Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:17

Лондон: Назарбаевдики деген хан сарай ээн турат


Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (18-25-ноябрь).

"Business Insider" басылмасы Лондондогу миллиардерлер көчөсү делген Бишопс авеньюда жайгашкан 75 миллион долларлык хан сарайдын көмүскө ээси Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев болушу мүмкүн экенин жазды.

1990-жылдардын башында түркиялык ишкер Халис Топрак салган бул ак сарай ошондо эле баасынын кымбаттыгы менен атагы чыккан. 2008-жылы кыймылсыз мүлк базарына коюлуп, 50 миллион фунт стерлингге бааланып, Британиядагы эң кымбат турак жай деп бааланган. Себеби анда миңге чукул адамды батыргыдай конок залы, алтымыш киши бир түшчү бассейни бар. Учурунда аны сатып алган, өзүн коомчулукка ачык айткысы келбеген жаңы ээси СССРдин лидери Михаил Горбачевду, Сауд Арабиясынын падышалары баштаган 700 мейманды чакырып, чоң той берген. Горбачев кийин бул тойго аны Маргарет Тетчер чакырганын, бирок англис премьер-министри ооруп калып, салтанатка катышпай калганын айтып берген.

2008-жылдын январында Казакстандын улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси Алнур Мусаев "London Times" гезитине бул хан сарай Нурсултан Назарбаевге таандык экенин маалымдаган. Бирок анын расмий ээси теги казакстандык, иран улутундагы Хүрие Перамаа аттуу айым деп катталганы менен ал жөн гана "калканч" экенин айтып чыкканы бар. Мусаевдин бул билдирүүсүнөн кийин Перамаанын уулу Хусейн Гандехари “Назарбаев менен эч кандай байланышыбыз жок” деген. Расмий документтер боюнча Бишпос авеньюдагы Халис Топрак салган килейген "Топрак хан сарайы" Британиянын Виргин аралдары менен Түштүк Африкада катталган "Velocity Investment Holdings Limited" компаниясына таандык. 2018-жылы журналисттер бул үй дал ушул аралдардагы офшордук "Hartwood Resources" компаниясынын эсебинде экенин аныктап чыгышкан эле. Эмнеси болсо да "Назарбаевге сатылды" делген "миллиардерлер көчөсүндөгү" хан сарайда азыр эч ким жашабайт. Ушундан улам басылма баяндагандай, кароосуз калган имарат четинен урай баштаган.

Өзбекстан: саясий партиялардын биринчи дебаты

Өзбекстанда 22-декабрда өтчү парламенттик шайлоону утурлай өлкөдөгү беш партия алгачкы дебатка чыгышты. "The Diplomat" журналы партия лидерлерине 2,5 мүнөттөн убакыт берилип, журналисттер, блогерлердин суроолоруна жооп кайтарышканын кабарлайт.

Дебат маалында Өзбекстандын Евразия Экономикалык Биримдигине кирүүсүн колдогон Либерал демократиялык партиянын сунуштарын да угушту. Ал эми "Улуттук кайра жаралуу" партиясы либерал демократтардын бул сунушуна каршы экенин билдирди. Ички маселелерге келгенде журналисттер партия мүчөлөрүнөн өлкө ичинде өсүп жаткан баалар, киши башына кирешенин азайышына байланыштуу суроолорду беришти. Элдик демократиялык партиянын өкүлдөрү бул суроого Ташкенттеги беш кишиден турган бир үй-бүлө айына болжол менен 250 долларга жашайт деп жооп берери менен оппонент партиялардын катуу сынына кабылды. Минималдуу керектөөнү так аныктап алмайын мындай божомолдорду жасоо туура эмес деп чыгышты. Президент Шавкат Мирзиёевдин Либерал демократтар партиясы менен оппозициялык делген "Улуттук кайра жаралуу" партиясы шайлоодон кийин коалиция түзөрү да кыйытылды. Жалпысынан дебат тынч өткөнү менен өзбек журналистикасында жаңы толкунду ойготуп, парламентке ат салышкандарга жалтанбай суроо берүүгө шарт түзгөнүн баяндайт басылма.

Түркия: жакырчылыктын айынан жанын кыйгандар

Атактуу түркиялык жазуучу Элиф Шафак Британияда чыккан "The Guardian" гезитине Түркиядагы жакырчылыкка чыдабай өз жанын кыйып жаткан үй-бүлөлөр тууралуу ой толгоосун жазды. Элиф Шафак: "Бир нече апта мурда Стамбулдагы салтты бекем туткан Фатих районунда 60 жаштагы эркек менен анын 48 жаштагы жубайы уу ичип алып, жанын кыйышкан. Коңшулары акыркы мезгилде акчадан абдан кыйналып, музыка мугалими болуп иштеген бир тууганынын тапканы менен эле өп-чап күн көрүп жатышканын, карызы көбөйгөндөн улам өз жанын кыйышы мүмкүн деп айтып чыгышты. Бир үй-бүлөнүн мындай ишке барышы түрк коомчулугунда кызуу талкууну жаратып, алардын өлүмүн саясатташтыргандар да болду. Быйыл Түркияда жарыктын баасы 10 эсе кымбаттады. Жаштардын жумушсуздугу 27% жетти. Бирок мамлекеттик басма сөз жакырчылыктан улам өз жанын кыйды дегенди четке какты.

Вице-президент Фуат Окай: "Ачка калып өлүп калышты деп жатышат. Өлкөдө кимдир бирөө жакырчылыктан өлгөнүн уга элекпиз", - деген билдирүү жасады. Жубайлар өлгөндүн эртеси эле Анталияда тогуз жаштагы эки баласы менен дагы бир жубайлар дарыдан көп ичип, көз жумушту. Балдардын атасы көптөн бери иш таба албай кыйналып, карызга батып жүргөн экен. 2012-жылдан бери Түркияда суицидге баргандардын саны кескин көбөйдү. 2018-жылы өлкөдө 3 161 адам өз жанын кыйган. Күнүгө 8 киши өзүн өлтүрүп тынат. Бирок бийлик өлкөдөгү социалдык, экономикалык кырдаал курчуп жатат дегендерди катуу жазалоо менен алек.

"Bloomberg" телеканалынын эки кабарчысы жакында финансылык кырдаал боюнча "жалган маалымат таратты" деген айыптоо менен сот жообуна тартылып, "жашыруун агент" деген атка конушту. Социалдык медиада лиранын куну качты деп жазып чыккан 36 жаранды да сотко беришти. Жумушсуздук, жакырчылык тууралуу сөз болгондо баарыбыз эле статистикалык маалыматты издеп калабыз. Бирок ар бир сандын артында адам тагдыры турганын бийлик унутууда. Каржылык кризис, саясий туруксуздук жарандардын көз карашына катуу таасир этип, келечекке болгон үмүтүн талкалап жатканын ойлогондор аз", - деп жазган.

Климаттын өзгөрүүсү 7,9 триллион доллар зыян тарттырат

Катарда чыккан "The Gulf Times" гезити планетадагы кургакчылык, суу каптоо күчөй берсе 21-кылымдын ортосуна чейин дүйнө 7,9 триллион доллар зыян тартат деген маалыматты чыгарды.

Түтүнгө чулганган Бишкек
Түтүнгө чулганган Бишкек

Эл аралык экономикалык чалгындоо башкармалыгы дүйнөдөгү экономикасы өнүккөн 82 өлкөнүн 2050-жылга чейинки абалын анализдеген. Абанын табынын жогорулоосу ички дүң өнүмдү 3% азайтары аныкталды. Африкадагы өлкөлөрдүн ички дүң өнүмү эң көп жабыркап, 4,7% чейин түшөт. Мындай кырдаалдан жакыр өлкөлөр кыйналат. Башкармалыктын аналитика бөлүмүнүн директору Жон Фергюсон: "Байлык өтө маанилүү. Себеби бай өлкөлөрдүн экономикасы экологиялык каатчылыктан оңой чыга алат", - деген аныктама берди. Жаратылыштын өзгөрүүсү Анголанын ички дүң өнүмүн 6,1%, Нигерияныкын 5,9%, Египеттикин 5,5%, Бангладештикин 5,4%, Венесуэланыкын 5,1 пайызга азайтат. Орусия коңшулаш жайгашкан өлкөлөрү менен чогуу экологиялык каатчылыктын азабын тартарын жазган басылма оор кырдаалдан чыгыш үчүн байгер өлкөлөр менен жакыр дүйнө тыгыз кызматташы керектиги белгиленген.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG