөөчү 32-генераторду куруп, пайдаланууга берүү өбөлгө түздү.

Burbo Bank деп аталган энергетикалык чарбанын шамалдан иштечү генераторлорун Даниянын Dong Energy компаниясы монтаждап ишке киргизди. Генераторлор бийиктиги 195 метрлик мунаранын башына орнотулган. Анын барасынын узундугу 80 метр. Шамал менен иштечү ар бир генератордун парасы бир айланганда орто чоңдуктагы үй 29 саатта керектечү электр кубатын иштеп чыгат. Бардык 32 турбина 230 миң үйдү электр менен камсыздайт. Деңизде жайгашкан бул чарбанын жалпы аянты 40 чарчы км.

Burbo Bank энергочарбасын кошкондо Британия боюнча жылына 5,3 гиговатт экологиялык жактан таза энергия өндүрүлөт. Бул энергия орточо 4,3 миллион турак үйгө жетет.

Burbo Bank чарбасындагы ар бир 8 МВт турбина мындан он жыл мурда ишке кирген коңшулаш энергочарбадагы турбиналардан эки эсе көп электр кубатын өндүрөт.

“Бул энергетика технологиясы он жылдан бери канчалык алга кеткенин даана көргөзүп турат”,- дейт Dong Energy компаниясынын Британиядагы менеджери Бенжамин Сайкес (Benjamin Sykes).

Жакында эле Dong Energy компаниясы жел менен иштечү электростанцияларды куруу боюнча Германия менен келишим түзгөн. Германиядагы электр станциялардын курулушу бүткөн кезде кубаттуулугу азыркыдан алда канча чоң 13-15 мегаваттык жел же шамал менен иштечү генераторлор монтажга даяр болот.

Деңизде орнотулган энергетикалык жел тегирмендердин кубаттуулугу өскөнү менен алардын наркы арзандап баратат. Соңку изилдөө көрсөткөндөй, 2012-жылдан бери алардын баасы үчтөн бирге (1/3) арзандаган.

Азыр Британияда энергия өндүрчү дагы сегиз жел тегирмен курулууда. Быйыл жайда Британ өкмөтү толукталып турчу энергия булактарын өндүрүү боюнча 360 миллион долларлык тендердин жыйынтыгын жарыялайт. Британ өкмөтү офшордук аймакта электр энергиясын өндүрүүнү субсидия жана башка жеңилдиктер менен колдойт.

(Булагы: https://www.theguardian.com, http://www.independent.co.uk)

Беларустардын жаңы гранатасы

Жакында Минск шаарында өткөн MILEX 2017 деп аталган эл аралык көргөзмөдө аскерий адистер жаңы граната аткычка көңүл бурушту. ММ-60 деп аталган жаңы гранатомет беларустардын “БСВТ-ВВ” ишканасында жасалган. Граната атылгандан кийинки гранатометтун салмагы 4 килограмм. Анын гранатаны атканда багыттачу системасынын салмагы 1 кг. Гранатометтун башкаруу системасы дүрбүсү жана инфракызыл бутага алчу нурдун жардамы менен душманды тааный алат. Береги “адам факторуна” таянбаган система гранатометко 500 метрге чейинки аралыктагы бутаны таамай сокконго мүмкүндүк берет.

"Акыркы жылдардагы куралдуу калабаларды, дүйнөлүк базарды жана потенциалдуу кардарлардын талабын эске алып, салмагы 4-5 килограммдык жеңил гранатометторго кызыгуу абдан чоң экенин аныктадык. Биздин гранатометтун калибири 60 мм, салмагы дүрбү системасы жокто 4 килограммга жакын болот жана толук салмагы 5 кг", - деп билдирген “БСВТ-ВВ” ишканасынын расмий өкүлү.

Бул гранатомет түрдүү буталарды, анын ичинде аскерлерди, имараттарды жана чопкутталган аскерий техниканы жок кылганга колдонуларын айтат адистер.

Жаңы гранатометто оптикалык дүрбүсүнөн башка да түндө көрчү турнабайы же бутага алынган объекттин бетиндеги температураны аныктоочу шайманы да бар.

Расмий маалымдалганга караганда, ММ-60 гранатомету 2018-жылы толук сыноодон өткөрүлүп бүтөтт.

Экс-советтик өлкөлөрдө ушул күнгө чейин кеңири колдонулган “Муха” деп аталган РПГ-18 реактивдүү гранатомет 200 метр аралыктагы бутаны жок кылат. (Булагы: http://www.janes.com, https://russianmilitaryanalysis.wordpress.com)

Жараатты айыктырчу дары желим

Жараатты так калтырбай айыктырчу медициналык желимди Түштүк Кореянын Пхохан университетинин окумуштуусу Хён Жун Ча (Hyung Joon Cha, Pohang University of Science and Technology) кесиптештери менен чогуу жасаган. Суюк желимге жумшак денелүү үлүлдөргө окшош аска таштарга жабышчу моллюскалардын мидии түркүмү (лат. Mytilus) негиз болду. Береги моллюскалар биссус деген ичке белок жипти бөлөт. Ал жиптин жардамы менен мидийлер жана башка моллюскалар аска таштарга жабышып, үйүр-үйүр болуп жашайт.

Түштүк кореялык окумуштуулар биссус бөлгөн жабышкаак заттын негизинде курамында дермантансульфаты бар жаңы материалды алышты. Бул жаңы материал коллаген белогу сыяктуу терини калыбына келтиргенге жардамдашат.

Береги желим материал келемиштердин жараатын айыктырууга колдонулуп, айбандын денесиндеги терең жараат бир айга жетпей (28 күндө) дээрлик изи калбай айыккан. Тактап айтканда, желимди колдонгондо 11 күндөн кийин келемиштин жараатынын 99% айыкса, көзөмөл группадагы келемиштердин жарааты 78% айыккан. Ал эми 28 күндөн кийин жараат изи калбай айыккан. Көзөмөл группадагы келемиштердин жарасы айыкканы менен, жарааттын орду кызгылтым тырык болуп бүткөн.

Келемиштин териси кишинин терисинен бир кыйла айырмаланат. Ошого аны кишинин жараатын айыктырганга колдонууга мүмкүнбү же жокпу, аны аныктоо үчүн дагы бир топ изилдөө жүргүзүлүшү абзел. Окумуштуулар эмки экспериментте дарылоочу желимди чочконун жараатын айыктыруу үчүн пайдаланышат. Себеби келемиштин терисинин түзүлүшү чочконун терисинин түзүлүшүнө бир кыйла эле жакын.

(Булагы: https://www.sciencealert.com, https://www.ncbi.nlm.nih.gov)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG