Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:41

Кытай Тажикстанга аскер базасын курабы?


Кытай жана тажик жоокеринин кол күрөшү.
Кытай жана тажик жоокеринин кол күрөшү.

Кумтөр кени боюнча Канада бийлигин сындаган даректүү тасма чыкты, кыргызстандыктар кайсы партияга добуш берерин билишпейт, Кытай Тажикстанга аскерий база курабы?

Кумтөр Канада бийлигинин бетине көө жабууда

Канадалык журналисттер Бриджит Ноэл менен Мэтт Жойсинин "Кумтөр" аттуу даректүү тасмасы жарык көрдү. Бул тууралуу экологиялык көйгөйлөрдү жазган "The Third Pole" басылмасы кабарлады.

Аталган тасма Канада кино академиясынын Prix Gémeaux аттуу сыйлыгына "Жаратылыш, илим жана айлана-чөйрөнү коргоого арналган эң мыкты даректүү тасма" наамына татыды.

Фильмдин авторлору Канада бийлигинин Кыргызстандагы экологиялык кыйынчылыктарга, коррупцияга, криминалдык чөйрөгө кол шилтеген мамилесин таасын чагылдырууга аракет кылган.

Тасма алгач эки журналисттин Кумтөр кенин кайтаргандардан качканын чагылдырган эпизод менен башталып, окуялардын баары документтер, фактылар менен тастыкталып отурат.

"Канаданын эл аралык аброю өтө күчтүү. Бирок Кыргызстанда биз өзүбүздүн канадалык экенибизге сыймыктана албай, тескерисинче кысынып жүрдүк. Себеби, биздин бийлик Кумтөрдө болуп жаткан мыйзам бузууга, экологиялык апааттарга, жергиликтүү элдин ыйына көз жуумп жатат", - дешкен.

Тасма тартууда алар тушуккан кыйынчылыктар, белгисиз тараптардын куугунтугу тууралуу макалада кеңири айтылып, Кумтөр кенин иштетүүнүн айынан Кыргызстанда келип чыккан экологиялык оор жагдайлар тартылган.

Өлкөдөгү эң чоң мөңгүлөрдүн жок болуусуна салым кошуп, 1998-жылы Барскоон капчыгайында кен казууда колдонулган уулуу заттардын дарыяга агып кеткени, андан башталган соттук териштирүүлөр, көптөгөн активисттердин камакка алынышы, аягы көрүнбөгөн соттук иштер, "Centerra Gold" компаниясынын кыргыз бийлиги менен коррупциялык кызматташтыгы чагылдырылды.

Ноэл менен Жойсин Канадага кайтып барганда бул өлкөнүн өкмөтүнө Кумтөр боюнча берген суроолору жоопсуз калган. Көрөрман фильм дал ушул жерден бүтөт деп ойлосо да, окуя кайра уланып, авторлор Канада бийлигиндеги партиялардын чет жактагы кен казууларга кайдыгер карап келатканын, өлкө сыртындагы мыйзамсыз иштерге катышканын санап, 2010-жылы консерваторлор партиясы канадалык компаниялардын чет жакта кен казуусун тыюуну колдогон Либералдар партиясы даярдаган мыйзамды четке какканын мисал келтиришкен.

Авторлор басылмага "Кумтөр" тасмасы Канаданын бардык окуу жайларында көрсөтүлүп, экологияга болгон кайдыгерликти токтотууга жарандык коомчулукту ойготсо деген тилегин айтышкан.

Кыргызстандыктар кайсы партияга добуш берерин билишпейт

"The Diplomat" аналитикалык журналынын талдоочусу Кэтрин Пуз АКШдагы Эл аралык республикалык институттун сурамжылоо жана байкоо борборунун (IRI) Кыргызстандагы саясий абал, алдыдагы шайлоого байланыштуу анализине кайрылган.

"4-сентябрда Кыргызстанда бир айдан кийин боло турган парламенттик шайлоонун үгүт иштери башталат. Бирок шайлоочулардын дээрлик 75% кайсы партияны тандай турганын билбейт.

Сурамжылоодо аймактардагы кыргызстандыктардын 41% бийликтин багытын туура деп тапса, бишкектиктердин 88% туура эмес, Ош шаарынын 79% бийлик туура жолдо баратат деп жооп берген.

2017-жылы Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайланганда сурамжылоого катышкандардын 66% башкаруу багытын туура десе, 2019-жылы 52% башкарууга нааразы болуп чыкты. "Бийликтин коронавируска каршы чаралары канааттандырабы?", - деген суроого 32% "абдан канааттандырат" десе, 64% "канааттандырбайт" деген.

Сурамжылоонун негизинде шайлоочулар саясий өзгөрүүнү каалаганы аныкталып, алардын 77% добуш берүүгө бара турганын билдиргени менен "кайсы партия алар күткөн үмүттү актай алат" деген суроого жооп табуу кыйын болду. "Эгер парламенттик шайлоо бүгүн болсо, кайсы партияга добуш бересиз?" деген суроого катышуучулардын 27% жооп бере албаса, 15% "баарына каршы" болобуз деди.

Сурамжылоо августтун башында ишке ашкан. Албетте, бул шарттуу түрдө жүргүзүлгөн изилдөө, ошентсе да кыргызстандык шайлоочулар добуш берүүгө бара турганы, анан да азыркы бийликтин саясатына канааттанбаганын аныктады" , - деп жазат уюштуруучулар.

Пентагон: Кытай Тажикстанга аскер базасын курушу мүмкүн

"Eurasinet" онлайн басылмасы Пентагондун отчету тууралуу жазып, анда Кытайдын элдик куткаруучу армиясы азыркы тапта көмүскө иш- аракеттерди жасап жатканы, жакынкы күндөрдө "аскерий жүктөрдүн логистикасын камсыз кылчу" бир база курулушу мүмкүн экени белгиленген.

1-сентябрда АКШ Конгрессинде Пентагон: "Бээжин аскерий кубатын арттыруу үчүн чет өлкөлөргө багытын бура баштады.

Тажикстан Кытай аскерий базасын жайгаштыргысы келген ыктымал 12 өлкөнүн тизмесинде турат", - деген маалыматты таратты. Азыркы тапта Кытайдын Чыгыш Африкадагы Жибути өлкөсүндө гана базасы бар.

Жыл башында "Washington Post" гезити да Бээжин Ооганстандагы кызыкчылыгы үчүн Тажикстанда база ачышы ыктымал экенин кабарлап, Шинжаң менен чектешкен тажик-кытай чек арасындагы 2016-жылы Бээжин курган эки кабаттуу имараттагы кытайлык аскерлердин спутниктен тартылган сүрөттөрүн чыгарган.

2019-жылы Тажикстанда эки өлкөнүн аскерлери биргелешкен машыгууларды уюштурган Ал арада Кытайдын Тажикстанга берген аскерий жардамы акыркы жылдары көбөйгөн, буга кошумча Дүйшөмбү Бээжинге 1,2 миллиард доллар бересе.

Пентагондун отчетунда Тажикстанда Шинжаңдагыдай адамдын жүзүн таануучу система орнотулуп жатканы, чөлкөмдө Кытайдын Элдик куткаруучу армиясынын күчөгөн таасирине басым жасалган.

Коронавирустун вакцинасы кийинки жылдын ортосунда чыгышы мүмкүн


"Evening Standard" гезити Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун коронавирустун вакцинасын чыгаруу тууралуу билдирүүсүн жарыялады. Уюмдун басма сөз катчысы Маргарет Харрис буга чейин чыккан Оксфорд университети менен "AstraZeneca" компаниясынын, Орусиянын вакциналарынын таасири 50% гана аныкталганын билдирди.

Харрис өз билдирүүсүндө "Жаңы вакциналар азыр бир топ адамга сыналды, бирок анын таасири, коопсуздугу дале бүдөмүк бойдон. Келерки жылдын ортосуна чейин вакцина жалпыга жеткиликтүү болору күмөн", - деди.

Анын алдында АКШнын саламаттык сактоо тармагындагылар Pfizer компаниясынын вакцинасы октябрда даяр болорун жарыялаган эле.

ДССУ кокус вакцина ийгиликтүү чыкса, анда дүйнөнүн чар тарабына адилет таратылышы керектигин эскертти.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG